Күйөөдөн кордук көргөн келин куткарылды

Иллюстрация

Кытайлык жарандарга турмушка чыккан өзбекстандык эки келин мекенине кайтарылды. Алар Өзбекстандагы Нике агенттиктери аркылуу кытайлыктар менен Интернетте таанышып, баш кошкон.

Экөө тең Кытайда үйдө камалып, запкы көргөнү тууралуу видео билдирүү менен чыккандан кийин дипломаттардын жардам берип, Өзбекстанга кайтып келишкен.

Кытайлык жаранга баш байлагандардын бири - 23 жаштагы Мафтуна Холматова келин болуп барган күндөн тарта эле кордук көргөнүн айтып, Интернет аркылуу өзбек бийлигинен жардам сураган. Ал күйөөсү, кайын- журтунан жашыруун өзү жашаган шартты тартып жарыялап жатканын билдирген.

"Беш айдан бери мени ушул бөлмөгө камап коюшат. Даараткана да жок. Мына бул идишти алып келип беришкен. Күн сайын сыртынан үйдү бекитип кетишет. Эшикке иштетүү үчүн гана чыгарышат. Күйөөм болбогон шылтоолорду таап, күн сайын уруп-сабайт. Мажбурлап, зордуктайт. Ата-энеси да мени сабайт. Эгерде "Өзбекстанга кайтам десең, Кытайдагы мусулмандардын камагына отургузам" деп коркутуп-үркүтөт. Камактагы аялдардын кыйналып-азап тартканы тууралуу видеолорду көрсөтөт. Ар күнү кара жумушта иштейм. Башка аргам жок. "Биз сени сатып алганбыз" дешип оор иштерге салышат. Баш тартсаң, ур-тепкиге алышат. Кышы бою сыз бөлмөгө камап, ач калтырган күндөрү болду. Паспортумду жана башка документтеримдин баарын тартып алышкан. Ата-энем менен сүйлөштүрбөйт. Эки жолу качып чыгып, полицияга бардым. Алар мага эч кандай жардам берген жок".

Дагы караңыз "Менин күйөөм кытай..."


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Мафтуна Холматованын кайрылуусун 26-мартта социалдык тармактардан көргөндөн кийин Шанхайдагы консулдуктун кызматкерлери аны алыскы райондордун биринен таап, жолугушканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Холматова былтыр июнда Намангандагы Нике агенттиги аркылуу Кытайдын атуулу Яо Венхао менен Интернет аркылуу таанышкан. Анын Кытайдагы бардар жашоо жөнүндөгү убадаларына ишенип, расмий никеге туруп, Кытайга учуп кеткен.

Мафтуна быйыл 28-мартта консулдуктун жардамы менен Бээжинден Ташкентке жеткирилген.

"Мен мекенибизге жеттим. Азыр Ташкент эл аралык аэропортунда турам. Кайтып келишиме жардам бергендерге абдан ыраазымын", - деген сүйүнүчүн Мафтуна "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди.

Өзбекстандык кыз-келиндердин чет жактарда мындай тагдырга кабылышы биринчи жолку эмес. Февралда Нике агенттиги аркылуу кытайлык жаранга баш кошкон намангандык Саида аттуу 20 жаштагы келин да көргөн азап-тозогу жөнүндө Интернетке жарыялагандан кийин Өзбекстанга алып келинген.

Дагы караңыз Кореядан бакыт издеген келин көчөдө калды

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Азиз Нурдун айтымында, Өзбекстанда бойдок кыз-келиндердин Нике агенттиктерине кайрылган учурлары көп экени байкалат:

"Бул "Азаттык" акыркы бир ай ичинде жарыялаган экинчи окшош окуя. Мурдараак өзбекстандык Саида да кытай жаранына турмушка чыгып, ал жакка барган. Өзүнүн жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн буга макул болгонун, күйөөсү эч кайда чыгарбай камап, ыдык көрсөткөнүн айткан. Ошондо да Саида Өзбекстандын Кытайдагы элчилигинин аралашуусу менен туулган жерине кайтарылган. Элчилик жетекчилиги мындай тагдырга кабылган кыз-келиндерге жардам берүүнү тапшырды".

Кытайлыктар менен турмушунан жолу болбой кайтып келген Мафтуна да, Саида да Намангандын жашоочулары. Экөө коңшу турат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттерге баргандарды өлкөнүн ошол жактагы консулдугунда сөзсүз каттоого турууга чакырууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.