Чехтер 1968-жылдагы советтик танктардын Чехословакиядагы реформалык аракеттерди тебелеген учурун унутуша элек. Алар азыркы тапта эгемен Украинанын аймактык бүтүндүгү жана демократиялык түзүлүшү үчүн орусиялык баскынчыларга каршы согуш жүргүзүп жаткан каарман украин элине тилектештик билдиришүүдө. Тарыхчынын блогу.
Чехтер XX кылымдагы өз тарыхындагы унутулгус ызалуу учурлардын бири катары 1938-жылдагы нацисттик Германиянын өлкөнү басып алышын жана Варшава келишиминин шылтоосу менен советтик режимдин 1968-жылдагы Чехословакияга танктар киргизишин ар дайым эскерип келишет.
Дагы караңыз “Прага жазы” менен украин элдик ыңкылабы
Борбордук Европадагы бул салыштырмалуу чакан болгон демократиялуу жумурият XXI кылымдын башындагы Украинадагы элдик ыңкылаптарды ырааттуу колдоп келген.
Чехиянын эли жана бийликтери Орусиядагы путиндик режимдин 2014-жылдын февралынан берки эгемен Украинага каршы баскынчыл согуш аракеттерин баалоодо, албетте, демократиячыл жана эгеменчил украин элинин таламы тарабында болду.
Ал эми 2022-жылы 24-мартта путиндик режим Украинага каршы баскынчыл согуштун кеңири өлчөмдөгү баскычына өткөн соң, Чехия эли өз көз карандысыздыгы үчүн согуш жүргүзүп жаткан Украинага ар тараптуу көмөктү уюштуруусун жигердүү улантты.
Украинанын чыгышынан жана башка согуштун айынан бүлгүнгө учураган аймактарынан качып чыккан жана Чехияда баш паана тапкан украин жарандарынын саны болжол менен 310 миң кишиге жетти. Айрым украиндер кайра Атажуртуна кайтып кетишти. Бирок, “Visit Ukraine” интернет басылмасы 2024-жылдын февралында маалымдагандай, болжол менен 180 миңдей украин качкыны Чехияда дагы эки жылдай кала турууну болжоп жатышат.
Чет өлкөлөрдөн келгендерди каттоочу чехиялык расмий жайларда украин тилинде атайын маалымат китепчелери таркатылып, украин жарандарын тез арада тейлөө багытында шарттар түзүлгөн. Маалымат китепчелеринде Чехиянын мыйзамдары, чет элдик келгиндердин укуктары жана милдеттери, аларга пайдалуу кайрымдуулук долбоорлору жана уюмдары, ошондой эле аларды камсыздандыруунун жолдору жана башка маанилүү маалыматтар украин тилинде сунушталган.
Прагадагы метро бекеттеринде Украинага каттап жаткан автобустар кайсы шаарга канча акчага жеткирээри тууралуу да көрнөктөр улам жаңыртылып илинип турат.
Албетте, тиричиликтик улутчулдук деген көрүнүш ар кыл коомдордо сыяктуу эле, чехиялык коомдо деле тымызын түрдө учурайт. Бирок жалпысынан украин качкындарына боор толгоо бар.
Чехиядагы сыналгы каналдарын сунуштаган жергиликтүү компаниялар украин тилиндеги “1+1” деген аталыштагы бирдиктүү маалымат каналын сунуштап жатышкандыктарын бир нече шаардан көрүп күбө болдум. Бул канал 2022-жылдын апрелинен тартып Чехияда акысыз сунушалууда.
Ал эми бир тараптуу путиндик үгүт менен гана алектенген “RT International” сыяктуу орусиялык өкмөттүк сыналгы каналдары Чехияда эле эмес, жалпы эле Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөрүндө 2022-жылдан тартып эч көрсөтүлбөйт.
Бул дагы баскынчыларга каршы айыгыша согушуп жаткан украиндерге маалыматтык колдоо жаатындагы эл аралык тилектештиктин түрү катары каралышы мүмкүн.
Чехиянын калайыгы Путиндин Украинага каршы баскынчылыгын айыптап, бир нече жолу ар кыл ири коомдук жыйындарды өткөрдү.
Маселен, быйыл 17-мартта, жекшемби күнү чак түштө, Праганын борборундагы Вацлав аянтында “Путинге каршы чак түш” деген наразылык жыйыны өткөрүлдү.
“Můstek” (“Көпүрөчө”) метро бекетинин жанындагы атайын орнотулган чар тарабы төрт чарчы тактага каалаган киши келип кол коюп, “Прага Путинге каршы” деген сыяктуу сөздөрдү жазып кетип жатышты.
Усти-над-Лабем шаарындагы тургундар Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Чехословакиянын нацисттик Германиядан боштондукка чыгышына көмөк кылган советтик жоокердин айкелинин мойнуна украиндик желекти тасма кылып тагып коюшкандыгын үстүбүздөгү айда өз көзүм менен көрдүм.
Ал эми расмий чөйрөдөгү окуяларга кайрылсак, 2024-жылы 12-мартта Прага шаарынын тарыхый Пражский град бөлүгүндө “Биздин коопсуздугубуз – жөн жерден жетишилген эмес” деп аталган эл аралык жыйын болуп өттү.
Бул шерине Чехиянын НАТОго мүчө болуп киргендигинин 25 жылдыгына арналды.
Жыйында сүйлөгөн чех президенти Петр Павел эгерде өз өлкөсү НАТОго өз маалында мүчө болуп кирбеген болсо, анда ал деле азыркы Украина кабылгандагыдай мүшкүл кырдаалга туш келиши ажеп эмес болчу, деген оюн билдирди.
“Жат жердик чопкуттуу аскердик техниканын дөңгөлөктөрү биздин жергебизди жана биздин эркин жана көз карандысыз турмушка карата үмүтүбүздү бир канча жолу тебелеп өтүп турушкан. XX кылымда биз нацисттик жана советтик баскынчылыкка каршы жападан-жалгыз турганбыз. 1938- жана 1968-жылдар биз үчүн тарыхтагы өзгөчө терең жаракат кылган жана намысыбызды тебелеген баскычтардын башаты болуп калышкан”, – деп президент П.Павел мырза “NATO Review” басылмасына жазды.
(1999-жылы 12-мартта Чехиядан тышкары тагдырлаш коңшулары – посткоммунисттик Польша менен Венгрия да НАТОго мүчө болуп киришкен).
Ушул тапта чакан Чехия Украинага аскердик жардам берүүнү сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жандантуу жаатында эл аралык демилгечилерден болууда.
Быйыл феврал айынын ортосунда Чехиянын президенти Петр Павел Мүнхен коопсуздук жыйынында чыгып сүйлөп, Евробиримдиктин планына тийешеси жок шартта Украинага ок-дарыларды жеткирүүнүн жаңы долбоорун сунуштаган. Петр Павел мырза Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдө НАТОнун стандарттык калибриндеги 500 000 даана замбиректик ок-дары жана дагы 300 000 даана советтик калибрдеги замбиректик ок-дары бар экенин билдирди.
Мүнхендеги сөзүндө Чехиянын президенти П.Павел ошондой эле эгерде Чехия шериктештерден бул кошумча ок-дарыларды сатып алуу үчүн акча каражаты чукул чогултулса, анда ок-дарыларды Украинага бир нече апта ичинде жеткирүүгө мүмкүн экендигин белгилеген.
Аскер адистеринин айтымында, чех президенти белгилеген бул ок-дарыларды сатып алуу үчүн болжол менен 1,5 миллиард доллар чогултулушу керек. Кабарларга караганда, Франция менен Германия сыяктуу бир катар өлкөлөр (айрымдары өздөрүн ачыктабастан) бул долбоорду дароо колдоого алышкан.
8-мартка карата бул кошумча замбиректик ок-дарылардын алгачкы топтому үчүн зарыл акча каражаты толук топтолуп бүткөндүгү маалымдалды.
Чехиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Даниел Дрейк ČTK маалымат агенттигине курган маегинде:
“Эгемен Украинаны коргоо Европанын коопсуздук кызыкчылыктарына жооп берет, анткени орусиялык империализм Украина менен гана чектелип калбайт. Чех дипломатиясы чех жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аргаларды жасап жатат”, – деп билдирди.
19-мартта Финляндия президент П.Павел шардана кылган бул долбоор үчүн 30 миллион евро бере тургандыгын, Канада – баштапкы салым катары 40 миллион канадалык доллар бере тургандыгын маалымдашты.
Дагы караңыз Финляндия: Бейтарап турум жана НАТОго кирүү
Маскөөгө ачык каяша кыла албаган айрым постсоветтик чакан өлкөлөр дагы Чехиянын Украина үчүн замбиректик ок-дары долбооруна кошуу үчүн өздөрүндөгү мурдагы советтик замбиректик ок дарылардын кайсы бир бөлүгүн жашыруун сатууга ниеттенип жатышкандыгы да айтылууда.
Чехиянын коргоо министри Яна Чернохова айым болсо Украинага аскердик көмөк үчүн акча каражаты тездик менен чогултулуп жаткандыгын баса белгилеп, бул долбоор улантыла берээрине ишендирди.
