Чек ара: Ак-Татыр эки уулунан айрылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенден Ак-Татыр айылы чек арадагы куралдуу кагылышта эки жоокеринен айрылды. Анын бири тоо тараптагы позицияда акырына чейин кармашса, экинчиси ок атылып жаткан жерден бир тууганына аман-эсен чыгып кетүүгө шарт түзүп берген.