Негизги темалар:
• Казакстанда Жаңы-Өзөн боюнча төрт сот иши уланууда.
• Ташкенде «Жок кылуу мүмкүн эмес» деген заманбап өнөр көргөзмөсү аяктады.
Апталык айрым кабарлар:
Өзбекстанда сел эки өспүрүмдүн өмүрүн алды
Кашка-Дарыя вилаятында нөшөрлөп жааган жаандан кийинки селден үйлөргө да көп залал келгени кабарланууда. Чыракчы ооданындагы Умакай айыл башчысы Сайфиддин Юлдошевдин "Азаттыкка" билдиришинче, 2-майдагы селде 1998-жылы туулган мектеп окуучусу Тулкин Диеров уй кайтарып жүргөн жеринен селге кабылып, кийин сөөгү көпүрөнүн алдындагы аңдан табылды. Ушул эле райондун Каноатли кыштагында 14 жаштагы кызды суу алып кетти. Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө февралдан бери ондогон үйлөрдү сел каптады.
Тажикстанда алты жуп ата-эне бойго жете элек кыздарын күйөөгө берген деп соттолууда
Хатлон дубанынын жергиликтүү бийликтери билдиргендей, күнөөлүү деп табылса ата-энелер беш жылга чейинки мөөнөттөргө кесилип кетиши мүмкүн. Жергиликтүү молдолор бийликтердин бул аракеттерине колдоо билдиришти. 18 жаштан баштап үй-бүлө курууга уруксат болгон өлкөдө ажырашуулардын көбөйүшүн социологдор өтө жаш турмуш кургандардын көптүгү менен түшүндүрүшүүдө.
Түркмөнстанда мобилдик байланыш операторуна кайра уруксат берилди
Орусиялык МТС уюлдык оператору 18 айдан кийин кайра ишке кирүүдө. МТСге ээлик кылган холдингдин төрагасы Владимир Евтушенко түркмөн сыналгысынан билдиргендей, бул тууралуу келишим 2-майда жетишилди. 2010-жылы декабрда МТСтин беш жылдык лицензиясынын мөөнөтүн Түркмөнстандын байланыш министрлиги узартпай койгон. Бул кызматтын сапатын сынга алган президент Бердымухамедов өкмөткө мамлекеттик эмес үч уюлдук оператор ишканасын түзүүгө буйрук берген. МТС убагында түркмөндөр арасында популярдуулугу менен өзгөчөлөнгөн.
НЕГИЗГИ БӨЛҮМ
Казакстанда Жаңы-Өзөн боюнча сот уланууда
Былтыр декабрдагы толкундоолорго байланыштуу тополоң салды деп айыпталган 37 тургундун сотунда күбөлөр көрсөтмө беришүүдө. Мындан тышкары, Жаңы-өзөндүн жанындагы Шетпедеги толкундоолор боюнча 12 тургун менен катар түрмө жетекчиси жана 5 тартип коргоочу соттолууда. Тартип коргоочулардын сотунан 3-майда "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Асылхан Маматтын билдиришинче, сурак берген тартип коргоочулардын бири кайсы негизде аларга курал таркатылганын айтып бере алган жок, экинчиси ага кайчы көрсөтмө берди, ал эми дагы бири 17-декарбда кандайча аз дегенде 16 куралсыз тургун атылганын таптакыр унутуп калганын билдирген.
Өзбекстанда пластикалык операциянын популярдуулугу өсүүдө
Ташкенде 3-5-май күндөрү борборазиялык пластикалык хирургдардын регионалдык жыйыны өттү. Ага АКШдан да адистер катышып, оозу жырык туулган балдардын эриндерин түзөтүү маселеси каралды. Ошол эле мезгилде президент Каримовдун кызы Лола Каримованын кору колдоого алган жыйында Өзбекстанда пластикалык операция сапаттуу да, арзан да экендиги байма-бай айтылды.
