Клинтон Пакистанды күрөштү күчөтүүгө чакырды

Х.Клинтон Исламабаддагы маалымат жыйынында, 27-май, 2011

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон 27-майда күтүүсүз сапар менен Пакистанга барды. 2-майда Пакистанда америкалык атайын күчтөр “Ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладенди өлтүрүшкөндөн бери бул эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткен болчу.
Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бүгүн ошол чыңалууну бир аз болсо да басканга аракет кылды жана расмий Исламабадды исламчыл козголоңчуларга каршы күрөшкө активдүү катышууга чакырды.

Клинтон бүгүн Исламабадга таң эртелеп барды. Максат соңку кездери начарлап кеткен америка-пакистан алакаларын жакшыртуу эле. Анын сапары тууралуу алдын ала айтылган эмес.

Бүгүн Клинтон Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана жумурияттын башка лидерлери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, эки мамлекеттин алакаларында азыр “бурулуш учур” экенин белгиледи.

"Бүгүн биз “Ал-Каиданы” Пакистандан жана бул региондон такыр кууп, куралсыздандырып, жок кылууда кантип кызматташуунун жолдорун кылдат талкууладык, - деди ал. - Биз өзүбүз тараптан талап кылынган милдетти аткарабыз. Пакистандын өкмөтүнөн да жакынкы күндөрү чечкиндүү кадамдар жасалышын күтөбүз".

"Маанилүү кызматташтык"

Клинтон терроризмге каршы күрөштө Пакистан активдүү катышмайын, Ооганстанда тынчтык орношу арсар экенин белгиледи. Анын айтымында, Ооганстанда урушту токтотуу үчүн расмий Исламабад айрым талип жол башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө көмөктөш болушу керек. Пакистан аларга таасир эте алат деген ойлор айтылган болчу.

АКШда айрым саясатчылар Усама бин Ладен каерде жашырынып жүргөнүн пакистандык кээ бир расмий адамдар билишкени менен убагында айтышкан эмес деп ишенишет. Мындай болсо, эмне үчүн Пакистан Вашингтондон миллиарддаган доллар жардам алып жатат деген суроолор да көтөрүлгөн болчу. Ошого карабай, Клинтондун бүгүнкү билдирүүсү, айрым аналитиктердин ишениинде, терроризмге каршы күрөштө АКШнын Пакистан менен кызматташтыгы өзгөчө маанилүү экенин көрсөттү.

Мамкатчынын айтымында, бүгүн ага Пакистандагы расмий адамдар “өлкөдө кимдир бирөө кайсыл бир жерде бин Ладенге ал өлтүрүлгөнгө чейин жардам берип жүргөн” деп билдиришти.

Бирок бин Ладен өлкөдөгү аскер академияларынын биринин жанындагы виллада жашырынып жүргөнүн Пакистандын жогорку жетекчилиги билгени тууралуу бир да далил табылбаганын Клинтон дагы бир жолу кайталады.

Жоголгон ишеним

Х.Клинтон бүгүн Пакистандагы сөзүндө бул өлкөдө Усама бин Ладен жок кылынгандан бери антиамерикалык маанай күчөгөнүнө каршы да билдирүү жасады.

Бин Ладенге каршы операция толук аяктап, америкалык аскерлер анын денесин алып кетишкенден кийин гана жергиликтүү эл ал тууралуу кабардар болгон. Ушунун өзү көптөгөн пакистандыктардын кыжырына тийген нерсе болду.

Клинтон бүгүнкү сөзүндө: “Антиамериканизм жана кутум болгону өңдүү ойлор проблеманы чечкенге жардам болбойт”, - деп айтты.

Пакистанга мамкатчы менен кошо АКШнын штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин жетекчиси, адмирал Майк Мюллен да келген. Алар 2-майда бин Ладен өлтүрүлгөндөн бери Пакистанга келген жогорку мартабалуу америкалык алгачкы расмий өкүлдөр болуп калышты.