Комендатуранын иши сындан арылбады

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат берген өткөрмө кагазды сатуу үчүн шектүү катары кармалды.

Бул ансыз да уюштуруу иштериндеги башаламандык үчүн сындан башы чыга элек комендатурага арыз-дооматты ого бетер күчөттү. Буга кошул-ташыл эле укук коргоо органдарынын карапайым элге кылган орой мамилеси да талкуунун чордонунда турат.

Милиция кызматкерлери ур-токмокко алган, көчөдөн эле адамдарды машинеге салып кеткени тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап кетти.

Пара талап кылган милиция

Өткөрмө кагазды сатууга байланыштуу шек саналып жаткан милиционер - Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалымат боюнча, ал санитардык бекеттерден жана блокпосттордон өтүүгө уруксат берүүчү документ үчүн жеке компаниялардын биринен пара талап кылган.

Шектүү акчаны алып жатканда кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды. Сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен башталды. Ал канча акча талап кылганы расмий айтылган жок. Айрым сайттар милиция кызматкери 200 доллар сураганын жазышты.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бул факт боюнча Октябрь райондук милициясынын кызматкеринин жетекчилигине карата кызматтык иликтөө башталганын айтты.

Алмазбек Орозалиев.

«Мыйзам бузууга жол берген жетекчилердин үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Бишкек шаарынын комендатурасы бардык күч кызматкерлерин мыйзамды бузбоого чакырат. Биз өз ичибизден тазалануу менен тартипти орнотобуз», - деди Орозалиев.

Өткөрмө кагаз эми онлайн берилет

Ушуга окшогон терс көрүнүштөрдөн жана өткөрмө кагазды алыш үчүн узун кезектерден улам 2-апрелден тартып жолдо жүрүүгө кагаз жүзүндө уруксат берүү токтотулду. Мындан ары өзгөчө абал шартында машинелердин шаарда жүрүшүнө уруксат электрондук түрдө гана берилет.

Аны алыш үчүн арыз берүүчү https://1312.tunduk.kg/ сайтына кирип тийиштүү документтерди тиркеп, уруксат кагазды эмне максатта алып жатканы, аты-жөнү, автоунаасы тууралуу электрондук арызды толтуруш керек.

Эгерде ишкерлик же кызмат көрсөтүү айдоочудан сырткары кошумча жүргүнчүсү менен дайыма жүрүүнү талап кылса, жүргүнчүнүн маалыматтарын да жүктөө зарыл. Арыздар 24 сааттын ичинде каралат. Ал канааттандырылганы же четке кагылганы боюнча маалымат толтурулган баракчага чыгат.

Өткөрмө кагаздар сатылып, өң тааныштарга жең ичинен берилип жатканы жана деги эле бул ишти уюштуруудагы башаламандыкты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү деле моюнга алды:

Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Коменданттын жумушунда кемчиликтер бар. Мындай кырдаал мамлекетте биринчи жолу болуп жаткандыктан мамлекеттик органдар мурда башынан өткөрбөгөнүн көрсөтүүдө. Биринчи күндөгү иштерге салыштырмалуу азыр алда канча жакшы. Көп маселелер чечилип калды. Бирок баарын эске алыш кыйын экен. Тамак-аш, дары-дармек ташыгандарга жана дарыгерлерге тоскоолдук болбосун деген чечим кабыл алдык. «Өткөрмө кагаздары сатылууда, айрымдарга жөн эле берилип жатат» дегенди угуп жатабыз. Бир аз убакыт берсеңер муну тартипке салабыз».

2-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев азык-түлүк жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700, ал эми медициналык кызматтарды көрсөткөн жана дары-дармектер менен камсыздаган фирмаларга 700дөн ашык өткөрмө кагаз берилгенин кабарлады. Комендант мынча санда документ жазылып берилишин «жетиштүүдөн да көп» деп баалаган.

Орозалиев айтып оозун жыя электе Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары 2-апрелден баштап аргасыз жабылганын билдиришти. Муну ишканалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлери жумушка келе албай жатканы менен түшүндүрдү.

Алмазбек Орозалиев бул боюнча «Бишкектеги «Акун» ишканасынын жумушчулары ишке келе албай жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

«Окуяны төгүндөйбүз. Жалпыңыздарды маалыматтарга өзгөчө көңүл бурууңуздарды суранам! Компаниянын жетекчилеринен өзүнүн кызматкерлерине жоопкерчиликтүү болууну, түшүндүрүүнү сурайм. Биздин кызматтар дайым ар бирине ачык», - деп жазды Орозалиев «Фейсбуктагы» баракчасына.

Орозалиев маселелерди конструктивдүү чечүүгө чакырып, Бишкек комендатурасынын 1312, 0770 89 55 56 (WhatsApp) деген телефон номурларын калтырган.

