Чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 22 жыл

Президент Садыр Жапаров Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болду. 27-май, 2021-ж.

«Жаңы-Жер» чек ара тозоту. 27-май, 2021-ж.

Президент Садыр Жапаров «Орто-Боз» чек ара тозотунда. 27-май, 2021-ж. Баткен.

Президент Садыр Жапаров «Орто-Боз» чек ара тозотунда. 27-май, 2021-ж. Баткен.

Баткен облусундагы «Орто-Боз» чек ара тозоту. 27-май, 2021-ж.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек ара чырында каза болгон Нурсултан Манасбек уулу, Бекзодбек Юлдашев жана Эсентур Кубанычбековго "Эрдик" медалы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-майда кол койду. 

 

 

 

Эсентур Кубанычбеков. 1-май, 2021-ж. 

28-майда белгиленүүчү чек арачылардын кесиптик майрамына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров жолдогон куттуктоодо бул офицерлердин эрдиги унутулбай турганын белгилеген.

"2019-жылы чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовдун азасын кыргыз эли унута электе, кечээги эле чек арадагы каргашада капитан Манасбек уулу Нурсултандын, капитан Эсентур Кубанычбековдун, прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин каармандыгы түбөлүк эсибизде сакталат. Ушундай уулдары бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт".

Президент Садыр Жапаров кайрылуусунда атаган Равшан Муминов 2019-жылы 16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон. Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик 41 жашта болчу. Маркумдун сөөгү 18-сентябрда Исфана шаарында жерге берилген.  

Сүрөттө: Равшан Муминовдун жакындарына мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көңүл айтууда. (17-сентябрь, 2019-ж.).

Муминовдун артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды. Ага 2019-жылдын 23-декабрында "Эрдик" медалы ыйгарылды. Мамлекеттик сыйлыкты президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун жесири Мухайё Муминовага тапшырды.

 

Максат айылындагы чек ара кызматкерлери. 2021-жыл. 

Кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийин. 3-май, 2021-ж.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Каза болгондордун үчөө чек ара кызматкери.

Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген. 

Кыргызстан төрт мамлекет - Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Алардын арасынан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара аягына чейин такталып бүткөн эмес. Сүрөттө кыргыз-тажик чек арасында турган аскер кызматкери. 2-май, 2021-ж. Баткен облусу. 

Ош шаарында президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 216 батирдин ачкычын тапшырды. 56 батир Мамлекеттик чек ара кызматына, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине берилет. 28-май, 2021-жыл.  

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 22 жыл толду. Мекеме 1999-жылдын 28-майында президенттин жарлыгы менен негизделген.