"Азаттыктын" өзбек кызматынын билдиришинче, бул корго пластикалык операция жасоочу клиникалар карай тургандыгы аныкталган жок. Бирок акыркы кездер өлкөдө мындай операцияларга болгон кызыгуунун кескин өскөндүгү байкалат. Муну ташкендик адис мындайча бышыктады:
- Ташкенде мамлекеттик эмес саламаттык тармагында мындай 10 чакты мекеме бар, алар ишсиз отурган жок, меники эң ириси, 20 жылдан бери иштейбиз, жумасына беш күн, күндө операция жасайбыз, - деди атын атоону каалабаган ташкендик хирург.
Анын айтымында, адамдын жүзүн бырыштан арылтуу 500 доллар, ал эми көкүрөктү чоңойтуп, же кичирейтүү 1500 доллар турат. Адистин айтымында, бул - Орусиядан же Европадагыдан алда-канча арзан. Ташкендеги жыйын жыл сайын өтүп турат.
Ташкенде адаттан тыш көркөм өнөр көргөзмөсү болду
1-майда аяктаган көргөзмөдө көрөрмандар кумараларды сындырышты. 21 жаштагы заманбап сүрөткер Зафар Набиевдин белгилүү авангарддык "Илхом" театрындагы көргөзмөсү «Жок кылуу мүмкүн эмес» деп аталды.
Кандайча кумараны сындырган аны жок кылуу мүмкүн эмес дегенге жатат? "Азаттыктын" ушул суроосуна жаш сүрөткер мындайча түшүндүрмө берди:
- Адамдар көпчүлүк учурда конформист келет, башкача айтканда, эрежелерге ойлонбостон баш ийет. Мындай адам өзгөрүшкө умтулбайт. Көргөзмөдө биз бүгүн кумараларды сындырабыз, эртеси жаңы кумараларды алып келебиз. Баары кайра башынан башталат. Ошондуктан жок кылуу мүмкүн эмес деп айтабыз.
Заманбап өнөрдү ар ким эле түшүнө бербейт, ошондуктан мен Зафардан кумара сындырганда кандайча өнөр жаралаарын сурадым.
- Мен болгону белгилүү кырдаалды түздүм, ал кырдаалда көрөрмандын иш-аракети менен көркөм өнөр жаралды. Кумара өзү көркөм өнөр боло албайт. Көрөрман келип, аны сындырганда гана өнөр жаралат. Башкача айтканда, көрүүчү жана сүрөткер орундары менен алмашып калат.
Бул көргөзмөнүн саясий аспектиси барбы, себеби Орусияда мисалы сүрөткерлер шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы болушат. Бул суроомо Набиев терс жооп берди:
- Көргөзмөнүн саясий аспектиси жок, бул жаңы көркөм өнөрдүн чегиндеги гана чыгармачылык.
Бутпарастарда жана индустарда мандала деп аталган «ыйык өнөр» бар, майда заттардан көп күндөр бою айлана, төрт бурчтуктар жасалат жана аягында аны бир заматта бузуп салышат. Максаты – бул дүйнөдө адам жана аалам бир, бирок туруктуу эч нерсе жок дегенге моюн сунуу. Ошол эле убакта башка чыгыш элдеринин менталитетинде барды жок кылбаш керек, бак отургуз, үй сал деген менталитет бар.
«Жок кылуу мүмкүн эмес» көргөзмөсүнүн концепциясы мына ушундай жаратмандыкка каршы коюлгандай. Бирок сүрөткер жаратмандык менен катар жаңыдан коркпоо жөнүндө айткысы келген:
- Конформизм көп улуттарга тийешелүү. Бул өзбек менталитети жөнүндө эле эмес, адамдардын көбү жаңылыкты каалабайт. Жаңы нерсе жаңыланууга алып келет. Мындан качып кутула албайбыз.
Набиев советтик армияда кызмат өтөгөн офицердин үй-бүлөсүндө Германиянын Подстам шаарында төрөлгөн, Ташкенде бой жетип, Бенков атындагы живопис коллежин, кийин Сүрөт жана айкел институтун бүтүргөн. «Жок кылуу мүмкүн эмес» анын алгачкы жеке көргөзмөсү болуп калды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.