Москвада Каримовдун айкели тургузулат

Ислам Каримов

Москвада Каримовдун айкели тургузулат, Тажикстанда террорчулук идеясын жактагандарга кылмыш жазасы күчөтүлдү, кытайлык ишкана "Эйр Кыргызстанды" сатып алууга кызыкдар, орусиялыктар Назарбаевге ишеним көрсөтүштү.

Шекспир жана Каримов

Газета.ру Москвада маркум Ислам Каримовдун айкели тургузуларын баяндайт. Каримовдун эстелигин тургузуу демилгесин өзбек диаспорасы көтөрүп чыккан.

Москва мэриясынын уруксаты менен айкел Өзбекстандын элчилигине жакын жерде тургузулат. Аны жасоого 35 миллион рубл сарпталып, бул каражатты өзбек тарап көтөрөт. Андан тышкары Москванын шаар кеңеши келерки жылы англиялык акын жана драматург Уильям Шекспирдин эстелигин орнотууга уруксат беришкен.

Тажикстанда экстремизмди актагандар камалат

Регнум "Тажикстанда интернеттеги социалдык тармактарда терроризмди актап пикир жазгандар он жылга чейин эркинен ажыратылат" деп жазат.

Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча террорчулук менен диний экстремизмди коомчулук алдында актаган жарандар үч жылдан 15 жылга чейин абакка камалышы мүмкүн.

Ал эми террордук актыларды жасоого чакырык жасагандар беш жылдан он жылга чейин, массалык маалымат каражаттарында, интернет жана социалдык тармактарда экстремизмди жактап, колдоо көрсөткөндөрдү 10-15 жылга чейин түрмөгө кесүү жазасы каралган.

"Ноябрдан баштап Тажикстандын аймагындагы бардык мобилдик оператор менен интернет-провайдерлерге көзөмөл салган бирдиктүү борбор иштей баштаган. Мындай жол менен бийлик каалаган учурунда жарандарды байланыш каражатынан өчүрүп салууга мүмкүнчүлүк алды" деп жыйынтыкталат макалада.

"Эйр Кыргызстанды" Кытай сатып алууга кызыкдар

Регнум "Кытайдын China southern airlines ишканасы Кыргызстандын «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын 49 пайыздык акциясын сатып алууга даяр" деп маалымдайт.

Кыргызстан аба каттамдарга жана учактарга көзөмөл салган Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун талаптарына жооп бере албай, 2006-жылдан бери “кара тизмеге” алынганы, ага кошумча уюм карыздарын төлөй албай жүргөнү айтылат. "Четтен кошумча каржылоосуз Кыргызстандын авиакомпанияларына Европага аба жолу ачылбайт" деп жазылган макалада. Жалпысынан өлкөдө 22 авиакомпания катталганы, алар быйыл өкмөттүн бюджетине 1,3 миллиард сом киреше алып келгени кошумчаланат.​

Орусиялыктар Назарбаевге ишенет

"Известия" гезити борборазиялык президенттердин ичинен орусиялыктар Назарбаевге ишеним артышат деп жазат. Орусиянын коомдук пикирди иликтөө борбору орусиялыктар арасында сурамжылоо жүргүзүп, "КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кайсы мамлекетке жана президентке көбүрөөк ишенесиңер?" деген суроо узаткан. Президентке ишеним боюнча Борбор Азиядагы лидерлердин ичинен Нурсултан Назарбаев – 45% добуш чогултса, Алмазбек Атамбаев – 4%, ал эми Эмомали Рахмон менен Гурбангулы Бердымухамедов бир пайыздан добуш алган.

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёевге сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 6% ишеним көрсөткөн. Ал эми жалпы КМШ боюнча орусиялыктар биринчи кезекте Беларусту Орусиянын башкы ишенимдүү өнөгү катары аташып, бул өлкөнүн президенти Александр Лукашенкого колдоо билдиришкен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.