Чек ара: Лейлектеги өрттөнгөн базар

Лейлек районунун Интернационал айылындагы "Достук" базары дээрлик 100% өрттөнгөн.

Лейлек районун Интернационал айылындагы өрттөнгөн базардын ички көрүнүшү.

16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда Кулунду, Максат, Интернационал, Оочу, Сада, Раззаков, Ак-Арык, Кайрагач, Булак-Башы айылдарынын миңдеген тургундары Сүлүктү жана Раззаков шаарларына эвакуацияланды. Ал эми Арка, Достук, Жаштык, Борбордук, Бешкент айылдарынын тургундары тоо тарапка- Маргун айылына карай качты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтөт.

Лейлек районунун Интернационал айылындагы "Достук" базары. Бул базар 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта толук өрттөнүп кеткен.