Комендатуранын камчысы

Эми өзгөчө абал режими кирген аймакта иштеп жаткан укук коргоо органдарынын ишине келсек. Бул маселе шаршемби күнү Жогорку Кеңеште көтөрүлүп депутат Садык Шер Нияз күч органдарынын жүрүм-турумуна мындай баа берген.

«Төрт-беш депутат жолдон токтотулуп жумушка келе албай айланып келишти. Бул – мыйзамды билбөө, игнор, өзүн-өзүн көтөрмөлөө же коменданттын мурдун балта кеспей калган. Эгерде депутаттар өзүнүн укугун коргой албай жатса карапайым эл эмне болду? Эркин журналисттерди болсо тыйып салыптырсыңар. Биз мамлекеттик маалымат каражаттарына ишенгенде эле бир нерсе болчу эле?»

Карапайым эл демекчи, социалдык тармактарда «милиция адамдарды сабап, орой мамиле кылды» деген тасмалар тарап жатат. 30-мартта Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында тартылганы айтылган видеодо милиция кызматкерлеринин формасына окшош кийимчен адамдар бир кишини ур-токмокко алып жатканы тартылган. ИИМ окуя териштирилип прокуратурага өткөрүлүнө убада берген.

Интернетке чыккан дагы бир тасма Ошто тартылганы айтылган. Анда милициянын автоунаасы менен бараткан укук коргоо кызматкерлери үн күчөткүч менен элди тышка чыкпоого чакырып жатканын көрүүгө болот. Көчөдө жүргөн бир нече эркек кишилерди кармап келип алардан маршруттук баракчаларды талап кылышкан.

Бул коменданттык саатта эмес, күндүзгү убакытта болгон. Укук коргоочу Динара Ошурахунова милициянын бул аракетин мыйзам бузуу катары сындады:

Динара Ошурахунова.

«Интернетке чыккан виделордо укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарга орой мамиле кылып жатканы көрүнүп турат. Аларга кылмышкер катары мамиле жасалууда. Кылмышкер болгон күндө да адамдарды түртүп, чаап, сабаганы мыйзамсыз. Муну прокуратура иликтеп, баа берип өзүн орой алып жүргөн кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы керек. Өзгөчө абал, карантин алардын жоопкерчиликтен кутулушуна себеп эмес. Эл күч кызматкерлерине душман эмес да. Ушундай кырдаалга шылтоолоп кишилерге кол көтөрүү мыйзамга да, адамгерчиликке да жатпайт».

Ал эми жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ошол эле учурда жарандарды укугун билгенден тышкары милдетин да аткарышы керек экенин эске салды. Себеби, жакында эле Ошто жол тосуп турган милиция кызматкерлерине «күйөөм УКМКда иштейт» деп, жолдон өткөрүшүн талап кылган аялдын окуясы талкуу жараткан. Көп өтпөй дагы бир аял киши милициянын талабына көнбөй кол көтөргөн видео тарады.

«Өзгөчө абал учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жөнөкөй жарандарга орой мамиле кылып жатканы өкүнүчтүү. Бирок элдин өзүндө да маселе бар. «Укугубуз бар» деп эле милиция кызматкерлерине туура эмес мамиле кылган учурлар да кездешет. Күч кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей койгон да жарандарыбыз бар», - деди Токтонасыров.

«Комендант кыраакы болушу керек»

Күч органдарына айтылган сын ушуну менен эле токтобойт. Бир катар сайттар «Бишкекте милиция кызматкери түн ичинде өзүнүн жеке машинеси менен сойкуларды ташып жүргөн жеринен кармалганын» жазышкан.

ИИМ Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн машинеси менен кармалганын ырастады. Анын үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтып, бирок «сойкуларды ташып жүргөн» деген маалыматты четке какты.

Күч түзүмдөрүндө бир нече жыл иштеген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбеков ушуга окшогон күмөндүү иштер, комендатуранын ишиндеги кемчиликтер үчүн комендант менен ИИМдин жетекчилери жоопкерчилик алыш керек деп эсептейт.

«Өзгөчө абал режиминде иштөө боюнча Алмазбек Орозалиевдин тажрыйбасы жок да. Анткени буга чейин Кыргызстанда тополоңдорго байланыштуу коменданттык саат киргизилген учурлар болгон. Бул жолкусу пандемияга байланыштуу. Ал эми экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Өзгөчө абал учурунда коменданттын иши маанилүү. Ошондуктан комендант тажрыйбалуу, мындай окуяны башынан өткөргөн, ар кандай кырдаалда алдын-ала чара көрө билген адам болушу керек. Азыркы окуяларга ИИМдин жетекчилери да жооп бериши керек», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал тартиби киргизилген. Ал 15-апрелге чейин күчүндө болот.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын, ал эми ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын коменданты болуп дайындалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​