Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11

Евробиримдик менен Кыргызстандын жаңы келишими даяр болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишим даяр болду, ага 6-июлда кол коюлат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматы кабарлады.

Жаңы келишимди даярдоого бир жылдан ашык убакыт кетти.

Буга чейин Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан келишим боюнча эл аралык макулдашуулар, соода-экономикалык жана визалык кызматташтык багытында бир нече маселе бар экенин айткан. 8-июнда өткөн акыркы жолугушууда бардык талаштуу маселелер такталды.

Жаңы келишимге Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерининин 6-7-июлда Бишкекте өтө турган сапарынын алкагында кол коюлат.

Буга чейинки келишим 1999-жылы кабыл алынган. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык, адам укугун коргоо жаатындагы кеңири кызматташтыктын багыттары камтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG