Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Чек арадагы чыр: тараптар жолдогу тосмолорду алууну макулдашты


Кыргыз-тажик чек арасы. Тажикстандын Кожалы (Хожа-Алъо) айылы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Тажикстандын Кожалы (Хожа-Алъо) айылы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу 25-июлда саат 9да "Кызыл-Бел" өткөрмө бекетинде сүйлөшүү башталганын билдирди. Ага эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда жана жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 24-июлда дагы жолугушуулар болуп, бир катар чечимдер кабыл алынган.

"Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар жолдун өздөрү жагына койгон тосмолорду алууну макулдашты. Ага ылайык, кыргыз тарап Дача аймагындагы, тажик тарап Кожалы (Хожа-Алъо) чек ара тозотуна бараткан жолдогу тосмону алат. Чек аралаш аймактагы чыр-чатактардын алдын алуу чаралары көрүлөт. Аксай - Кожалы (Хожа-Алъо) - Төрт-Көчө багытында биргелешкен күзөт уюштурулат. Кечээтен бери жолдогу каттам жанданды, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Тараптар чырды биргелешип иликтөө, күнөөлүүлөрдү аныктоо, келтирилген чыгымдын ордун толтуруу тартибин карашты. Тажик тарап Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкеринин машинасына келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 24-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр кантип тутанганы тууралуу маалымат берген эле.

Ал Фейсбуктагы баракчасына жаңжалда үч кыргыз жараны сабалганын, анын алдында мас абалындагы бир кыргыз жараны тажикстандык тургундун машинасынын айнектерин талкалап салганын жазган.

"Кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Ак-Сай айылы аркылуу тогуз машина (ЗАГС) келе жаткан. Ошол учурда Кыргызстандын жараны, Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин үч жаранды сабаган. Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жолдогу коопсуздук күчөтүлдү", - деп жазган Орунбеков.

Бирок Орунбеков Фейсбуктагы бул билдирүүсүн көп өтпөй алып салды жана анын себебин түшүндүргөн жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган эле.

Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип өткөндө, Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барганда, ага Хожа-Алъо (Кожалы) айылынын тургундары кол салган экен. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишиптир. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлаган.

Тажикстан бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Өткөн жумада Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында кыргыз-тажик чек арасында соңку жарым жыл ичинде бир дагы чыр-чатак катталбаганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG