Орусияда Советтер Союзунун негиздөөчүсү Владимир Лениндин Москвадагы мавзолейдеги денесин жерге берүү демилгеси кайра көтөрүлдү.
Бул жолку талкууну президент Владимир Путинге жан тарткан, Орусиянын курамындагы мусулмандар басымдуулук кылган чечен республикасынын лидери Рамзан Кадыров баштады. Ал эгер Путин буйрук берсе, Лениндин сөөгүн көмүү керектигин Телеграмм социалдык түйүнүнө 2-ноябрда жазды.
- Орусиянын жүрөгүндө, Кызыл аянтта өлүк салынган табыттын болгону туура эмес. Ленинди көмүү - бул акылмандык жана адамгерчиликке жатат, - деген Кадыров мавзолейде өлгөн адамга тигиле кароонун зарылчылыгы жоктугун белгиледи.
Ал ошондой эле 19-кылымда чечендер менен дагестандыктардын орус империясына каршы күрөшүн жетектеген Хажи-Мураттын да башын жерге берүү керектигин кошумчалады.
Лениндин балзамдалган сөөгү ал көз жумган 1924-жылдан бери кыска тыныгууларды эске албаганда Кызыл аянттагы мавзолейде турат. Хажи-Мураттын башы болсо Санкт-Петербургдагы музейде сакталып келет.
Чечен лидеринин билдирүүсүн Мамлекеттик Думанын депутаты Наталья Поклонская колдоп чыкты. Ал Лениндин сөөгү жерге берилсе, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталат деген оюн Фейсбукка жазды.
Бирок бул демилгени Орусиянын Коммунисттик партиясынын лидери и кескин сынга алды. Ал аталган маселе Октябрь революциясынын 100 жылдыгынын алдында көтөрүп жатканын кабыл алынгыс деп мүнөздөдү.
- Гений окумуштуу Алберт Эйнштейн Ленин сыяктуу жаратмандар адамзаттын ар-намысын калыбына келтирип турарын айткан, - деп билдирди Зюганов 2-ноябрда Санкт-Петербургдагы жыйында.
Орусияда 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууну көздөгөн тележурналист Ксения Собчак Ленинди жерге берүү демилгесин өзү алгачкылардан болуп көтөргөнүн, бул маселеде акыркы чекитти эл коюшу керектигин айтты:
- Эми Рамзан Кадыров менден кийин Ленинди көмүүгө чакырууда. Айтмакчы, ал Путин чечиши керектигин кошумчалады. Рамзан Ахматович, Путин чечпеши керек. Орусиянын эли чечиши зарыл. Аны эркин шайлоодо жана референдумда чечиши керек,- деп жазды Собчак Инстаграм барагына.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо бул маселе Кремлдин күн тартибинде жок экенин, резонанс жараткан бул тема боюнча түрдүү пикирлер бар экенин айтты.
Былтыр орус президенти Путин Ленинди жерге берүү тууралуу суроого өз оюн билдирген эле:
- Жерге берүү сыяктуу маселелерге келсек, билесизби, коомду бөлгөн кадамдарды жасабоо үчүн буга кылдат мамиле кылуу керек. Тескерисинче ынтымакты бекемдөө зарыл. Эң башкысы ушул.
Орусия беш күндөн кийин Владимир Ленин жетектеген 1917-жылкы революциянын мааракесин белгилейт. Бул революция коммунисттердин бийликке келишин жана Советтер Союзунун түзүлүшүн шарттаган.
2016-жылы Казакстан да Орусияга расмий кат жөнөтүп, казактардын улуттук боштондук кыймылынын башында турган Кейки баатырдын баш сөөгүн кайтарып берүүнү өтүнгөн. Кейки баатыр атка конгон Нурмагамбет Кокембаев 1916-жылы казактардын Орус империясына каршы көтөрүлүшүнүн башында турган.
Аны Совет бийлиги 1923-жылы өлтүрүп, баш сөөгү Петербургда сакталып келген. Орусия казак тараптын өтүнүчүн канааттандырып, Кейки баатырдын сөөгү бир жыл мурда Казакстанда жерге берилген.