Шинжаң карантини: мазак жана эксперимент

Медицина кызматкери коронавируска текшерүү үчүн анализ алып жаткан учур. Үрүмчү шаары, Шинжаң автоном району, 19-июль, 2020-жыл.

«Associated Press» агенттигинин бул макаласы өкмөттүк маалыматтарга, социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөргө жана Шинжаңда карантинде жаткан үч адамдын айткандарына негизделди.

Макалада негизинен коронавируска каршы натыйжалуулугу ырасталбаган Кытайдын элдик медицинасы менен адамдар кантип мажбурланып дарыланып жатканы тууралуу сөз болот.

«Колдорум ооруп, терим түлөдү»

Орто жаштагы уйгур аял Кытайда коронавирус күчөп турганда кармалганын, ошондо мажбурлап дары беришкенин, аны ичкен соң алсырап, көңүлү айныганын «Associated Press» агенттигине айтып отурду. Ал абак камерасындагы башка адамдар менен катар аптасына бир ирет жылаңач чечинүүгө аргасыз болгон. Күзөтчүлөр алардын өзүнө, отурган жерлерине дезинфекциялоочу каражат чачышчу.

«Анысы күйгүзөр эле. Колдорум ооруп, терим түлөп кетчү», – дейт Шинжаңдан телефон аркылуу байланышууга макул болгон, бирок коркуп, аты-жөнүн атабаган аял.

Шинжаңда июлдун ортосунан бери коронавирус 826 адамдан табылган. 45 күнгө созулган катаал изоляция чаралары мына ошого жооп болду.

Карантиндеги медициналык эксперимент

Катаал чектөө чаралары Кытайдын бардык жеринде, ириде вирус адеп табылган Хубэй провинциясынын Ухань шаарында киргизилген. Бирок илдетке чалдыккандар 50 миңден ашып, Шинжаңдагыдан эселеп көп экенине карабай Ухандын тургундарына элдик медицинанын дарыларын ичүүгө мажбурлашкан эмес. Ал түгүл аларга көнүгүү жасаш үчүн сыртка - үй-жайынын айланасына чыгууга же азык-түлүк дүкөнүнө барууга уруксат берилген.

Июндун башында коронавирус 300 адамдан аныкталган борбор шаар Бээжинде чектөө чаралары андан жумшак болду. Айрым гана райондору бир нече жумалык карантинге алынган.

Салыштыра келсек, Шинжаңдын 25 миллион тургунунун теңинен көбү, илдет тарап жаткан Үрүмчү шаарынан ондогон чакырым ыраакта жашаганы деле изоляцияга алынган.

Шинжаңдагы тыйпыл чектөөлөрдү ойлоп тапкандар - баягы эле миллиондон ашуун уйгур, казак, кыргыз же башка мусулмандарды «тарбия лагерлерине» камаган аткаминерлердин жоон тобу.

Маектешүүгө макул болгон аял бир айдан ашкан карантиндик абактан бошотулган соң кайра эле үйүндө камалганын айтууда. Ал эч бир жазуусу же белгиси жок ак бөтөлкөгө куюлган суюктукту күнүнө бир маал ичүүгө мажбурлашып, болбосо камаларын айтышканын кошумчалады.

Ал эми бийлик мындай иштер Шинжаңдын бүтүндөй калкынын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын билдирет.

«Шинжаң автоном району адегенде адамдар жана өмүр деген принципти карманат. Жергиликтүү калктын, бардык улуттардын коопсуздугу менен саламаттыгына кепилдик берет», - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь жума күнкү брифингде.

«Баарын унуткум келет»

Коронавирустун таралышына каршы чаралар жалаң эле мусулмандарга багытталган жок. Айрымдарын аймактагы ханзу кытайларга да колдонушууда.

Август айында жүздөгөн адамдар «вируска каршы чектен чыккан чаралар» көрүлүп жатканын социалдык түйүндөргө жазышты. Кээ бир билдирүүлөр кишенделип байланган адамдардын сүрөттөрү менен коштолсо, башкаларында кире бериш эшиктер темир тор менен тосулганын көрүүгө болот. Кескин сындан кийин өткөн аптада бийлик айрым чектөөлөрдү алып, кээ бир тургундарга өз турак жайынын тегерегинде сейилдөөгө уруксат берилди.

