Кытайдын «Мао стилиндеги» көзөмөлү

Бээжин. 2-январь, 2020-жыл.

Кытайда өткөн 18-мартта коронавирусту өлкө ичинде жугузуп алган бир да бейтап катталган жок. Ал күн Кытай үч айдан бери алышып келаткан илдетке каршы күрөштө бурулуш учур болуп калды. Бирок вирусту ооздуктоо стратегиясы ийгиликтүү жүрүүдө деп айтууга болобу?

23-марттагы маалыматка караганда, Кытайда жаңы вирусту 81 миң 093 киши жугузуп алган, 3 миң 270 киши каза тапты, 72 миң 703ү айыкты.

Жаңы коронавирус жана ал козгогон COVID-19 илдети канчалык кооптуу экенин түшүнгөн соң Кытай бийлиги дароо жүз миллиондогон жаранын карантинге алды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эпидемиологдору менен Кытайдын биргелешкен миссиясынын баамында, өлкөдө «оорунун алдын алуу үчүн, балким тарыхта болуп көрбөгөндөй эң ыкчам жана агрессивдүү чаралар көрүлгөн».

Аларды айрымдар «Маонун стилиндеги социалдык көзөмөл» деп сыпатташат. Байкоочулардын баамында, Кытай өңдүү авторитардык мамлекет гана ушундай чара көрүшү мүмкүн.

Ухань шаары. 5-февраль, 2020-жыл.

Ушул аптада тараган маалыматтарга караганда, ошол катаң чаралар жок дегенде ушу тапта жемиш берип жаткандай. Эмне дегенде 18-мартта бийлик коронавирусту өлкө ичинде жугузуп алган бир да бейтап катталбаганын билдирди. Ооруп калган ондогон киши чет өлкөлөрдөн келгендер болуп чыккан.

Ушу тапта COVID-19дан каза тапкандардын саны жагынан Италия Кытайдан озуп кетти. 19-мартта кытайлык окумуштуулар Ухандагы жаңы изилдөө орточо статистикалык бейтаптын илдеттен каза табуу ыктымалдыгы 1,4 пайызды түзөрүн билдиришкен. Буга чейинки божомолдор мындан жогору болчу.

23-мартка карай Кытайда 72 миң 700 киши оорудан айыкты. Дагы 6,5 миңдей бейтап дарыланып жатат.

Калкынын саны 1 миллиард 400 миллион кишини түзгөн өлкөнүн ушундай жетишкендиктерине карабай, адистер эмдиги жылы да маал-маалы менен массалык изоляция керек экенин эскертишүүдө.

Алардын айтымында, Кытайга вирустун экинчи толкуну келиши ыктымал.

Жаңы коронавирус жукканы өлкөдө былтыр 1-декабрда тастыкталган. Баштапкы этапта кытайлык аткаминерлер чет элдик окумуштууларга жана эл аралык коомчулукка маанилүү маалымат бергиси келбей жатат, оору тууралуу ачык айткандарды жазалап, цензура киргизишти деген сынга кабылган.

Ага карабай Бээжин ушул маалда дүйнөнүн калган мамлекеттерине эксперттик жардам берип, беткап, башка жабдуулар жүктөлгөн учактарды жөнөтө баштады.

Генетикалык анализге ылайык, жаңы коронавирусту болжол менен өткөн ноябрда жаныбарлардан жугузуп алышкан. Алгачкы учурлар Хубэй провинциясынын Ухань шаарында катталган.

Январдын башында офтальмолог Ли Вэньлян инфекцияны жугузуп алып, бир айдан кийин каза тапкан. Дарыгер аткаминерлердин вирустун тез тарашын моюнга алгысы келбей жатканын сындаган. Анын Интернетте тараган билдирүүлөрү нааразылык толкунун жаратып, сыягы бийликти жигердүү жана кечиктирилгис чара көрүүгө түрттү.

Ошентип, саналуу күндө Уханда COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар үчүн 2 миң 600 кишилик оорукана курулган.

Кытайда эпидемияны ооздуктоо максатында агрессивдүү карантин, бекем изоляция жана көзөмөл киргизилген.

Ухань шаары. 25-январь, 2020-жыл.

«New York Times» гезити санап чыккандай, Кытайда бир учурда кеминде 760 миллиондой калк сыртка чыкпай үйүндө отурду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сүрөттөгөндөй, адамдын жүзүн тааныган технологияларды инфекцияланган адамга аралашкан башка адамдарды табуу жана артыкчылык берилген топторду көзөмөлдөп туруу үчүн колдонушкан.

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кытайдагы катаал чараларга нааразылык билдирип келди. Мисалы, атасы күчтөп карантинге алынган майып өспүрүм үйүндө кароосуз калып өлгөн. Уюм 30-январдагы баяндамасында Бээжинди ашыкча тыюу-чектөөлөрдөн карманууга чакырган.

Ал эми Франция, Чехия, ал түгүл Италия өңдүү калган өлкөлөрдүн бийлик органдары элди коргоо зарылдыгын түшүнүү менен катар өздөрүн каардуу көргөзгүсү келбей, компромисс табууга аракеттенип келатышат.

19-мартта Италиянын түндүгүнө барып кеткен Кытайдын Кызыл чырым уюмунун өкүлү Сунь Щоупен COVID-19дан өзгөчө жапа чеккен аймакта коронавируска каршы чаралар катаал эмес экен деген көз карашы менен бөлүшкөн.

Батыш коомундагы жеке эркиндик жана кесиптик дымак мыкты корголгондуктан, Кытайдагыдай вариантты ишке ашыруу кыйын деген сын да айтылууда.

Айрым адистер кытайлык аткаминерлер адегенде инфекциянын жан- жаныбарлардан адам баласына жугарын, вирустун жайылышы тууралуу маалыматтарды жаап-жашырганын белгилешет. Муну менен коомчулук коркунуч жөнүндө өз убагында кабардар болбой калган.

Коронавирустун тарашы пандемияга айланган кезде Кытай бийлигинин илимий ири ачылыш жасаган Шанхайдагы лабораторияны жапканы маалыматтар жашырылууда деген жоромолдорду ырастагандай болду.

Лаборатория жаңы коронавирустун гендеринин ыраатын ачык булактарга жарыялагандан кийин аны жабуу боюнча чечимли кытайлык жетекчилер түшүндүргөн жок.

Хубэйдеги карантин азыр жарым-жартылай алынды же изоляциянын шарттары жумшартылды. Көзөмөл-текшерүү пункттары жоюлду, башка аймактарга чыгууга уруксат берилди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бээжин бийлигин баскыч-баскыч болуп алынып жаткан чектөөлөрдү жакшылап көзөмөлдөп турууга чакырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​