«Азаттык»: - Кечээ Евробиримдик Кыргызстан менен өнөктөштүк жөнүндө кызматташтыкты макулдашты. Бул мамлекеттин мурунку жана азыркы президенттери тирешип атышат, өлкөдө туруктуулук жок. Ушундай жагдайда бул кызматташтык кантип ишке ашат?
Могерини: - Бул келишимдер абдан маанилүү. Алар долбоорлордун бекем укуктук өзөгү болуп, жарандар үчүн пайдалуу кызматташууга шарт түзөт. Биздин эң оболу көздөгөнүбүз эле ошол. Ошондой эле кызматташтык өлкөлөрдө саясий реформа жүргүзүүгө, анын ичинде сот системасын жаңылоого жардам берет. Албетте, бул узак жараян. Бирок ал жараянды биз жигердүүлүк менен колдоо зарыл деп сезебиз. Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер демократиялык баалуулукту жана ал үчүн канчалык эмгек жумшалганын баалайт деп ишенем. Жаңы макулдашуунун алкагында биз бул өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү колдоп, аларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөбүз. Албетте, бул чийилген бир сызык менен жүрүп кетчү иш эмес. Анткени Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөр да өз тарыхында мындай татаал жана өткөөл тажрыйбаларды баштан кечиришкен. Биримдиктин бир катар өлкөлөрү Кыргызстанда болуп жаткандай окуяларды баштан өткөрүшкөн. Ошол себептен бизде тажрыйба, сабырдуулук, каражат бар жана Кыргызстандын тандаган багытынан тайбай, алдыга илгерилөөсүнө жигердүү колдоо көрсөтөбүз. Кыргызстан бул келишимдерди ийгиликке жетиш үчүн колдонот деген жакшы ойдомун.
Дагы караңыз Евробиримдик менен Кыргызстандын жаңы келишими даяр болду«Азаттык»: - Кыргызстан тууралуу сөз кылганда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселеси дароо көтөрүлөт. Президент Жээнбеков менен жолукканда бул маселени коюп, Аскаровду эркиндикке чыгарууга чакырдыңызбы?
Могерини: - Ооба, бул маселени биз эки тараптуу жолгушууларда талкууладык. Биз сот системасынын өз алдынчалыгына көңүл буруш керек экенин жана саясий жактан сезимтал маселелерди кароодо өзгөчө ачык-айкындык зарыл экенин сөз кылдык.
«Азаттык»: - Сиз ошондой эле Түркмөнстанда болуп, ал жакта жаңы делегацияны ачуу тууралуу келишимге кол койдуңуз. Адам укуктары жагынан алганда келишим өлкөнү ачыгыраак, жакшыраак кылганга жардам береби?
Могерини: - Биринчиден, Борбор Азиянын башка төрт мамлекетинде Евробиримдиктин өкүлчүлүктөрү бар. Соңку беш жыл ичинде шаркет бул чөлкөм менен тыгыз кызматташтыгын өнүктүрө алды. Андыктан дипломатиялык делегациянын бардык беш мамлекетте тең болушу биздин ишибизди андан ары улантууга жардам берет деген ишеничтемин.
Дагы караңыз Айдарбековдун Европа сапары«Азаттык»: - Ушул тапта жаңылыктардын сап башына кечээ Казакстанда кармалган адамдар чыкты. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай, бул маселени да көтөрдүңүзбү?
Могерини: - Ооба, бул маселе ар дайым көтөрүлөт. Кайрадан эле биз өлкө бийлигин адам укуктары жаатындагы стандаттарды башка мамлекеттердей жакшыртып, жолго салууга, элге өз ой-пикирин эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, маалымат каражаттарынын ээн-эркин иштешине шарт түзүүгө жана ачык болууга үндөйбүз. Бул маселелер биз тараптан ар дайым көтөрүлөт. Казак бийлиги адам укуктарын коргоону жакшыртуу менен өлкөсүнүн эл аралык аброюн көтөрүп, инвестиция тартып, жарандарынын жашоо сапатын көтөрүп кете алат деп ишендирип кетер элем.
«Азаттык»: - Тажикстан тууралуу сөз болуп жатканда сиз маалымат каражаттарынын эркиндигине кайрылып калдыңыз. Тажик бийлиги журналисттерди аккредитациядан көп учурда өткөрбөйт. Чөлкөмдөгү мамлекеттерде, өзгөчө Тажикстанда өз алдынча маалымат каражаттары, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна кандай колдоо көрсөтө алаарыңарды айта аласызбы?
Могерини: - Биз маалымат каражаттарын жана өз алдынча медианы такай жана кайда болбосун колдойбуз. Жергиликтүү деңгээлде өзгөчө бир окуялар боюнча да билдирүүлөр жасалат. Биздин өкүлдөрүбүз беш мамлекеттин ар биринде бар. Дүйнөлүк деңгээлде Евробиримдик маалымат каражаттарына жана жарандык коомго колдоо көрсөтүп келери белгилүү.
Дагы караңыз Бишкек Европага товар сатууга даяр эмесБизди кубандырганы - быйыл биринчи жолу Борбор Азиядагы министрлердин жолугушуусун утурлай жарандык коомдун форумун өткөрүп алдык. Ага маалымат каражаттарынан айрым өкүлдөрү катышты. Мындай форумду ар бир министрлердин жолугушуусунда өткөрүүнү беш мамлекеттин тең өкүлдөрү колдошту. Бул жакшы жышаан деп ойлойм. Кайра эле бул кандайдыр бир деңгээлде жагымсыз жараян болушу мүмкүн. Биз кыйынчылыктар, кайчы пикирлер бар экенин жашырбайбыз. Бирок маалымат каражаттарын же алардын өкүлдөрүн зарыл маалда ар дайым колдоп, жардам беребиз.
«Азаттык»: - Өзбекстанда жаңы президент келген үч жыл ичинде көп жагымдуу окуялар болду. Бирок силер экономикада чыныгы жылыштар болуп жатканын көрүп жатасыңарбы?
Могерини: - Мен Өзбекстанга кийинки жылдары эки жолу бардым жана албетте, убакыттын тардыгынан мындай сапарлардын алкагында жарандарга жолугуу мүмкүн болгон жок. Бирок мен өлкөдө ачык-айкындуулукту орнотуп, реформаларды ишке ашырууга, Евробиримдик менен кызматташууну кеңейтүүгө жана бекемдөөгө чындап кызыгуу бар экенин байкадым. Бул ниеттер астейдил экенине ишендим. Ошол эле маалда алар мунун баарына жетиш үчүн адам укуктарын коргоо жана жарандык коомду өнүктүрүү багытында бир топ нерселерди ишке ашырышы керек экенин жакшы түшүнүп турушат. Ошол себептен мен Өзбекстандын жетекчилиги өлкөнү терең реформалоого жана аймакта мыкты оюнчу болууга дилгир экенин байкай алдым.
«Азаттык»: - Рахмат.
(Маекти «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчылары Рикард Йозвиак менен Марек Хайдук жүргүзүштү)