Коронавирус коркунучу азайган жок

Кытайда коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 132 адам өлдү.

Ал эми өлкөнүн Саламаттык сактоо комиссиясы 29-январда коркунучтуу вирусту 6 миңге жакын адам жугузуп алганы аныкталганын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери коронавирус боюнча изилдөө иштерин жүргүзө баштады.

Учурда Шанхай шаарында дарыканаларга кезекке турган жарандар көбөйүп, алар дарылар жана беткаптар жетишсиз болуп жатканын айтып жатышат.

- Азыр ушул кезекте тургандын баары беткап ала алат. Бирок бир кишиге беш эле беткап сатылат. Көп алганга тыюу салынган. Бирок мен күнүнө үч беткап колдонсом, бул алгандарым жетпей жатат, - деди кезекте турган жигит.

- Мен таңкы сегизден бери кезекте турам. Керектүү дары-дармек, анан беткап алсамбы деп турам. Бирок мындай көп киши болгон жерге баруудан да кооптонуп турам. Айла жок, күтүш керек, - деди кезектегилердин дагы бири.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сүрөтү.

29-январда Австралиянын Мелбурн шаарындагы Инфекция жана иммунитет институтунун окумуштуулар тобу коронавирус боюнча лабораториялык изилдөө ийгиликтүү аяктаганын маалымдашты. Aдистер бул изилдөө эл аралык деңгээлде коронавирустун алдын алуу боюнча маанилүү ачылыш болот деген ойду билдиришти.

- Муну вакциналардын жана дарылардын натыйжалуулугун баалаш үчүн пайдаланса болот, - дейт Инфекция жана иммунитет институтунун төрагасы Майкл Каттон. - Ошондой эле биринчи муундагы антителолорду чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарды дарылаш үчүн өтө маанилүү. Биздин эң биринчи максатыбыз - ампулабызды Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистерине жеткирүү.

Ошол эле убакта расмий Бээжин коронавирустун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча изилдөө иштерине Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эл аралык адистерин кабыл ала баштады. Уюмдун төрагасы Тедрос Адханом Гебреес 28-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң жана тийиштүү министрликтер менен атайын жолугушуусунда коронавирус менен күрөшүүнүн жолдорун сүйлөштү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Кристиан Линдмейр коронавирус боюнча кытайлык адистер менен чукул жасала турган изилдөө иштерин айтып берди:

Ухандын жашоочулары.

- Азырынча так маалымат бере албайм. Анткени учурда изилдөөчү топ жана эксперттердин саны белгилүү боло элек. Бирок бул жолугушуунун өтүшү эле жакшы жаңылык деп ойлойм. Эми эл аралык адистер кытайлык адистер менен бирге жооп ала албаган суроолордун үстүндө иштей баштайбыз. Биздин максатыбыз - вирусту козгоочу очокту табуу жана аны менен күрөшүү. Ошондой эле коронавирус кандай жолдор менен адамдарга жукканын так аныктоону көздөп турабыз.

Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузган адамдар Европада, Түндүк Американын жана Азиянын өлкөлөрүндө да катталууда. Кытайдын Бээжин, Шанхай шаарларында да бул тумоо жайылып жатканы маалымдалган. Бул ооруну жугузгандар АКШда, Тайландда, Түштүк Кореяда, Жапонияда, Австралияда жана Францияда аныкталды.

Айрым мамлекеттер аймактагы жарандарын алып кетишүүдө. 28-январда америкалык жарандар отурган учак Аляскага конду, ал жерде вируска кошумча текшерүү болот. Жапония Ухандан 206 жаранын алып кетти.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-январда Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтканын кабарлады. Алар 10-14 күн атайын изолятордо болот. Дарыгерлер кооптонууга негиз жок экенин айтышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​