Министр Яна Чернохованын айтымында, башка айрым өлкөлөр Кремлден чочулап этияттанып жатышкан чакта деле Чехия Украинага ракеталык жабдуулар, танктар, ар кыл замбирек түрлөрүн жана аскердик тик учактарды биринчилерден болуп жөнөткөн өлкөлөрдүн арасында болгон.
Чехиядагы карапайым тургундардан бийлик өкүлдөрүнө чейин байкалган эгемен Украина элине карата орток тилектештик – өрнөктүү көрүнүш экендигин биле жүргөнүбүз оң.
Чехиядагы орусиялык диаспоранын прогрессчил басымдуу бөлүгү дагы чехтердин бул турумун колдоп жатышкандыктары айкын. Бул – соңку шайлоо өнөктүгүнөн да айгинеленди.
Маселен, 2024-жылы 15-мартта Орусиянын Прагадагы консулдугунун имаратынын жанында нааразылык жыйыны өткөрүлдү. Добуш берүү үчүн консулдукка келген орусиялыктардан көз карандысыз “экзит пол” сурамжылоосу үчүн делип, алардын ыктыярдуу жооптору чогултулуп жатты.
Чехиядагы орусиялык жарандар үчүн ушул 15-март күнү гана шайлоодо добуш берүүгө мүмкүндүк берилген жана убакыттын тардыгынан улам консулдукка келген миңдей орусиялык жаран добуш бере албай калган.
Бул сурамжылоону уюштургандардын бири Ольга Бузенкова айымдын “Прага үналгысына” маалымдашынча, добуш берип чыккан 1628 кишинин 1310у ыктыярдуу анкета толтурган. Алардын 66,4 пайызы Владислав Даванков үчүн добуш берсе, Владимир Путин үчүн 4,1 пайызы гана добуш берген. Леонид Слуцкий (1,7%) жана Николай Харитонов (1%) үчүн да добуш бергендер болгон.
Ал эми “Free Russians Global CZ” (“Дүйнөлүк эркин орусиялыктар – Чехия”) кыймылынын өкүлү Светлана Дубинкина айым болсо “Прага үналгысына” курган маегинде 15-мартта кечки саат 20:00да консулдук кеңсеси добуш берүү жүрүмүн токтоткон соң дагы калайык таркап кетпестен, маркум Виктор Цойдун “Биз өзгөрүүлөрдү күтөбүз” (“Мы ждём перемен”) ырынын коштоосунда “Уят! Уят!” деп кыйла убакытка чейин кыйкырып турушкандыгын кошумчалады.
Орусиянын расмий маалыматына караганда дагы Даванковдун чет жердеги эң жогорку оң жыйынтыктарынын бири Прага шаарында жетишилди. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 15-мартта Чехиянын борборунда бул талапкер үчүн добуштардын 59,89%ы, ал эми Путин үчүн болсо – 15,68%ы гана берилген.
Чехия өкмөтүнүн улуттук азчылыктар боюнча кеңешинин мурдагы кызматкери Алексей Келин мырзанын айтымында, Путинди жактаган үгүт менен ачык алектенген уюмдар Чехиядагы коомдук мейкиндиктен жок болуп кеткени менен, мындай уюмдар дагы эле тымызын иш жүргүзүп жатышы ыктымал, бирок жаңы кырдаалда алар өздөрүнүн империалистчил нугун ачык көрсөтө албай калышкандай.
Дагы караңыз Вацлав Гавел - чехтердин Бакайы
Мурдагы чех президенти, маркум Вацлав Гавелдин чакыруусу менен баш кеңсеси 1995-жылы Мүнхенден Прагага көчүп келген “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” бир катар тил кызматтары жана редакциялары дагы учурда Чехиянын борборунда жайгашуусун улантып, өздөрүнүн Украинадагы согуш калыс чагылдырылган мултимедиалык маалыматтарын орус, татар, чечен, украин, азербайжан, грузин, казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, кырым татар, англис ж.б. тилдерде интернет аркылуу Евразияга жана дүйнөгө таркатууда.
Чехиянын эгемен жана демократиялуу Украинага карата тилектештиги – бир эле учурда Орусияда сөз эркиндигине, эркин жыйын өткөрүү укугуна, басма сөз эркиндигине жана башка жарандык эркиндиктерге жетише албай өксүп жаткан орусиялык көп этностуу демократиячыл күчтөргө карата дагы тилектештик болуп саналат. Демек, Кремлдеги согушчан режимге каршы бул тилектештик – Орусиянын элине каршы эмес.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.