Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында кырсыктан каза болгон эки кишинин окуясы боюнча комментарий берди.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.
Экөө 24-июлда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Үчүнчү адам хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.
Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү баштапкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын кабарлады.
Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондор 2000 жана 2004-жылкы улан, кыздар экенин, бирөө башынан, дагы бири жамбашынан жаракат алганын билдирди. (BTo)
Дагы караңыз
Чолпон-Атада скутерде кырсыкка кабылган үч кишинин экөө каза болду26-июлдун аба ырайыКыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды МАГАТЭ: Запорожье АЭСинин аймагына миналар коюлган Жардам сурап ыйлаган келин арыз жазуудан баш тарттыМинистрлик: «Ай Кью» мектеби документтерин көрсөтө элекЧек арадагы чыр: тараптар жолдогу тосмолорду алууну макулдашты