Маржон менен Саидшонун өзгөчө тою

Саидшо Асроров

Тажикстанда Хатлон облусунун Курган-Төбө шаарындагы тойканалардын биринде 27-августта Маржон жана Саидшо аттуу эки жаштын үйлөнүү тою өтөт.

Бул өзгөчө той. Анткени президент Эмомали Рахмон Хатлон облусуна барганда райондук аткаминерлерге айылдык мектептин тарых мугалими Саидшого колукту таап, үйлөндүрүүнү табыштаган. Буга чейин тааныш болбогон эки жаш бири-бири менен үйлөнүү күнү гана көрүшмөкчү.

Тажик президентинин аймактардагы сапары негизи бир топ кызык окуялар менен коштолот.

Баары мындан он күндөй мурун башталган. Президент Эмомали Рахмон 16-августта Хатлон облусун кыдырганда Заргар айылына да тие кеткен. Айылда активисттер менен жолугушууда Бахтор районундагы №39 орто мектептин 23 жаштагы тарых мугалими Саидшо сөз сүйлөгөн. Ал өлкө башчысына билим берүү тармагына жана жаш муунду тарбиялоого көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдирип, анын урматына төрт сап ыр айтканга да жетишкен.

Рахмон болсо жаш мугалимдин үй-бүлөлүк абалына кызыккан. Жолугушуу бүткөндөн кийин Эмомали Рахмон райондун аткаминерлерине жаш мугалимге чукул арада колукту таап, үйлөнүү тоюн өткөрүүгө жардамдашууну тапшырган.

"Азаттыктын" тажик кызматы Саидшо менен байланышканда ал президент менен жолугушуу эстен кеткис болгонун айтып, кубанычын жашыра алган жок:

- Мен сүйлөп жатканда абдан толкундадым. Президент өзүм, үй-бүлөм тууралуу сурады. Менден "үйлөнгөнсүңбү?" деп сурады. Мен үйлөнө электигимди айттым. Ал андан кийин райондун жетекчилерине тоюма байланышкан маселелерди чечүүнү тапшырды. Анан эми ушинтип үйлөнгөнү да жатам.

Президенттин тапшырмасын район жетекчилиги тезинен аткарууга киришкен. Аткаминерлер баарылап колукту караштыра баштаганда Саидшо аларга кесиптеши, дене тарбия мугалиминин кызы Маржонго үйлөнгүсү келерин айткан. Саидшо Маржон Курган-Төбөдө медициналык коллежде окуп жатканда бир ирет сыртынан көрүп эстен тангыча жактырып калган экен.

Акимчиликтин кызматкерлеринен турган жуучулар Маржондун үйүнө 19-августта барып, ата-энесинен кыздын колун сурашкан. Жуучуларды Бахтор райондук идеология бөлүмүнүн жетекчи орун басары Дилафуз Махмадалиева жетектеп барган. Анын "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришинче, Саидшо райондогу билимдүү, татыктуу, тың кыздардын бирине баш кошкону жатат:

- Биз өзүбүз эле куда түшүп бардык. Саидшонун үй-бүлөсүнүн колунда жок. Анын ата-энеси пенсионер. Кудага өзүбүз камдандык. Колуктуга жана анын үй-бүлөсүнө белек-бечкек сатып алдык. Алардын тоюн ушул жекшембиде ресторанда өткөрөбүз. Биз тойго кеткен чыгымдын баарын, милдетин өзүбүзгө алдык. Биз кыздын үй-бүлөсүнө да жардам бердик. Колуктуга керектүү нерселерди сатып алууга 16 миң сомони бердик.

Маржондун апасы Савлатби Худойдодованын айтымында, кызынын колун сурагандар буга чейин деле болгон, бирок Маржон турмушка чыккандан кийин да өз кесиби менен иштеши керек деген шартты уккандан кийин алардын баары "көздөн кайым" болушкан.

Маржон Худойдодова

Маржон дага анын иштегенине каршы чыкпаган адамга турмушка чыгууну самап жүргөнүн айтты. Болочок күйөөсүн бир дагы жолу көрбөгөнүн, үйлөнүү той күнү жолугушарын кошумчалады:

- Менин колумду сураганы келишкенде үйдө болчумун. Жуучулар менин ата-энем менен сүйлөштү. Алар мен турмушка чыкканда да иштегениме каршы болушпаса гана макул болобуз деп айтышты. Мен ооруканада иштегим келет. Колумду сураткан жигитти көрө элекмин. Биз дем алыш күнү тойдо гана көрүшөт окшойбуз.

Маржон тойдо өзү тиккен улуттук көйнөктү кийгени жатат. Анын айтымында, үй-бүлөсүндө айрыкча кыздардын билим алуусуна өтө көп көңүл бурулат.

Маржондун эки агасы, эжеси менен жездеси врач болуп иштейт. Апасы да мектепти бүткөндөн кийин медициналык окуу жайга тапшырган, бирок эми эле окуй баштаганда турмушка чыгып, балдарын удаа-удаа төрөп, окуусун бүтпөй калган.

Ушул тушта эки жаштын тоюна камылга кызуу жүрүп жатат. Мыйзамдын талабына жараша жаштар медициналык текшерүүдөн өтүштү, 150 адамга чакыруу жөнөтүлдү.

Тажик президентинин жеке тапшырмасы менен буга чейин үйлөнүү той өткөн эмес. Бирок президент менен жолугушуудан кийин айрым адамдардын тагдыры кескин өзгөргөн учурлар болгон. Мисалы, кимдир бирөө жумуш тапса, кай бири иштен алынган, президенттин амири менен окууга өткөндөр да болгон.

Тажикстанда аймактарда президент Эмомали Рахмондун сапарына, жолугушууларына бир канча ай алдын ала тыкыр даярдык көрүлөт жана чыгымы да чоң болот.

Президенттин келишин анын көзүнө көрүнүп кошомат кылып калууну каалагандар да, бир канча жылдан бери чечилбей жаткан көйгөйүн жеткиргиси келгендер да зарыгып күтөт. Бирок арыз-муңу бар жарандардын Эмомали менен жолугушуусу дээрлик мүмкүн эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.