"Чоң жыйырма": Блинкен менен Лавровдун күтүлбөгөн сүйлөшүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевадагы жолугушууда. 2022-жылдын январы.

Украинада уруш уланып жаткан маалда дүйнөдөгү чоң экономикасы бар 40 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Нью-Делиге чогулуп, глобалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты. Украинада согуш башталганы өз ара алакасы кескин солгундап кеткен АКШнын, Орусиянын, Кытайдын башкы дипломаттары дагы жыйынга келген. "Чоң жыйырмада" Москванын Украинадагы агрессиясын айыптаган орток пикир жок.

Нью-Делидеги жыйындын башка темасы мурда күтүлгөндөй эле экинчи жылга аяк баскан Украинадагы согуш болду. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң чоң кыргын салган жаңжал басылбай, анын айынан алдыңкы экономикасы бар мамлекеттер ортосунда бир консенсуска келүү катаалдашты.

"Чоң жыйырмага" дүйнөдөгү 19 мамлекет жана Европа Биримдиги кирип, глобалдык экономиканын 85% үлүшү жана Жер бетиндеги калктын үчтөн эки бөлүгү туура келет.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жыйынды ачып, Нью-Делиге келген министрлерди глобалдык көйгөйлөргө келгенде орток пикир табууга чакырды.

"Дүйнөдө бөлүнүп-жарылуу тереңдеп турган маалда жолугуп жатабыз, - деди Моди. - Ар бириңердин өз көз карашыңар бар, ошол эле маалда биздин максат чыңалууну чечүүнүн жолун табуу. Дүйнөдө алдыңкы экономикасы бар өлкөлөр бул жерге катышпагандар үчүн дагы жооптуубуз".

Быйыл экономикалык блокко төрагалык кылган Индия Орусиянын Украинага басып киргенин ачык айыптаган эмес жана тескерисинче, Москва менен дипломатиялык алакасын күчөтүп, орус мунайын сатып алууну кескин көбөйткөн.

Дагы караңыз Адам укуктары: Министр Кулубаевдин баяны жана активисттердин баасы

Нью-Делиге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Кытайдын башкы дипломаты Цинь Ган жана башка чоң экономикасы бар мамлекеттердин делегациялары келди.

Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү Украинадагы согушту токтотуу үчүн бекем бир позицияда экенин билдирген.

"Бул согушту айыптоо керек, - деди жыйынды утурлай Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель. - Индия өзүнүн дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Орусияга согуш бүтүшү керектигин айтат деп ишенем.

Блинкен "Чоң жыйырманын" жыйыны "Орусиянын Украинадагы жүйөсүз жана акылга сыйбаган согушу уланып жаткан маалда өтүүдө" десе, Лавров Батышты украин данын экспорттогон макулдушууну "жок кылгысы келип жатат" деп айыптады.

Нью-Делидеги жыйында Блинкен менен Лавров жолукту. 10 мүнөткө жетип-жетпеген сүйлөшүүдө алардын ортосунда эмне сөз болгону толук белгисиз.

Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтканына караганда, Блинкен Вашингтон Киевди колдой турганын кайталап, Москваны өзөктүк куралды чектөө келишимине кайтууга, АКШнын жараны Пол Уиланды абактан бошотууга чакырды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эки дипломат жолукканын гана тастыктап, толук кандуу сүйлөшүү болбогонун белгиледи.

Reuters агенттиги ишенимдүү булагына шилтеме берүү менен Москва жакын арада өз позициясын өзгөртүүгө даяр экендигин ишарат кылбаганын маалымдады.

Блинкен менен Лавров Украинада уруш башталганы биринчи жолу кездешти. Мамлекеттик катчы Индияга сапар алардан мурун Ташкентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Нью-Делиде Орусиянын да, Кытайдын да тышкы иштер министрлери менен жолугуу планы жоктугун айткан.

Дагы караңыз Украина: Кытайдын "тынчтык планы" кандай максатты көздөйт?

Эки министр былтыр июлда Балиде өткөн жыйында бир залда отурган. Бирок ал жерден Лавров чыгып кеткенин башка расмийлер билдирген. Алар былтыр январда Кремлдин Украинадагы "атайын операциясынан" бир нече апта мурун кездешкен.

"Чоң Жыйырманын" башкы дипломаттары Москва менен Бээжиндин позицияларынан улам Украинадагы согушту токтотуу тууралуу биргелешкен билдирүү жөнүндө бир пикирге келе алган жок. Документте негизинен экономикалык маселелерге, Украинадан дан азыктарын чыгаруунун маанисине басым жасалган.

Өткөн аптада блокко кирген өлкөлөрдүн финансы министрлеринин жыйынында дагы көпчүлүк Москванын агрессиясын кескин айыптаса, Кытай менен Орусия бирдиктүү билдирүүгө кошулуудан баш тарткан.