Мариуполдон жайкын тургундарды эвакуациялоо иши орус аскерлеринин ок атуусунан улам токтоп калды. Евробиримдик Орусияга санкциялардын жаңы айлампасын даярдап жатканы белгилүү болду. Ага ылайык, орус мунайына чектөө киргизилип, Сбербанк SWIFT системасынан ажыратылышы мүмкүн. Вашингтон Москва Украина чыгышындагы жикчил аймактарды референдум аркылуу аннексиялап алууну пландап жатканын эскертти.
Украина: Москванын жаңы планы
Вашингтон чалгын кызматтарына таянып, Москванын Украина боюнча жаңы планынын четин чыгарды. Кошмо Штаттардын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы элчиси Майкл Карпентер 3-майда билдиргендей, Москва май айынын ортосунда референдум өткөрүп, "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактарды аннексиялап алышы мүмкүн.
Украинанын чыгышындагы бул эки райондогу орусиячыл жикчилдер Москванын колдоосуна таянып, 2014-жылы “референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өз алдынча “көз карандысыздыгын” жарыялап алышкан. Ал эми "Донецк элдик республикасын” түздүк дегендер ошол кезде эле Орусияга кошулуу өтүнүчү менен кайрылган. Батыш бул референдумдарды тааныган эмес. Ал эми Киев бул өнөктүктү Москва уюштурган “фарс” деп атаган. Сегиз жылдан бери эки аймакта 740 миңдей киши орус паспортун алганы белгилүү.
Орусия Украинага басып кирерден мурун Владимир Путин 21-февралда “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамлекеттик Дума ратификациялап берген. 24-февралда "атайын операция" деген жүйө менен Орусия Украинада согуш баштады.
Евробиримдик жаңы санкцияларды даярдап жатат
Ал эми Еврокомиссия Орусияга киргизилчү санкциялардын кийинки айлампасын сунуштоо алдында турат. Ага ылайык, орус мунайына эмбарго киргизилип, эң ири Сбербанк SWIFT эл аралык системасынан толук ажыратылышы мүмкүн. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель бул маалыматты ырастап, башка дагы көптөгөн орус банктары SWIFT системасынан ажыратыларын айтты.
Дагы караңыз SWIFT системасынан чыгаруу: Орусияны эмне күтөт?Балтика боюндагы мамлекеттер кийинки жылдын башынан тарта орус газынан баш тартууну көздөп жатышат. Латвия жылына көгүлтүр от үчүн Москвага 400 миллион евро төлөп келген. Эксперттердин айтымында, Латвия тез арада альтернативдүү булактарды таап, өзүнүн газ терминалын курууга киришүүсү зарыл.
Өкмөт башчы Криьянис Кариньш энергетикалык жактан Орусиядан толук көз карандысыздыкка жетишүү маанилүү экенин баса белгиледи. Ал кошумчалагандай, бул жаатта Эстония жана Финляндия менен сүйлөшүүлөр башталды.
3-майда британ премьери Борис Жонсон украин парламентине кайрылуу жасай турганы күтүлүп жатат. Ал Орусия Украинага басып киргени Жогорку Радага кайрылган алгачкы чет элдик лидер болот. Жонсон Лондон дагы 376 миллион долларга аскердик жардам көрсөтөрүн жарыялайт. Британия буга чейин да Украинага аскердик техника, анын ичинде ракета жөнөткөн.
Мариуполдогу курчоодо калган жайкын тургундарды коопсуз жакка чыгарып кетүү жараяны орус армиясы "Азовсталь" заводун аткылап жаткандыктан токтоп калды. Калаа мэри Вадим Бойченко 3-майда билдиргендей, заводдун жер төлөсүндө украин аскерлери менен дагы эки жүздөй карапайым тургун калууда.
Согуш басма сөз эркиндигине басымды күчөттү
Орусия Украинага басып киргени - аймактагы сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым-кысым күчөдү. Бул тууралуу 3-майда "Чек арасыз кабарчылар" уюму билдирди. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм белгилегендей, согушту чагылдырган кабарчылар курман болуп же жараат алууда.
Дагы караңыз Киевдеги соккудан "Радио Свободанын" журналисти каза болдуСоветтер Союзунун тушундай цензура күчөдү жана жапырт дезинформация жайылды. Сөз эркиндигинин индексинде Орусия 180 мамлекеттин ичинен 155 орунда турат.
Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери басма сөз каражаттарына басым жасап, Украинадагы согушту нейтралдуу чагылдыргыла деген талапты катуулатты. Сөз эркиндиги басмырланган Түркмөнстандын медиасы согуш тууралуу такыр үн ката элек.