Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Кыргыз-өзбек соода алакасы качан жакшырат?


Баткендеги кыргыз-өзбек чек ара бекети. Шаймерден, апрель, 2017-жыл.
Баткендеги кыргыз-өзбек чек ара бекети. Шаймерден, апрель, 2017-жыл.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкек сапарынан соң эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, анын ичинде экономикалык карым-катыш жакшы жагына өзгөрөт деген үмүттөр жанданууда.

Баткендик ишкер Жаныбек Арзымбетов союз кулагандан бери эле Өзбекстанга товар алып барып сатып, ал жактан кайра товар жүктөп чыгып жүрчү. 2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан бир тараптуу чек араларын жаап салгандан кийин, соода-сатык да кан буугандай токтогон. Маектешибиздин айтуусунда, учурда Сох анклавы аркылуу аткезчилик жолдор менен азыраак соода болуп турат:

- Сох району адатта эмнеге муктаж болсо, андай товарларды Кыргызстандан оңой эле киргизет. Мисалы, көмүр, азык-түлүк, ун, май, малдын тоютун аткезчилик жол менен болсо да, оңой эле киргизишет. Ал эми алардан товар алып чыгуу оорураак. Сохтон бизге күрүч, кумшекер чыгат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол чек ара бекети. Бүгүнкү күнү булардын ичинен үчөө гана ачык. Алардын ичинен бирөө: Баткендеги Кадамжай чек ара бекети автоунаалар үчүн ачык. Тагыраак айтканда, бул бекет аркылуу Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох, Шахимардан анклавдарына транзиттик жол менен товар ташылат.

Ишсиз калган ишкерлер

Баткендеги Халмион, Алга айылдары мурунку убактардан эле чектеш жайгашканКыргызстан менен Өзбекстандын Фергана, Баткен, Ош облустарынын эли үчүн соода-сатык аймагы болуп келген. Бүгүнкү күнү Халмиондогу "Баяман баатыр" базары чек ара бекеттеринин жабылганына байланыштуу ээнсиреп турат.

Аталган базардын ээси Умсунай Эркинбаева кыргыз-өзбек чек арасы ачылып, мурункудай эркин соода жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, карапайым соодагерлер үчүн жакшы болмок деген пикирин "Азаттык" радиосу менен бөлүштү:

- Чек ара ачылса өтө жакшы болот. Соода-сатык күчөмөк. Элге өтө жакшы болмок. Мисалы, азыр биздин базарда 440 контейнер бош турат. Өзбекстандан мөмө-жемиш алып келип сатылуучу 400 орун бош калган. Чек аранын жабылышынан базардагы миңге чукул орун бош калып, ал жерден нан таап жеп жаткан кишилер ишсиз калды. Айрым адамдар чек арада киши, товар ташып иштөө үчүн насыяга автоунаа алышкан эле, алар да жумушсуз калып, насыя төлөй албай, кыйналышты.

Халмион базары аркылуу негизинен Кыргызстандын "Карасуу", "Дордой, "Мадина" базарларынан алынган кытайдын товарлары өтүп турчу.

Ушундай эле көрүнүш мурдатан соодасы кызуу болуп турган Карасуу, Сузак жана Аксыдагы чектеш аймактагы базарларда да бар.

Жабылган чек аралар, азайган соода

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралар 2010-жылкы апрель, июнь окуяларынан кийин бекем жабылган. 2010-жылы 8-апрелде Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошол эле жылы 1-ноябрда чек арадан адамдардын өтүүсүнө да чектөө киргизилгени белгилүү.

Расмий маалыматтар боюнча, 2009-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасы 279,3 млн долларга жеткен. Чек ара жабылгандан кийин, 2011-жылы бул көрсөткүч 132 млн долларга чейин төмөндөгөн. 2012-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон соң эки өлкөнүн соода алакасы дагы ылдыйлаган.

Чечилбес чек ара...

Чечилбес чек ара...

Кыргызстан менен Өзбекстан 1378 чакырым аралыкта чектешет. 320 чакырым чек ара тилкеси ушул кезге чейин такталбай келет.

Ал эми өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода алакасы 170 млн долларды түзгөн. Бул мурунку жылдарга караганда көп. Самаркандагы жолугушууда эки өлкөнүн мамлекет башчылары бул көрсөткүчтү 500 млн долларга чейин көтөрүүнү максат кылышканы белгилүү. Быйылкы жылдын алгачкы кварталында эки өлкөнүн соода алмашуусу өткөн жылга караганда 1,8 эсеге көбөйгөн. Тагыраак айтканда, алгачкы беш айдагы соода алмашуу 70 млн долларды түзгөн.

16-августта Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары жолугушкан соң кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу экономикалык карым-катышты күчөтүүгө жол ачылганын белгиледи:

- Биз бүгүн соода алаканы күчөтүү жана бул үчүн түрдүү чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө сүйлөштүк. Өзбекстандан бизге айыл чарба техникасын, автоунааларды, тиричилик техникаларын сатууга даяр. Кыргызстан кайра иштетилген айыл чарба азыктарын, тамак-аш, эт-сүт азыктарын, кездемелерди жана электр лампочкаларын сата алат.

Өкмөт башчынын айтуусунда, Кыргызстан аба жолдорун, автоунаа жана темир жол байланыштарын кайра жандантууга кызыкдар. Ушундай эле сөздү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов да белгилеп, жакынкы убактарда эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуунун көлөмүн көбөйтүп, автоунаа, темир жол жана башка транспорт байланыштарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин журналисттерге билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча, өткөн жылдын күзүнөн бери чек араларда аткезчилик жол менен товар ташуу кайра жанданууда. Учурда Кыргызстандан Өзбекстанга эт-сүт азыктары, жашылча-жемиштер, малдын тоюту байма-бай киргизилип жатканы, мындан улам жергиликтүү базарларда баа өсүп жатканы айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG