11-сентябрь: Америка жергесиндеги апааттын элеси

Фотограф Сара Швиттек 2001-жылы 11-сентябрда  террорчулар айдап качкан учак менен Дүйнөлүк соода уюмунун экинчи мунарасына келип урунганда имарат жалынга чулганганын тартып калган. Чабуулда 3000дей кишинин каны төгүлүп, дүйнөдө терроризмге каршы күрөштү күчөтүп, глобалдык коопсуздук маселесин көтөргөн. 11-сентябрь - 23 жыл мурунку апаатты эске салып, америкалыктардын каармандыгын көрсөтөт. 

АКШнын президенти Жорж Бушка Флорида штатындагы сапары маалында администрациясынын башчысы Эндрю Кард Дүйнөлүк соода борборуна чабуул болгонун айтып жатат. 
 

Нью-Йорктогу Эмпайр-стейт мунарасынын артында Дүйнөлүк соода борбору жайгашкан Эгиз мунарадан уюган кара түтүн чыгып жатат. Бул көрүнүш тартылган видео дүйнөгө тараган. Бул маалда өрт өчүрүүчүлөр жеринде иштеп жатышкан. 

Жалын менен түтүнгө чулганган мунаралардын ичиндегилер кол булгалап, жардам сурап жатышат. 

«Кулап бараткан киши» деген сүрөт мунаранын ичинде калгандар кандай азапка кабылганын таасын чагылдырат. 

Асман тиреген имараттардын бири ураганда андан чачырап түшкөн калдыктардан качып бараткандар. 

Бир нече мүнөттөн кийин урандыларга толгон, түтүн каптаган көчөлөрдөн бети-башын чүмкөгөн кишилер кетип баратат. 

Марси Бордерс Эгиз мунарынын түштүк тарабындагы имарат кулаганда аман-эсен тышка чыкканга үлгүргөн. Чаң менен ышка чулганган аялдын сүрөтүн фотографтар тартып калган.  

 

Куткаруучу тик учак Вашингтондун сыртындагы Пентагондун устүнөн айланып, кыйраган имаратка көз салып жатат. Террористтер American Airlines авиакомпаниясынын учагын 59 жүргүнчүсү жана экипажы менен барымтага алып, АКШдагы аскердик күчтөрдүн штаб-квартирасын келип сүзгөн. Имараттын ичинде 125 киши набыт болгон. 

Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун биринчи мунарасы кулагандан болжол менен 30 мүнөт өткөндөн кийин экинчи мунара кыйрап, чаң жана кара түтүн асманга көтөрүлүп жатканын тургундар, полиция кызматкерлери карап турушат.

Кыйраган эки мунаранын ортосунда желге желбиреп турган АКШнын желеги. 

Өрт өчүрүүчүлөр кулаган мунаранын ичинен аман калгандарды издешкен. Андан кийин урандыларды тазалоо иштери баштаган. 

 

Нью-Йорктогу Белвью ооруканасында дубалга илинген дайынсыздардын сүрөттөрү, 16- сентябрь. Куткаруучулар, жоголгондордун жакындары бир нече ай бою урандылаларды тазалап, жакындарын издешкен. 

Нью-Йорктун полициясы New York Post гезитинин 18-сентябрда чыккан саны илинген жерде турушат. Гезит биринчи бетине "Аль-Каиданын" лидери Усам бен Ладендин сүрөтүн басып чыгарган. 

Өрт өчүрүүчү 28-сентябрдагы эскерүү иш-чарасында жабыркагандардын жакындары коюп кеткен буюм-тайымдарды жыйнап жатат. 

Жалгыз полиция кызматкери бир жылдан кийин апааттын курмандыктарын эскерип, аза күтүп отурат. Терактта башкалардын өмүрүн сактап калууга келген 343 өрт өчүрүүчү, 23 полиция кызматкери жана 37 догдур, парамедиктер курман болгон. 

2023-жылы тургундар 11-сентябрь музейине келип, Эгиз мунаранын элесин берген жарыктын алдына туруп, 22 жыл мурунку апааттын курмандыктарын эскеришти. 

2001-жылы 11-сентябрда террористтер төрт учакты айдап качып, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору жайгашкан Эгиз мунараны, Вашингтондун жанындагы Пентагонду сүзүп, бир учак Пенсильванияда талаада кыйраган. Кандуу чабуулда 3000дей кишинин өмүрү кыйылып, АКШ тарыхындагы эң ири теракт болгон.