Кытайга “соода согушу” таасир этти

Кытайдын Циндао порту. 1-октябрь, 2018-жыл.

Кытайда экономиканын өсүш ыргагы басаңдады. Ага Кошмо Штаттар менен болуп жаткан азыркы соода тиреши да таасир эткенин расмий Бээжин моюнга алды.

Дүйнөдөгү экономикасы эң ири эки өлкөнүн ортосундагы эрегиш глобалдык экономиканын өсүш ыргагына өз кесепетин тийгизерин буга чейин эл аралык финансы уюмдары да эскертишкен.

Кытайдын статистика мекемеси жарыялагандай, өлкөнүн экономикасы быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы менен 6,5% гана кеңейди. Ага чейин быйыл экинчи чейректе экономика 6,7%, ал эми алгачкы үч айда 6,8% өскөн.

Кытайдын бир жылдык ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) акчалай көлөмү азыр 12 триллион доллар экенин эске алганда, экономиканын өсүш ыргагынын 0,2-0,3% басаңдаганы 24-36 миллиард долларлык жоготууга барабар.

- Кытай экономикасы дүйнө менен чырмалышкан. Андыктан дүйнөлүк экономикадагы тышкы өзгөрүүлөр күчөп, АКШ менен Кытайдын экономика жана соода жаатындагы тиреши эмне менен бүтөөрү белгисиз болуп турган шартта, албетте, экономика аны ылдый тарткан басым-кысымга кабылды. Тышкы басым экономика үчүн айрым бир белгисиз жагдайларды пайда кылат. Өсүштүн кийинки максаты - жыл аягында да 6,5% камсыз кылуу. Биз ошого жетерибизге ишенебиз, - деди Кытайдын Статистикалык бюросунун катчысы Мао Шеньгуанг Бээжиндеги басма сөз жыйынында.

Германиянын Гамбург портуна Кытайдан келген жүк.

Кытай менен АКШнын соода тиреши быйыл июлда башталган. Ага чейин бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдө мунаса табылбай койгон.

Андан бери АКШ үч айлампа менен Кытайдын акчалай наркы 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 200 миллиард долларлык товарына 10% кошумча бажы тарифин койду. Кытай да жооп катары үч баскыч менен АКШнын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 60 миллиард долларлык товарына 10% тариф киргизди. Муну менен Кытай өзүнө багытталган АКШнын бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ азырынча Кытай экспортунун 50%дан азыраак бөлүгүнө кошумча салык салышты.

Бирок АКШнын президенти эгер Бээжин жооп иретиндеги чаралардан баш тартпаса, Кытайдын дагы 267 миллиард долларлык товарына, демек өзүнө багытталган дээрлик бардык экспортуна тариф коёрун эскерткен. Былтыр Кытай АКШга 505,5 миллиард долларга товар сатса, АКШнын Кытайга багытталган экспорту 129,8 миллиард долларга гана жеткен.

Вашингтондогу администрация 1974-жылдагы мыйзамга таянып, өз кадамын негизинен эки себеп - “соодада адилеттикти орнотуу” жана Кытайды “интеллектуалдык менчикти уурдоодон” баш тарттыруу максаты менен түшүндүрүп келет. Бээжин болсо, тескерисинче, АКШнын аракеттерин соодадагы протекционизм катары сынга алып, ага жооп кайтарууга аргасыз болгонун айтып жүрөт. Учурда эки державанын соода жаатындагы сүйлөшүүлөрү токтоп турат.

Cоода тирешинин глобалдык экономикага тийгизчү кесепеттеринен Дүйнөлүк банк, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) өңдүү каржы уюмдары да тынчызданып турган кези. Айдын башында алар Индонезиядагы жылдык жыйынын өткөргөндө бул анын күн тартибиндеги негизги маселе болгон.

Дэвид Липтон.

- Биз соодадагы чектөөлөрдү, ага каршы жооп иретиндеги чараларды көрдүк. Баамыбызда бул аракеттердин тике таасири, албетте, тескери, бирок дал азыркы тушта масштабы азыраак. Эгер бул көрүнүш кала берсе, алдыда дагы чектөө, өч алуу болсо, бизнестеги белгисиздик күчөсө - анткени соода чатактары узакка созулчудай болуп турат - анда анын таасири АКШ, Кытай жана дүйнө үчүн оор болот, - деген эле ЭВФтин аткаруучу директорунун орун басары Дэвид Липтон.

ЭВФтин божомолунда, азыркы соода тирешинин күч алышы глобалдык ички дүң өнүмдү алдыдагы эки жылда дээрлик 1% азайта алат. АКШнын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл мурда мерчемделгендей 2,9% эмес, 2,5% болсо, Кытайдын экономикасы 6,2% гана өсөт.

ЭВФтин башчысы Кристин Лагард кырдаалды жөнгө салуунун бир аргасы катары “глобалдык соода системасын реформалап, аны кыйла калыс, бардык өлкөлөр жана адамдар үчүн пайдалуу болгудай кылып жакшыртууну” сунуш кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.