Тажикстан менен чек арадагы Ак-Сай айылына өткөн жылы өкмөт казынасынан каражат бөлүнүп, айылдын ортосуна көпүрө куруу жана 500 гектардай жаңы жер өздөштүрүү үчүн насостук станция салуу иши башталган. Курулуш иштери ушул мезгилде аякташы керек болчу. Бирок белгисиз себептерден токтоп турат.
Ак-Сай айылы менен Капчыгай конушунун ортосун Ак-Суу дарыясы бөлүп турат. Дарыянын үстүнө салынып жаткан көпүрөнүн курулушу быйыл жыл башынан бери токтоп калды. Капчыгайлыктар көпүрөнүн курулушуна Тажикстан тоскоолдук жаратып жатат деген пикирде.
“Мен өзүм ушу Капчыгай айылынын тургуну болом. Жогору жакта чоң көпүрө бар. Бирок бизде чек арада жаңжал чыгып кетсе эле көйгөй жаралат. Анткени чоң көпүрө чек арага өтө жакын. Ал жактан каттай албай калабыз. Коңшулар бутага алып турушат. Ошондуктан бул көпүрөнү көптөн бери айтып, арызданып келгенбиз. Мурда бул жерде өзү көпүрө болгон. Бирок аны суу алып кеткен да. Бизди угуп, шарт жаратып берели деп өткөн жылы күздө көпүрөнү курулушун тез башташты да, кайра тез токтоп калды. Буга да Тажикстан тоскоолдук кылып жатат деп божомолдойм. Антпесе качан эле бүтүш керек эле”,-деди айыл тургуну Аким Кудайбердиев.
Ак-Сай - Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жайгашкан айыл. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу, тирештин көбү ушул аймакка мүнөздүү. Чек ара чатагы катталган учурда Ак-Сай айылындагы чоң көпүрөдөн өтүү кооптуу болуп, эч ким каттай албай калат. Ошондуктан айылдын кире беришиндеги мурдагы эски көпүрөнүн ордуна жаңысын салуу зарылдыгы жаралган. Аны чыгымы 12 млн. сом деп эсептелип, өткөн жылы сентябрда курулушу башталган эле. Жыл соңуна чейин курулуп бүтмөк. Бирок белгисиз себептер менен көпүрөнүн курулушу токтоп турат.
Дагы караңыз Чек ара: өзгөрбөгөн абал, түпөйүл болгон элБул Ак-Сайдагы курулушу токтоп турган жалгыз гана объект эмес. 500 гектардай жаңыдан жер өздөштүрүү үчүн насос курууга 50 млн сомдой каражат бөлүнгөн. Насостук станция менен көпүрөнү куруу үчүн тендерден “Жалал-Абад СМУТТ” деп аталган компания уткан. Буга чейин бул курулуштарды бүткөрө турган компаниянын жетекчиси Муратбек Жураев ишти токтотууга олуттуу себеп жок деген эле "Азаттык" радиосуна.
“Бизге буюртма берген мекемеден чалып, көпүрөнүн жумушун токтоткула деп январда айтышты. Себебин түшүндүрүшкөн жок. Бизде курулуш материалдарыбыз жетиштүү болчу. Анан ишти токтотуп, техникаларыбызды чыгарып кеттик. Көп жумушу бүтүп калган. Бул маанилүү көпүрө болчу. Элге да пайдасы тийет эле. Ал эми насостук станция боюнча биз өзүбүзгө тиешелүү иштерин жасап бүткөнбүз. Электрди кошуп эле сынап көрсөк биз ишти тапшырмакпыз. Ошол ишти тиешелүү мекемелер бүтүрбөй жатышат да. Ички латокторун да куруп, 500 гектардан ашык жерди өздөштүрүүгө даяр”.
Дагы караңыз Баткен: кенемтеге ичи чыкпаган ишкерлерБир жылдай мурда аяктаган насостук станция куруу иштеринин дээрлик 90 пайызы аяктаган. 70 пайыздай жумуш бүткөн көпүрө жанданбай жатышынын себеби айылдыктарга эч ким түшүндүрүп берген эмес.
"Бизге акча боюнча маселе жок деп айтышкан. Насос станциясынын бүтүшүнө аз эле калды. Көпүрөнүн дагы көпчүлүк жумушу бүтүп калган. Анан эле эч түшүндүрмө жок иш токтоп турат да. Ким, эмнеге токтотту? Мындайда ар нерсени ойлот экенсиң", - деди Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев.
Ак-Сай айылынын шартын жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу, медициналык жана мамлекеттик тейлөөнү сапатын арттыруу үчүн 2019-жылы өкмөт казынасынан 220млн сом каражат бөлүнгөн.
“Ак-Сай айылындагы маселерди чечүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат. Мектеп жана спорт зал боюнча маселе чечилген. Суу боюнча да иштер жүрүп жатат. Бир эле бул айыл эмес, жаңжалда суусуз калган башка дагы ушундай айылдар бар. Аларды да чечүү үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Көпүрө иши да быйылкы жылы бүтөт. Кээ бир себептер менен токтогон экен. Азыр ал маселе чечилди. Буюрса быйыл бул айылдагы иштер толук бүтөт. Айылдагы өрттөлгөн үйлөрдүн да пайдубалдары бүттү. Негизги бөлүгү келсе эле кураштырылат”,-деди Баткен район акими Учкунбек Жоробаев.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чек ара тилкесиндеги айылдарда суу, жол, көпүрө салуу сыяктуу көйгөйлөр арбын. Бирок курулуш иштерин жүргүзүү аракеттери дагы тараптардын жаңжалдарына себеп болгон учурлар катталган эле.
Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болуп, 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.