Президенттин келишин анын көзүнө көрүнүп кошомат кылып калууну каалагандар да, бир канча жылдан бери чечилбей жаткан көйгөйүн жеткиргиси келгендер да зарыгып күтөт.
Бирок арыз-муңу бар жарандардын Эмомали менен жолугушуусу дээрлик мүмкүн эмес.
Дусти районунун 26 жаштагы тургуну, азиз Байрам Темиров президент Эмомали Рахмон менен жолугушууну жылдап күткөн жүздөгөн жарандардын бири. Ал райондун төрагасынын кабинетине барчу жолдо ары-бери каттап жүрүп таманы тешилгенин, көйгөйүн жеткирүү үчүн президент менен жолугушууда сөз сүйлөгөнгө уруксат ала албай жүргөнүн айтып берди:
- Мен педагогикалык университеттин тарых факультетин аяктагам, бирок ошондон бери иш таба албай жүрөм. Өлкө башчысы менен жолугушууну 16 жашымдан бери эле эңсеп келем. Андан жумушка орношууга көмөктөшүүсүн сурамакмын. Мугалим болуп бир дагы мектепке орношо албай жүрөм. Билим берүү министрине деле кирип чыккам. Ал райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырма берем деп айткан. Бирок мени эч бир жерде жумушка алышкан жок.
Байрам Темировдун эки баласы бар, анын жубайы дагы азиз. Алардын баарын Байрамдын ооруканада иштеген жалгыз бой энеси багат.
Адатта Эмомали Рахмондун региондогу сапарларына айлап даярдык көрүлөт. Аны айга-күнгө теңеп, мактап-даңктаган, ийгилигин тизмектеген ырлар жазылат. Бата берчү аксакал-байбичелер даярдалат жана жолугушууда сөз сүйлөй турган, суроо берчү адамдар алдын ала иргелет.
31 жаштагы Фаррух Камолов Восей районундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Ал кесиптештери менен президент алардын кыштагын аралап өтүп баратканда желек, гүл булгап тосуп алуу үчүн 200 окуучуну бир айдан ашык убакыттан бери даярдап жатат. Фаррух эмгек өргүүсүнө чыкпай калганына деле кайыл:
- Улут көсөмүн (Жаноби Оли) жакшы тосуп алуу баарынан маанилүү. Биз ага абдан даярдандык. Биз көчөнүн эки тарабына туруп алып желектерди булгалап тосуп алышыбыз керек.
Вахш өрөөнүнүн 45 жаштагы тургуну Достмурод Шарифов болсо президент өтө турган жолду оңдоп жаткандарга өзү эле барып жардам берип жүрөт жана муну жарандык милдети деп билет.
Мындай көрүнүш жыл сайын бардык региондо катталат.
Саясий маселелер боюнча жергиликтүү эксперт Хурсанд Хуррамов президенттин сапарын уюштуруп, даярдоого кеткен чыгым толугу менен аймактагы ишкерлерге жүктөлөрүн белгиледи. Анын пикиринде, президент кайсы бир көйгөйдү чечүү үчүн эмес, өзүнүн кадыр-баркын бекемдөө максатында гана аймактарды кыдырат:
- Ал бул же тигил аймакка барганда жеке ишкерлердин акчасына курулган объекттерди ачып келет. Президент ишкерлерге бул же тигил имаратты курууну тапшырары баарына эле белгилүү. Негизи ишкерлердин каражаты максатсыз коротулбашы керек эле. Бирок бул президенттин эмес, анын жанындагылардын күнөөсү. Анткени алардын ар бири президенттин көзүнө көрүнүп калууну, өзүнө упай топтоону каалайт. Президенттин региондорго сапары анын ишинин гана бир бөлүгү жана ысырапкорчулук менен коштолбошу керек эле.
Сайфулло Сапаров президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчисинин орун басары. Анын пикиринде, Рахмондун аймактардагы сапарлары мамлекеттик башкаруунун маанилүү бөлүгү жана максаты карапайым адамдардын жашоо-турмушунан кабар алуу болуп саналат. Сафаров мындай жолугушуулардын чыгымы чоң экенин мойнуна алды, бирок карапайым калктын көргөн пайдасы андан алда канча көп деп билдирди:
- Мындай жолугушуулар жарандарды абдан шыктандырат. Негизинен ишкерлер ошол шаарды же районду көрктөндүрүүгө өз салымын кошот. Жолугушууларда өтө кызыктуу сунуштар айтылат. Жолугушуу боюнча балким кайсы бир террорчунун атасы нааразы болушу мүмкүн. Бирок элдин 99,9 пайызы ыраазы эле болуп калат. Биз президенттин келишин Кудайдан тилеген, алардын айылы да көрктөндүрүлүп, оңдолуп калышы үчүн анын келе кетишин суранган миңдеген учурларга күбө болгонбуз.
Президент Эмомали Рахмон соңку ирет Хатлон облусун кыдырып келди. Аймакта анын сапарына кеминде эки ай даярдык көрүлдү.
1990-жылдардын башында жарандык согушту көргөн Тажикстанды Эмомали Рахмон соңку 23 жылдан бери башкарып келет. Быйыл жазында өлкөнүн баш мыйзамы өзгөрүп 64 жаштагы Рахмондун бийликте каалашынча калышына жол ачылган.
Мындан көп өтпөй мамлекеттик маалымат каражаттары президент Эмомали Рахмон жөнүндө кабарларда анын бардык бийик титулдарын толук атоого милдеттендирилен. Ага чейин мамлекеттик медиада Рахмонду "Жаноби Оли" (Улут көсөмү) деп гана кыскача аталчу.
Мыйзам боюнча тажик президенти - “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улуттун көсөмү" деген расмий макамга ээ.
Былтыр “Улут көсөмү жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, президентке кошумча артыкчылыктар жана наамдар берилген. Ага ылайык, мындан ары мамлекеттик майрамдык иш-чараларда, өкмөттүк, парламенттик жыйындарда “Улут көсөмү” үчүн бардык байланыш каражаттары менен камсыздалган өзгөчө орун даярдалат.