Тажик бийлиги элге улуттук кийим кийгизет

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы жарандарды улуттук кийим кийүүгө жана мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорду колдоду.

"Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамды толуктап, алымча-кошумча киргизүүнү президент Эмомали Рахмон өзү сунуштаган. Анын алдында Рахмон улуттук каада-салтка жат кийингендерди кескин сынга алган. Укук коргоочулар мындан кийин хижаб, сатр кийгендерге каршы калайман жараян башталганын айтып чыгышкан.

Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы 23-августта кезексиз жыйынга чогулду. Анда "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамга 10дон ашык толуктоо киргизүү боюнча президент Эмомали Рахмондун сунушун бир добуш менен колдоп берди. Документте жарандарды улуттук кийим кийүүгө жана мамлекеттик тилде сүйлөөгө милдеттендирген жобо каралган.

Парламенттеги Үй-бүлө маселелери жана социалдык коргоо боюнча комитеттин төрайымы Хилолби Курбонзоданын билдиришинче, улуттук кийимди чангандарга кандай жаза колдонулары жазылган эмес. Мындан улам тажик өкмөтү жакында атайын токтом кабыл алышы керек:

- Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө киргизилген толуктоого ылайык, жеке жана юридикалык жактар улуттук маданияттын атрибуттарын сактоого, тактап айтканда, улуттук тилди билүүгө жана улуттук кийимди кийүүгө милдеттүү. Биз өкмөткө сунуш бердик жана өкмөт жакынкы күндөрү улуттук кийим кийүү боюнча сунуштар жазылган атайын токтом даярдамакчы.

Хилолби Курбонзода/

"Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамды толуктоо тууралуу сунуш 11-августта президенттин расмий сайтына жайгаштырылган эле. Анда улуттук кийиимден сырткары той-топурга байланыштуу дагы бир катар тыюулар айтылган.

Маселен, ымыркайды бешикке салуу, кыркын чыгаруу жана биринчи чачын алуу өңдүү жөрөлгөлөр үйдө, жакын туугандардан турган чакан топтун арасында, мал союлбай өткөрүлүшү керектиги көрсөтүлгөн. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин жети күндүгүн өткөрүүгө таптакыр тыюу салынган. Бул ырым-жырымга ылайык, буга чейин үйдүн атасы эгер кыздуу болсо бир, ал эми уулдуу болсо эки кой союп конок тосуп келген.

Ошондой эле мындан ары сүннөт тойду үй-бүлөлүк чакан топ ырчы-чоорчулардын коштоосу жок өткөрүп, сүннөткө отургузуу уул төрөлгөндөн кийин 20 күндөн кийин медициналык жайларда бекер жасалышы керек.

Андан сырткары каза болгон адамдын жетилиги, кыркылыгы жана ашында бодо мал союлбайт, ошондой эле көз көрсөтүп батага келгендерге тамак берилбейт. Ажылык зыяратка барып келгендерге "ажы" деп кайрылууга болбойт.

Президенттин тапшырмасы менен каада-салтты, үрп-адатты жана той-топурду жөнгө салуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн аткаминерлердин да жоопкерчилиги күчөтүлдү. Ишине шалаакы мамиле кылды дегендерге буга чейин 25-26 миң сомони айып пул салынса, эми мындан 35 миң сомони айып пул төлөмөкчү. Ошондой эле ашыкча ысырапкорчулук менен той-топур өткөргөнгө аралашкан ишкерлер, диний кызматкерлер, молдолор да 35 миң сомонисинен айрылат.

Мындан сырткары айдоочулук күбөлүгү жок, мас абалында унаа айдагандарга, жол кырсыгына, анын негизинде адам өлүмүнө себепчи болгондорго да жаза катаалдады. Мисалы, айдоочулук күбөлүгү жок айдап баратып кармалгандар азыр 2,5-3,5 миң сомони төлөсө, мындан ары 20 миң сомони болот. Эгер бир жылдын ичинде мындай көрүнүштү дагы кайталаса анда кылмыш жообуна тартылат.

Мектепке, жогорку окуу жайына унаа менен келген окуучуларга жана студенттерге да мындан ары ырайым болбойт жана окуу жайдан биротоло чыгарып салуу өңдүү жаза колдонулат.

Тажикстан.

Анткен менен бул мыйзамды сындагандар да жок эмес. Жергиликтүү эксперт Мариам Давлотованын пикиринде, маселени күчтөп, мыйзамга салып чечүү тескери натыйжа берет:

- Ким кандай кийинет, ал ошол адамдын жеке иши. Эгер өкмөт айрым бир жарандардын кийингенин өзгөрткүсү келсе, алар күч колдонбошу, мажбурлабашы керек. Түшүндүрүү, ынандыруу өңдүү жумшак чаралар алда канча натыйжалуу.

Тажикстанда каада-салтты, аш-тойду тартипке салган мыйзам мындан туура он жыл мурун, 2007-жылы кабыл алынган. Президент Эмомали Рахмон аш-тойдо ашыкча ысырапкорчулук тыйылгандан бери жалпысынан эки миллиард доллар үнөмдөлгөнүн жарыялаган.

Бул мыйзамда той-топурда канча конок чакырылышы керек, канча жана кандай тамак берилиши шарт деген өңдүү жоболор көрсөтүлгөн. Мисалы, мыйзам боюнча үйлөнүү тойго чакырылгандардын саны 150 адамдан, убактысы үч сааттан ашпашы зарыл. Туулган күн, маараке чакан үй-бүлөлүк топ арасында гана белгиленет. Сүннөт тойго 60 гана конок чакырса болот. Тажик коомундагы кызга сөйкө салуу, үйлөнүү тоюна кам көрүү үчүн чогулуу, колуктунун кийимин көрүү өңдүү жөрөлгөлөргө таптакыр тыюу салынган.

Тажик коомчулугунда бул мыйзам тууралуу пикир бир кылка эмес. Аны колдогондор көп болгону менен той-топур өткөрүү ар бир жарандын өз эрки, бийлик буга кийлигишпеши керек деген пикирдеги адамдар да бар. Ошондой эле адатта аткаминерлер, колунда барлар бул мыйзамды карашпайт дешет.

Капчыктуулар уул-кыздарынын үлпөт тойлорун Түркия, Бириккен Араб Эмираттар өңдүү өлкөлөрдө өткөрүп жүрүшөрүн белгилешет.

Бул мыйзам дүйнөдөгү уникалдуу 100 мыйзамдын тизмесине да кирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.