Тажикстан: электр баасы элди ойлонтууда

“Барки Точик” энергохолдинги.

Кыш жакындаганы Тажикстанда электр энергиясынын маселеси кайра көтөрүлдү. Эми өткөн жылдардагыдай жапырт жарык өчүрүү болбойт делген. Бирок борбор шаардын тегерегиндеги айылдарда абал башка. Ошол эле маалда баасы улам көтөрүлүп жатат.

Жалп өчкөн жарык

Дүйшөмбүнүн четиндеги Чимтеппа – же Чымдөбө айылынын тургундары эки жумадан бери электр энергиясына мукурап турушат. Жарык эртең менен жана кечинде гана – суткасына жети сааттан берилүүдө. Күндүзү жана түнү цивилизациядан кабар жок. Кенен-кесири жуунуп-чайынганга да болбойт. Жарык жок - суу да жок.

- Өткөндө айылда жыйналыш болду. Ошондо оңдолуп атат, электр жакында болот дешкен.

- Кечки алтыда күйгүзүп туруп тогузда өчүрүп коюшту. Эртең менен намазга чейин эки саат гана жарык беришти.

- Суу жок. Бул жерде сууну тереңден насостор тартып берет. Электр болбосо ал кайдан иштемек эле, - деп нааразы айылдыктар.

""Өчүрүлөт" деген эскертүү болгон эмес, болбосо даярданат элек" дешет дүкөндөгүлөр. Алар муздаткычтагы товарлары бузулуп, чыгым тартышканын айтышты.

Тажикстан 2020-жылга чейин толук энергетикалык өз алдынчалыкка жетүү аракетинде.

Айылдыктар "өткөн жылдардагыдай чектемей башталдыбы" деп күмөн санап жатышат. Мамлекеттик “Барки Точик” энергохолдингинин басма сөз катчысы Нозир Ёдгори "андай эмес, болгону профилактикалык жумуштар жасалууда" деп түшүндүрүүдө:

- Бул маселе актуалдуулугун жоготту. Жакында баары бүтөт.

Андай болсо "түнү өчүрүп эмне кылышат", ""бүтөт" деген убада көп айтылган" деп ишенишпейт айылдыктар.

Суткасына бир нече саат гана электр берилип, колго тийгени менен үйдү жылыткан, шам жагым жарык кылган жылдар тажикстандыктардын үшүн алган жайы бар. Өлкөдө былтыр гана жапырт жарык өчүрмөй болгон жок.

Президент Эмомали Рахмон Рогун ГЭСин толук куруп, өлкө 2020-жылга чейин энергетикалык таңкыстыктан арыларын билдирген.

Жаңыланган баалар

Ошол эле маалда электр маселеси элдин чөнтөгүнө сокку урганы турат. Жаңы токтомго ылайык, 1-ноябрдан тартып электрдин киловатты 19,37 дирамга чаап барат. Бул 1 сом 40 тыйын тегереги. Ноябрга чейинки төлөм 16,85 дирам. Бирок ушул тарифтин коюлганына деле көп болбоду. Акыркы бир жылда электр энергиясынын баасы экинчи ирет өзгөрүп жатат.

Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин планы боюнча акыркы үч жылда бул баа дагы көтөрүлүшү керек. 2020-жылга карата 1 кВт/саат энергия 20 дирамдан ашат.

“Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда өкмөт Дүйнөлүк банктын сунуштамасынын негизинде бааны жылына 20% көтөрүүдө.

Бул энергетика тармагы өзүн өзү акташы үчүн көрүлчү чара катары 2006-жылы эле макулдашылган экен. “Барки Точик” энергохолдинги тарифти көтөрүү "энергетика объектилерин иштей турган абалда кармап туруу үчүн зарыл, ага чоң каражат талап кылынат" деп билдирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.