Регнум агенттиги "Тажикстан Борбор Азиядагы эң кооптуу дамбанын жырылып кетишине даярданып жатат" деп жазды. Тажикстандагы Сарез көлүнө жана анын тегерегиндеги аймактарга сателлиттик система көзөмөлү коюлган.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сарез, Бартанга жана Рушана көлдөрүнүн жанында отурукташкан калк үчүн эвакуация боюнча окутуулар жүргүзүлүп жатканын маалымдаган. Рушана районунда азык-түлүк сакталган 16 кампа түзүлгөн.
Макалада Сарез көлү «уйкудагы ажыдаар» катары сүрөттөлөт. Эгерде катуу жер титирөөдөн кийин пайда болгон көлдөгү тосмо жырылып кетсе, анда Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстанда жашаган миллиондогон калк коркунучка кабылышы мүмкүн деп айтылат. Бул табигый пайда болгон тосмонун бийиктиги 567 метр, көлдүн тереңдиги 500 метр, ал эми андагы суунун көлөмү 17 км. куб. Тажикстан сейсмологиялык кооптуу аймак экени, өлкөдө он миңдеген жер титирөөлөр катталары кошумчаланат.
ЕБ Өзбекстандын айыл чарбасына көмөктөшөт
Независимая газета Европа Биримдиги Ташкентти башкы стратегиялык өнөктөш катары жарыялады деп баяндайт. Европа Биримдиги Өзбекстанда 168 миллион еврого бааланган бир катар долбоорлорду ишке ашырат. Долбоорлор өлкөдө экономикалык активдүүлүктү жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өзбекстандык ишкерлер менен кызматташууга багытталмакчы. Каражаттын басымдуулугу өлкөнүн айыл чарба, энергетика жана суу чарбасын өнүктүрүүгө которулат.
Макалада Европа Биримдиги президент Шавкат Мирзиёевдин экономика тармагындагы жана бизнес чөйрөсүндөгү реформаларын баалап, тышкы саясий багытын колдоого алууда делет. Мурдагы совет өлкөлөрү боюнча эксперт Ашот Манучарян Европа Биримдиги үчүн Өзбекстан Борбор Азияда башкы стратегиялык өнөктөш болуп калганын белгилеген.
Ташкент менен Ашхабад атаандашууда
EurAsia Daily басылмасы Өзбекстан менен Түркмөнстан Евразиянын транспорттук борбору болуу үчүн атаандашууда деп жазды. Макалада Ашхабад менен Түркмөнбашы шаарларында эки эл аралык аэропорт курулганы, расмий Ашхабад бул аба майданында эл аралык аба каттамдарды тартууга бир катар жеңилдиктерди сунуштап жатканы айтылат.
Жыл башында расмий Дүйшөмбү менен Ташкент Түркмөнстанды айланып өтүүчү жаңы темир жолун курууну талкуулаганы расмий Ашхабадды капа кылганы макалада белгиленет. Ашхабад өзү Тажикстан-Ооганстан-Түркмөнстан темир жолун курууга ашыгып турганы, бирок, Ооганстандагы абал бул долбоорду ишке ашырууга тоскоол болуп жатканы да мында айтылат. Долбоорго каржылык колдоо көрсөтүүчү Азия Өнүгүү банкы дагы келишимден баш тартканы макалада белгиленет.
Батышты көздөгөн мигранттар
Лента. Ру "Тажикстандан Орусияга мигранттардын агымы азаюуда" деп жазды. Тажикстандын Эмгек жана миграция министрлиги жыл башынан бери Орусияга 237 миң адам чыгып, 160 миңи кайра кайтканын маалымдаган. Тажикстан Кувейт, Катар, Араб эмираттары жана Түштүк Корея менен миграция боюнча эки тараптуу келишимдер түзүп жатканы айтылат.
Макалада тажик өкмөтү миграция агымын өнүккөн Батыш Европа жана Азия өлкөлөрүнө буруу үчүн болжолдуу эмгек көчмөндөрүнө чет тилдерин үйрөтүү, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жаатындагы программаларды ишке ашырууга ниеттенип жаткандыгы баяндалат. Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда кеминде 800 миңдей тажикстандык мигрант иштеп келет.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.