Ташкенттик имам өлкөдөн чыгып кетти

Фазлиддин Парпиев

Ташкенттин Юнусобод районундагы "Омина" мечитинин мурдагы имамы Фазлиддин Парпиев өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу ал 19-декабрда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирип, буга өзбек прокуратурасынын эскертүүлөрү себеп болгонун айтты.

- Элди таштап, чыгып кеттим. Ушуга мажбур болдум. Артка карап үмүт кыла турган нерсе аз калды, башкача айтканда алдыга көбүрөөк караш керек. Жанымды сактоо – үй-бүлөмдү сактоо. Бул жерде менин колумдан көп нерсе келбейт. Демек мен “Алла таалам өз сактоосуна алсын” дедим да, чыгып кеттим, - деп видео билдирүү жайгаштырды "Фейсбуктагы" баракчасына Ташкенттин Юнусобод районундагы "Омина" мечитинин мурдагы имамы Фазлиддин Парпиев.

Анын туугандарынын айтымында, молдо 17-декабрда Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан үйүнө кайтып келген. Эки сааттан кийин жергиликтүү милициянын терроризмге каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери үйүнө келип, аны суракка алышкан.

Дагы караңыз Өзбекстан: блогерлерди сестенткен камоо

Туугандары сурак маалында мурдагы имамдан социалдык түйүндөрдө жигердүүлүгүн, “саясий билдирүүлөрдү” жазуусун токтотууну талап кылышканын айтышууда. Андан кийин аны менен шаардык прокуратурада Ташкенттин прокурорунун орун басары да бир саат маектешип, милиция кызматкерлери айткан талапты кайталаган.

Ушул окуялардан кийин Парпиев жубайы жана эки баласы менен Казакстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирүүдө. Өзүнүн айтуусунда, чек ара бекетинде да аны бир канча убакыт кармашкан. Ал Өзбекстандан миңдеген чакырым алыска кеткенин белгилеп, бирок кайсы жерде экенин так айткан жок.

Ташкенттик имам быйыл 7-сентябрда өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видео аркылуу кайрылып, укук коргоо органдары жарандардын дин тутуу укугун бузуп жатканын айткан. Анда имам милиция кызматкерлерин “сакалчан мусулмандар менен хижаб кийген аялдарга басым жасап жатат” деп айыптаган. Бул кайрылуудан көп өтпөй муфтият анын жасаганын туура эмес деп баалап, имамдыктан алган.

- Мен эмнени каалап турсам ошонун баарын айттым. Менин милдетим чындыкты элге жеткирүү жана бул милдетти аткардым. Эч кандай мыйзамды бузганым жок. Мени эл алдына чыгып сүйлөө укугумдан ажыратып коюшту. Андыктан мындан кийин эч кандай кайрылуу жасай албайм, - деп билдирген имам иштен алынгандан кийин.

Фазлиддин Парпиев "Фейсбуктагы" акыркы постторунун биринде Өзбекстанда “өзбектерден башкалардын баарына сакал коюуга уруксат. Карапайым адамдар да өзбектерден башка улуттун өкүлдөрүнө сакал койбо деген тыюу жок экенин билишет. Эгер сакал койсоң анда орусчаны да үйрөнүп ал” деп жазган. Молдонун туугандарынын айтымында, укук коргоочулар анын ушул постунда “улутчулдукка чакыруу” бар деп белгилешкен.

Фазлиддин Парпиев 2011-жылы Сауд Арабиянын Мадина шаарындагы Ислам университетин аяктаган. Андан соң 2016-жылы Ташкенттеги Имам Бухари атындагы ислам институтун бүтүргөн. Ал эми “Омина” мечитинин имамы болуп август айында дайындалып, бул ордунда бир ай гана иштеген.

Өзбекстанда быйыл сентябрда да мектепте хижаб кийүүгө тыюу салган мыйзамды сындаган бир топ блогерлер кармалып, административдик жоопко тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.