Кытай Түндүк Кореянын ишканаларын жабат

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын айыл чарбасын кыдырган учур. Сүрөт 21-сентябрь, 2017-жылы таратылды, бирок качан тартылганы белгисиз.

Кытай өз аймагында Түндүк Корея менен байланышкан коммерциялык ишканаларды жабууга көрсөтмө берди. Соода министрлигинин жарыясына караганда мындай чара БУУнун Коопсуздук кеңешинин ушул айдагы акыркы санкциясынын талаптарына ылайык көрүлүүдө. Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы санкцияны ал суутек бомбасын сынагандан кийин мурдагыдан да катаалдаткан болчу.

Кытайдын Соода министрлигинин ушул бейшембидеги жарыясына караганда, Түндүк Кореянын алардын аймагындагы компаниялары, кытай фирмалары Түндүк Кореянын ишкана-уюмдары же жеке адамдары ачкан биргелешкен ишканалар да 120 күндүн ичинде жабылышы керек. Бул эреже коммерциялык эмес жана киреше таппаган уюмдарга, инфраструктуралык долбоорлорго жайылтылбайт.

Түндүк Корея компанияларын жабуу үчүн берилген мөөнөттү эсептөө БУУнун Коопсуздук кеңеши акыркы санкциясын кабыл алган 11-сентябрдан тарта башталат.

Түндүк Кореянын компаниялары Кытайдын аймагында ресторандарды, башка бир катар бизнес жайларды иштетет.

Түндүк Кореянын 90 миңдей жумушчусу Кытай менен Орусияда иштейт.

Мындан сырткары түндүк кореялык жумушчулар Кытайдын завод-фабрикаларында эмгектенет. Бизнестин жана жеке адамдардын мекенине жөнөткөн акчасы Пхеньяндагы режим үчүн чет элдик валютанын негизги корлорунун бири.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето салуу укугу бар Кытай акыркы жана мурдагылардан катаалыраак санкцияны колдогон. Бирок ал “Ассошиэйтед пресс” агенттигинин Бээжиндеги кабарчысынын жазганына караганда, Ким Чен Ындын өкмөтү кыйрап калышы мүмкүн деген чочулоодон улам Пхеньянга экономикалык кысымды күчөтүүгө көп ыктабай турат.

- Биз тараптардын баары Түндүк Корея боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюциялардын баарын так жана толук аткаруусу өтө маанилүү деп санайбыз. Тараптардын баары кылдат аракеттенип, бири-бирин иренжитип, кыжырына тийген сөздөрдү айтпай, кырдаалды курчутпай, сабырдуулукту сактайт деп үмүттөнөбүз. Корей жарым аралында чыңалуунун күчөшү кайсыл бир тараптын кызыкчылыгына жооп бербейт, - деген эле Бээжинден ушул апта башындагы басма сөз жыйында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лу Кан.

Коопсуздук кеңешинин АКШ жана анын өнөктөштөрү демилгелеген акыркы санкциясы кабыл алынганда эле анын иштөөсү көп жагынан Кытайга көз каранды экени айтылган. Анткени Түндүк Кореянын тышкы соодасынын 90% Кытайдын үлүшүнө туура келет, алар ачкан биргелешкен ишканалардын көбү да Кытайда.

Бээжиндин өз статистикасына караганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында эки тараптуу сооданын көлөмү 2,6 миллиард долларга жетип, былтыркыдан 10% өскөн. Бирок Кытайдын Түндүк Кореядан импорту былтыркыдан 13% азайган.

Акыркы санкцияга ылайык, дүйнө өлкөлөрүнө Түндүк Кореядан текстиль импорттоого толук тыюу салынды. Ал эми тескерисинче Пхеньянга газ сатуу токтотулуп, мунай сатуу чектелиши керек.

Бээжин өз тарабынан Түндүк Кореяга газ берүүнү да токтоторун, тазаланган мунай продуктурларын сатууну чектерин билдирүүдө. Бирок чийки мунай боюнча эч нерсе айта элек.

Кытайдын мунай тазалаган ишканаларынын бири. Түндүк Кореяга чийки мунайды, иштетилген мунайды да негизинен Кытай берет.

Буга чейин Кытай БУУнун санкцияларына ылайык, Түндүк Кореядан көмүр, темир, коргошунду жана деңиз азыктарын алуудан да баш тарткандыгын да жарыялаган. Бирок жакында кайра көмүр импорттогону ачыкка чыгышын өлкөнүн Соода министрлиги санкцияны бузгандык эмес деп түшүндүрүүдө:

- Коопсуздук кеңештин санкцияларында Түндүк Кореядан көмүрдү жана деңиз продуктуларынын импортуна тыюу салууну ишке ашыруу үчүн буффердик мөөнөт каралган. Кытайдын иши резолюциянын мына ушул жобосуна жана ички мыйзамдарга туура келет. Биз Түндүк Корея менен сооданы ички мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмебизге шайкеш жүргүзөбүз, - деп ырастады Соода министрлигинин өкүлү Гао Фен.

Расмий Бээжинди Түндүк Корея менен тыгыз соода-экономикалык карым-катышынан пайдаланып, ага өзөктүк курал жана ракеталык программасынан баш тарттыруу үчүн кысым көргөзүүгө эң көп үндөгөн өлкө - АКШ. Бул маселе мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен Кытайдын вице-премьери Лю Я Дондун Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүндө талкууланды. Бээжинге болсо алдыда президент Дональд Трамп да барары күтүлүп жатат.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин акыркы санкциялары артынан АКШ өз тарабынан чара көрүп, президент Дональд Трамп Пхеньян менен соода жүргүзгөн, иштеген компанияларга, жеке адамдарга, банктарга чектөө киргизүүнү караган жарлыкка өткөн аптада кол койгон.

Вашингтондун бул кадамын кайра-кайра ракета сынап, өзөктүк курал жасап жаткан Түндүк Корея режимин каржы булактардан ажыратуу аргасы деп түшүндүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.