Комиссия бир жылдын ичинде судьялардын үстүнөн түшкөн арыздардын ичинен 246 дат боюнча кызматтык териштирүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында комиссиянын сунушу менен беш судья мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулуп, төрт судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова алгач 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын октябрь айына чейин соттордун үстүнөн түшкөн арыздарга токтолду:
- 1700 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 1060 кайрылуу кайтарылып берилген. 246 дат боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, 74 судьяга тартип жазасы чектелген. 172 кайрылуу канааттандыруусуз калтырылып, чара көрүүдөн баш тартылган.
Тартип жазасына тартылган 74 судьянын ичинен 44үнө алдын-ала эскертүү, 17сине эскертүү берилип, сегиз судьяга сөгүш жарыяланган. Дагы төрт судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилип, бир арыз канааттандырылган эмес. Ошондой эле беш судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу боюнча сунуш киргизилген.
Жазага кириптер болгондордун арасында өлкөдөгү райондук, облустук, шаардык соттордон тартып Жогорку соттун судьяларына чейин бар. Алардын ичинен Бишкек шаардык сотунун 34, Чүй облустук сотунун 21 судьясына чара көрүлгөн. Жогорку соттун судьяларына карата эки алдын-ала чара көрүлгөн. Бирок соттордун баарынын аты-жөнү жана алар кайсы катасы үчүн жоопкерчиликке тартылганы ачык айтылган жок.
Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Чынара Мусабекова кызматтан алынган айрым судьялар кандай мыйзамдарды бузганы тууралуу учкай маалымат берди:
- Мөөнөтүнөн мурун жумуштан алынган беш судья өз ишине кийлигишүүгө жол беришкен. Мисалы, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Оморова кызматтан алынды. Биринчи май райондук сотунун судьясы эмгек тартибин системалуу бузганы жана процессуалдык эрежелерди бузганы үчүн жумуштан алынды. Андан башка да сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту бузганы үчүн кызматтан алынгандар бар.
Судьялар кызматтык милдеттерин аткарууда жана кызматтан тышкары убакта жасаган мыйзамсыз иштери үчүн жоопкерчиликке тартылат. Маселен, судья сот адилеттигин ишке ашырууда мыйзамдуулукту, судьянын абийир кодексин бузса, кеңешүү бөлмөсүндөгү жана жабык каралган сот жыйынындагы сырларды ачыкка чыгарса Тартип комиссиясында иши каралат.
Андан тышкары чечим кабыл алууда өз ишине башкаларды кийлигиштирип, мүлкү, киреше-чыгашасы тууралуу убагында декларация толтурбаган, эмгек тартибин бузган жана «Судьялардын статусу жөнүндө» мыйзамды сактабаган судьялар жоопкерчиликке тартылат.
Тартип комиссиясы ишин баштагандан бери эле анын дарегине «окшош иш боюнча эле эки башка чечим кабыл алат, көзөмөлсүз жабык орган жана комиссиянын колу тийгис соттор бар» деген сын-пикирлер айтылып жүрөт. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да ушундай дооматтарды койду:
- Тартип комиссиясы - жабык, көзөмөлсүз орган. Алар чыгарган чечимин коомчулукка ачык жарыялоого милдеттүү. Бирок аны менен да тааныша албайсың. Сайты да жок. Алар тигил же бул чечимди эмненин негизинде кабыл алышканы, дегеле эмне менен алек болуп жатканы белгисиз. Керек болсо арыздардын көбүн карашпайт. Тартип комиссиясы - соттордун жоопкерчилигин караган орган эмес, сотторду жоопкерчиликтен куткара турган орган. Жалпылап айтканда бул комиссия сот системасындагы башаламандыкты жайгара турган мекеме.
Былтыр Башкы прокуратура Жогорку соттун үч судьясы Арзыбек Акыевге, Качыке Эсенкановго, Каныбек Бокоевге кылмыш ишин козгогону кабарланган. «Адамдын эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган» деп кине коюлган бул судьялардын ичинен Тартип комиссиясы Арзыбек Акыевге сөгүш берип, калган экөөнө чара көрүлгөн эмес.
Кымбат Архарова муну прокуратура Акыевге гана чара көрүүнү өтүнүп кайрылганы менен түшүндүрүп, комиссиянын ишине айтылган сынга жооп берди:
- Жок. Бул чындыкка дал келбейт. Бизде «сүймөнчүк» деген судьялар жок. Соттордун ар бир кылган кыймыл-аракетине, жасаган ишине карата чара көрөбүз. Мыйзам бузуу болсо болду, болбосо жоопкерчилигин карабайбыз. Мисалы, кээ бир судьялардын кыймыл-аракетине жараша 2-3 жолу тартип чарасы көрүлгөн. Эгер одоно мыйзам бузуу болсо аларга катуу чара көрөбүз.
Тартип комиссиясы - 9 мүчөдөн турган өз алдынча орган. Азыр анда сегиз киши иштеп жатат. Комиссия президент, парламент, Судьялар кеңеши көрсөткөн талапкерлерден куралат.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Кенжебек Бокоев Тартип комиссиясынын иши тууралуу өз оюн ортого салды:
- Ар бир орган бирөөнүн алдында отчет бериши керек. Маселенин баары эч кимге отчет бербегенде башталат. Тартип комиссиясын Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат алса болот. Бирок ал иш жасала элек. Алар да бирөөнүн алдында маалымат бериши керек. Анткени Жогорку соттун төрагасы да бир жылда бир жолу келип комитетке маалымат берет. Ошонун чегинде Тартип комиссиясынын да маалыматын уксак болот. Бирок ал жаңы түзүлгөндүктөн парламенттин колу жетпей турат.
Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 2017-жылы өз ишин баштаган. Ал судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошол учурда убактылуу кызматтан четтетип турууга макулдук берет. Комиссия мыйзам бузган судьяларды мөөнөтүнөн мурун кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизет.
Ошондой сунуштун негизинде президент Сооронбай Жээнбеков былтыр Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы, Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркееваны, Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоевди, Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликсти, Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекованы мөөнөтүнөн мурун кызматтан алган.
Президент былтыр жыл жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып мыйзамды бузган сотторго катуу чара көрүлүшү керек экенин айткан.