Чемпиондорго "Даңк" ордени берилди

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун сыйлык алып жаткан учуру. 

Сыйлык тапшыруу аземи 4-февралда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Кол күрөш боюнча спортчу Келдибек Атайбек уулу дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өкмөттүң Ардак грамотасы менен сыйланды. 

Алыш күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону Элзада Момунжанова да Ардак грамота менен сыйланды. 

Самбочу Бекболот Токтогоновго "Даңк" медалы ыйгарылды. 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы бир катар спортчуларга, спорт ишмерлерине ыйгарылды.

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековдун "Даңк" орденин алган  учуру. 

Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны деп тапты.

"Даңк" медалы эркин күрөшчү Эрназар Ахматалиевге, самбочулар Дайырбек Карыяевге, Бекболот Токтогоновго, Артур Сансызбековго, машыктыруучулар Руслан Мажиновго, Хаким Махмудовго, Сүймөнкул Таабалды уулуна, Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенттери Ахрор Иминов менен Динара Исаевага тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” наамдары менен Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Жунусов, Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу жана улук машыктыруучусу Азат Эркинбаев менен Улукбек Карачолоков (сүрөттө) сыйланды.

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков. Спортчу 2022-жылы Азия чемпионатынын күмүш медалын утту. 

"Даңк" ордени спортчуларга өлкөдө спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн берилет. Ал эми "Даңк" медалы менен мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.
 

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын “тарых жаратуучулары” деп атады. Алар сентябрь айында Белградда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип, кыргыз спортуна тарых жаратты. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстан буга чейин Дүйнө чемпионатында алтын байгеге ээ боло элек болчу. 

Сыйлоо аземинен кийин салтанатуу кече Билимканынын чоң залында уланды. 

Иш-чарага бир катар ишмерлер, депутаттар, спортчулар катышты. 

Сыйлык алгандар.

Сыйлоо аземи шоу-программалар менен коштолду.