Өзбекстан азык-түлүк импортуна жол ачат

Өзбекстанда 1-сентябрдан тарта эт, ун, май өңдүү негизги мал жана айыл чарба азыктарын импорттоодо акциз, бажы салыктары жоюлуп, азайганы жатат.

Өлкөдө соңку кездери азык-түлүк болуп көргөндөй кымбаттап кетти. Эң ириде эт каатчылыгы күчөдү жана жыл башынан бери бодо мал менен кой этинин баасы дээрлик 50 пайызга өстү.

Айрым эксперттер Кыргызстан менен Өзбекстан экономикалык алака-катышын жакшыртса болоорун, расмий Бишкектин мал, айыл чарба продукцияларын коңшу өлкөгө экспорттоо мүмкүнчүлүгү көп экенин айтып келишет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тышкы экономикалык ишмердүүлүктү тартипке салуу тууралуу токтомго 15-августта кол койду. Ага ылайык, эмки айдан тарта сырттан алынып келген эт, дан азыктарына, тоютка акциз салыгы толугу менен жоюлмакчы. Ушул эле күндөн тартып май, картошка, кумшекер жана буудай, арпа, таруу өңдүү дан азыктарынын уругуна, дары-дармек жасаганга керектелчү сырьенун импортуна бажы салыгы кескин азаймакчы.

Кыргыз-өзбек соода алакасы качан жакшырат?

Кыргыз-өзбек соода алакасы качан жакшырат?

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкек сапарынан соң эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, анын ичинде экономикалык карым-катыш жакшы жагына өзгөрөт деген үмүттөр жанданууда.

Эгемендик алгандан бери негизинен өз базарын коргоо саясатын жүргүзүп келген расмий Ташкенттин мындай чечими түрдүүчө бааланып жатат.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Замира Эшанова импортко жол ачуунун бир канча себептерин атады:

- Биринчиден, Өзбекстанда азык-түлүк соңку кездери абдан кымбаттап кетти. Айрыкча эт 20 миң сумдан 40-45 миңге чыкты. Мирзиёев быйылкы жылды "Эл менен баарлашуу жылы" деп атаган. Мисалы, мамлекеттик телеканалдарда "сизди азыр эмне көбүрөөк түйшөлтөт?" деген суроого элдин жообун көрсөткөндө баары азык-түлүктүн баасы кымбаттап кеткенине нааразы. Мирзиёев мунун баарын көрүп жатат. Бул жерде бир аз популисттик саясат да бар. Ал акимдерге бааны көзөмөлдөөнү тапшырды. Акимдер болсо эттин баасы 25 миң сумдан ашпайт деп убада беришти, бирок базарда эт 45 миң сум турат. Экинчиден, Өзбекстанда 1-сентябрдан тарта конвертация болгону жатат. Бизге ун, эт, май өңдүү азыктар импорт болуп келет. Эгерде акциз салыгын алып салса анда азык-түлүктүн баасы да төмөндөйт. Эгерде конвертация болсо анда доллар эки эсе кымбаттайт, аны менен кошо импорттолуп келген азык-түлүктүн дагы баасы кымбаттайт. Мисалы, бир кап ун бүгүн 100 миң сумга кирсе, эртең 200 миңге кирет, мунун айынан ундун баасы эки эсе кымбаттайт. Мирзиёев баанын кескин жогорулап кетишин дагы алдын алганы жатат.

Өзбекстандын үч облусу Кыргызстандын үч облусу менен чектешип турат. Кыргызстандык академик Жамин Акималиевдин пикиринде, Кыргызстан өз керектөөсүнөн көп өндүргөн мал, айыл чарба продукцияларын коңшусуна экспорттоо мүмкүнчүлүгү чоң:

- Советтер союзунун тушунда биз Өзбекстанды нан, кумшекер менен камсыз кылчубуз. Буудай, арпа жана башка өсүмдүктөрдүн уругу менен камсыз кылчубуз. Советтер союзу кулагандан кийин булар "өзүбүздү өзүбүз багабыз" деген саясат жүргүзүшкөн. Ошонун кесепети азыр тийип жатат. Мисалы, ушул тушта Өзбекстанга картошка жетишпейт. Биз болсо өз муктаждыгыбыздан эки эсе көп чыгарабыз. Өзүбүзгө 600 миң тонна керек болсо, биз бир миллион 200 миң тонна чыгарабыз. Биздин картошканын көбү Казакстанга кетет, кээде алар да албай коюп жатат. Өзбекстан болсо Орусиядан, Германиядан, Польшадан картошка алып жатат. Биздин картошканы алганга эмнеге болбосун? Эт мурдатан бери эле Өзбекстанда кымбат болчу, алар бизден эт, сүт алса болот. Тилекке каршы азыр эки өлкө ортосунда экономикалык карым-катнашта жылыш болбой жатат. Эки тараптуу келишимдер менен соода-сатыкты күчөтсө болот эле. Өзбекстанда 32 миллион эл бар, өздөрүнүкү өздөрүнө жетпегендиктен импорттоочуларды кызыктырып жатышат. Негизинен соода-сатыкты жакшыртуу сөз эле болуп жатат, алар бизге келишет, биздикилер аларга барышат, бири-бирин коноктоо менен эле чектелип калып жатат. Өзбекстанда, мисалы, жер семирткич чыгарылат, айыл чарба продукцияларын ошол жер семирткичке алмаштырып алака кылса деле болот.

Шавкат Мирзиёев былтыр декабрь айында Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийин коңшулар менен экономикалык, соода-сатык алака-катышты жакшыртууну убада кылган.

2016-жылы расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 200 миллион доллардан ашкан эмес.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков "Азаттыкка" курган маегинде коңшу мамлекеттер үчүн бул өтө эле аз деп билдирген жана соода-сатыкты жакшыртуу боюнча келишимдерге кол коюлуп, сунуштар даярдалып жатканын маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.