Футбол чемпионатына ыктыярчыларды тандоо эки жыл мурун июнда башталган. Дүйнө жүзүнөн 177 миң каалоочудан өтүнмө түшүп, бир катар сыноолордон кийин 17040 ыктыярчы тандалып алынган.
Талапкерлер чет тилдери менен жеке жөндөмдүүлүктү текшерген тест тапшырып, андан соң атайын маектен өтүшкөн.
Нижний Новгороддогу Жогорку экономика мектебинин 3-курсунун студенти Сыргак Эркинбек уулу - азыркы кезде шаардагы миңге жакын ыктыярчылардын бири. Өзүнүн келишин ал мындайча түшүндүрдү:
- Башкы талаптардын бири - тил. Мен кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Ошондой эле кызыкчылыктарга карайт. Мен азыр экология жаатындагы ыктыярчылардын тобундамын. ФИФАнын бир шарты бар экен, стадиондо таштандыны кагаз, айнек, желим кылып бөлүү боюнча. Биз футбол көрүүчүлөргө жана конокторго ушундай иштер боюнча түшүндүрмө берип жүрөбүз. Ыктыярчылар ар башка өлкөлөрдөн. Танзаниядан, Кытайдан, Индиядан жана Мексикадан келген балдар менен тааныштым. Бүгүн Швеция менен Кореянын оюнун көрөбүз. Ушундай чоң иш-чарага катышып жатканыма кубанычтамын. Тааныш-дос күтүп, тажрыйба аласың, өз өлкөңдү да таанытасың.
Футбол оюндары өтүп жаткан 11 шаарда ыктыярчылардын 15 борбору түзүлгөн. Ыктыярчылар конокторду аэропорт менен вокзалдардан тосуп алып, мейманканаларга жайгаштыруудан баштап футбол аянттарында көрүүчүлөргө маалымат берип, котормочулук кылганга чейин жардам көрсөтүшөт.
Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Чынара Суйменалиева азыр Москвада ыктыярчылык кылып жүрөт. Ал жол киресин өз эсебинен төлөп келген. Ошентсе да келгенине өкүнбөгөнүн айтты:
- 16-июндан баштап «Спартак» стадионунда ишке кириштик. Биз стадиондо конокторду тосуп, аларга жол көрсөтүп жардам берип жатабыз. Мен өзүм спортко кызыгам, анан чемпионатка катышуу дагы кызык болду. Америкалык университте да ыктыярчылык программаларына студенттердин катышуусуна көңүл бурулат. Бизди жатакана, тамак-аш менен камсыз кылып жатышат. Авиабилеттерди өзүбүз алып келдик. Келгениме өкүнгөн жокмун. Бул жакта маанай өзгөчө. Кыргызстандан Орусиянын башка шаарларына учкан башка ыктыярчылар жөнүндө да уктум.
Ал эми Нуржамал Акматалиева акыркы экзамендерди тапшырып коюп Москвага учууга даярданууда.
- Мен 2016-жылы Кыргызстанда Көчмөндөр оюнунда ыктыярчы болгом. Тажрыйбам бар. Англис тилинде конокторду тосуп, тийиштүү маалыматтарды таап берип, көмөктөшүүгө дайым даярмын. Ыктыярчылыкка АКШда FLEX программасы аркылуу окуп жүргөндө ыктап кеттим. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат – бул чоң маараке. Ал жакка Кыргызстандын атынан ыктыярчы катары катышуу мен үчүн маанилүү. Мындай чоң спорттук мааракеден биз артта калбашыбыз керек. Мен университеттеги бүтүрүүчү экзамендеримди тапшырып коюп 25-июндан барып кошулам. Орусияга, Москвага да бара элек болчумун. Кайтканымда Көчмөндөр оюндарында да ыктыярчы болууга тилегим бар.
Орусияда өтүп жаткан футбол чемпионатында ыктыярчы болууга адамдар 112 чет өлкөдөн келишкен. Ыктыярчылардын көбү 18-25 курактагы жаштар болсо, эң улуусу - 80 жаштагы москвич Николай Стёпин. Үй-бүлөлөрү менен футбол чемипонатын өткөрүүгө көмөктөшкөндөр да бар.