Жерге-Талдагы Нооруз
Нооруз күнү Жерге-Талда балдар эле эмес чоңдор дагы бышкан жумуртканы кагыштырып мелдешет. Кимдин жумурткасы тез жарылса оюндан чыгып, өз жумурткасын уткан кишиге берет. Бул оюнду ирандыктар дагы христиандардын Пасха майрамындагыдай кызыл-тазыл боёлгон жумурткалар менен ойношот.
Шабдан Боронов Нооруз менен куттуктаган плакаттын алдында классташтарынын ортосунда сүрөткө түшүп жатат. Оңдо Шабдандын чоң атасы Хамид Бороновдун тажик президенти Эмомали Рахмон менен түшкөн сүрөтү. Шабдан Жайылган айылындагы мектепте окуйт.
Орус тил мугалими Жыпар Каченова (солдо) Ноорузга карата окуучуларынын даярдыгына көз салып турат. Каченова Кыргызстанда жогорку окуу жайды аяктаган соң Жерге-Талга орус тили жана адабиятынан мугалим болуп келген. Ал ошондой эле мектептеги музыкалык кружокту дагы жетектейт.
Жерге-Талдын борборунда эркектер Нооруз майрамына кетмен көтөрүп парадга катышканы баратышат. Бул күнү таң эрте айылдарга атайын автобустар жөнөтүлүп, айыл аксакалдарын, эмгек ардагерлерин, мугалимдерди, жаштарды райборборго майрамга ташыйт.
Бийчи кыздар майрамда өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө баратышат. Ары жакта майрамга келген аскерлердин калың тобу турат.
Милиция кызматкери эл майрамга чогулган аэропорттун эски аянтына көз салууда.
Нооруз майрамына чек аралаш Чоң Алайдан расмий делегация чакырылат.
Кыргызстандан барган өкүл жергеталдыктарга куттуктоо сөзүн айтууда. Солдо - Жерге-Тал районунун акими Умидзода Зоев.
Райондогу бардык айыл-кыштактардан Ноорузга музыкалык топтор келишет. Таанымал өнөрпоздордун аткара турган ырлары алдын ала жаздырылып даярдалат.
Жайылган айылынын бийчи балдары. Жерге-Талда эркек балдар кыздар менен теңтайлаш бийлешет.
Концертте ар кыл улуттук топтор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бир канча номерлерди чогуу аткарышат.
Кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздар өз кезегин күтүүдө.
Кичинекей бийчилер Кыргызстан менен Казакстанда өтө популярдуу болгон Кара жоргону аткарууда.
Нооруз майрамында жаңы баш кошкон түгөйлөргө нике күбөлүгүн тапшыруу салтка айланган.
Жаңы баш кошкон түгөйлөр.
Көргөзмөгө илинген килемдин алдында телефон менен сүйлөшкөн келин.
Концерт аяктагандан кийин балбандар күрөшкө чыгып, элдин бүйүрүн кызыткан мелдеш кечке чейин уланат.
Калың элдин сүрөөсүндө күрөшкө чыккандар арасында коңшу райондордон, Кыргызстандан келген жоон билек балбандар бар. Каш карайгыча мелдешти көргөндөр тарабайт, арасында бак-даракка чыгып алгандары да болот.
Күрөштүн кызуусуна баткан эркектер айрым учурда кызуу кандуулукка алдырып, милиция арачалайт.
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Нооруз майрамы