«Associated Press» агенттигине сүйлөп берүүгө макул болгондордун бири - июлдун ортосунда карантинге алынган ханзу кытай ишкери. Анын айтымында, коронавируска каршы анализи терс жыйынтык көрсөткөнүнө карабай бийлик аны дагы эле чыгара элек. Абалы тууралуу Интернетке жазганда анын билдирүүсү өчүртүлүп, өзүнө оозун басышы керек экенин эскертишкен.

«Эң жаманы – унчукпоо. Узакка унчукпай жүрө берсең үмүтсүздүктүн кургуйуна кулайсың», деп ал киши августтун ортосунда кытайлык «Weibo» социалдык түйүнүнө жазды. «Бул бөлмөдө ушунчалык узак отурдум, канча экени эсте жок. Болгону ушунун баарын унуткум келет», деп бир нече күндөн кийин дагы жазды.

Өз айтымында, аны да Кытайдын салттуу медицинасына таандык дарыны, анын ичинде жанагы уйгур аялга берилген аты жок бөтөлкөдөгү суюктукту ичүүгө мажбурлашууда. Эки маектеш тең «Associated Press» агенттигине «дары» дегендин сүрөтүн салышты.

Ишкер киши «Lianhua Qingwen» деген чөптөн жасалган дарыны да ичүүгө мажбур экенин кошумчалады. «COVID-19 илдетине каршы мындан өтөр даба жок» деп жок жерден башты айлантышкан бул каражатты АКШ бажычылары жана чек арачылары такай кармап, өлкөгө киргизбей келишет.

COVID-19 илдетине каршы кытай медицинасы

Коронавирус жаңы тарай баштаганда эле вируска каршы натыйжалуулугу клиникалык жактан далилденбеген салттуу медицинасын кытай өкмөтү жарандарына таңуулай баштаган. Башка дүйнө лидерлери деле текшерилбеген дарыларды колдоп чыгышты деңизчи. Маселен, АКШ президенти Дональд Трамп маляриянын дарысы — гидроксихлорохинди мактап жатты. Ошентсе да Кытай бийлиги андан мурдараак айрым жарандарына, бери дегенде шиңжаңдыктарга текшерилбеген дарысын шыкаган сыяктанат.

Мамлекеттик маалымат каражаттары коронавирусту дарылоодо Кытай элдик медицинасын колдонуу деңгээли «100 пайызга жеткенин» өкмөт билдиргенин кабарлап жатышат. Элдик медицинанын дарыларын ичирип жатканына арызданган тургунга жергиликтүү аткаминерлердин бири бул аракеттер «эксперттердин пикирине ылайык» көрүлүп жатканын айтып жооп узаткан.

Негизи эле Си Цзиньпиң өлкө башына келгени элдик медицинаны сындагандардын үнү басылды. Ал түгүл май айында Бээжиндеги өкмөт кытай медицинасын «жаманатты кылган же каралаган» билдирүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын жарыялаган.

«Ал дарылардын биринин да натыйжалуулугу жана коопсуздугу илимий жол менен далилденген эмес. Оорулуубу же сообу, адамдарды текшерилбеген дарыны колдонууга мажбурлоо этикага жатпайт», - дейт кытайлык мурдагы биохимик жана жазуучу, учурда АКШда жашаган Фаң Шимин.

Чектөө чаралары аймагына жараша бири-биринен кескин айырмаланат экен. Бардык эле тургундар дарыны иче беришпейт. Шинжаң автоном районундагы башка бир уйгур аял суюк дарыны дааратканага куюп жиберерин айтып берди. Башка бир ханзу Шинжаңда жашаган ата-энеси үчүн дарыны ичүү же ичпөө өз ыктыярындагы иш экенин айтат.

«Экстремалдуу чараларды да түшүнүүгө болот. Эгер өкмөт эпидемияны көзөмөлгө алгысы келсе, анда башка жол жок», - дейт аты-жөнүн айткысы келбеген башка бир киши.

Макаланын автору - Дейк Каң, «Associated Press»

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​