Казакстанда бачабаздарга жаза катуулады

Иллюстрация

Казакстанда бачабаздык кылгандарга жаза күчөтүлдү. Эми мындай айып менен жаза өтөп бүткөндөргө химиялык кастрация да жасалат. Ушуга окшош мыйзам долбоору Кыргызстанда да парламенттин өткөн чакырылышында жазылып, өтпөй калган эле.

Өткөн айда казак парламенти баланын укугун коргоо боюнча бир катар мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизген. Ага 21-апрелде президент Нурсултан Назарбаев кол койду.

Казакстандык адвокат Жохар Утебековдун айтымында, жаңы мыйзамда мурдагы айрым жеңилдиктер алынып, жаза күчөтүлдү:

- Жаңы Кылмыш кодексине ылайык, жашы жетелек экенин билип туруп зордуктагандар ондон он беш жылга чейин кесилет. Ал эми кичинекейлерди зордуктагандар 20 жылга чейин же өмүр боюу эркинен ажыратылат. Бир топ жеңилдиктер да жоюлду. Азыр шарттуу кесүү, мөөнөтүнөн мурда бошотуу, элдешүү дегендей мүмкүнчүлүктөр жок.

Бул айып менен абак мөөнөтүн өтөп чыккандарга “сексуалдык зомбулуктун алдын алуу” үчүн химиялык кастрация жасалып, атайын инъекция сайылат. Бирок бул сот чечими менен гана жүргүзүлөт.

2015-жылы Казакстанда жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөн 800 факты катталган. Адистердин айтымында, өлкөдө укук коргоочуларга, тартип сакчыларына кайрылбагандар андан кыйла көп болушу мүмкүн.

Ошентсе да, казакстандык укук коргоочу Айна Шорманбаева өлкөдөгү сот акыйкаттыгындагы көйгөйдү эске алып, мыйзамдагы химиялык кастрация пункту эрте кабыл алынып калды деген ойдо:

- Сот дурус караса, адилет соттук стандарттарды сактаса гана бул жазаны колдонууга мүмкүн. Бирок бизде андай болбой жатпайбы. Сот тарабынан адилетсиз чечимдер, укук бузуулар көп катталат. Ошон үчүн бул мыйзам долбоору эртерээк кабыл алынды деп ойлойм.

Акыркы жылдары кыргызстандык маалымат каражаттарында да жаш балдарга, өспүрүмдөргө сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр тууралуу байма-бай чагылдырылып келет.

Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында бачабаздарды химиялык кастрациялоону жактаган мыйзам долбоору сунушталып, өтпөй калган. Коомчулукта керек болсо зордукчулдарды бычуу, өлүм жазасына тартуу чакырыктары да айтылган.

Ошо кездеги вице-премьер министр Дамира Ниязалиева химиялык кастрация узак убакыт менен көп акча талап кылары белгиленген. “Зөөкүргө төрт ай сайын укол сайып туруу керек. Ал дары өтө кымбат, бир кишиге 1200 доллар сарпталат" деп айткан жайы бар.

Бул жаатта Казакстан жазаны кандайча ишке ашырары азырынча белгисиз. Мындай жаза чарасы башка бир катар өлкөлөрдө киргизилген. Мисалы, Германия, Британия, Дания жана Швецияда соттолгондордун ыктыяры менен инъекция сайылат.

Ал эми Чехияда бул мажбурлап жасалат. Ошон үчүн Европа Кеңеши бул өлкөнү сындап келет. Комитет сексуалдык каалоону алсыратуучу дары адамдын башка органдарына зыян алып келерин, табигый мүмкүнчүлүктөрүнөн мажбурлап ажыратуу адам укуктарын бузарын белгилейт.

Бул чара айыпкерге жетиштүү маалымат берилип, анын макулдугу менен гана колдонулушу керектигин эскертип келет.