Умаров: "Домодедоводогу жардырууну мен уюштургам"

Чечен сепаратисттеринин лидери Доку Умаров "Кавказцентр" сайтында жарыяланган тасмада, 7-февраль, 2011-жыл

Чечен сепаратисттеринин лидери Доку Умаров Домодедово аба майданында жардырууну уюштурганын билдирди. “Кавказцентр” сайтында жарык көргөн тасмада Умаров делген адам андай кол салуулар Орусия аймагында мындан ары да улана берет деп эскертти.
36 кишинин өмүрүн кыйган жардыруудан 2 апта өткөндөн кийин Доку Умаров кыянаттык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды: “Бул атайын операция менин буйругум боюнча ишке ашырылды. Кудай буйруса, андай иш-аракеттер келечекте улана берет”.

“Биз, можахеддер, биздин Кавказды азат жана исламдык кылууну көздөйбүз”,-деп кошумчалады өзүн Кавказ Эмиратынын башчысы деп атаган Умаров.

“Кавказцентр” сайтына жайгаштырылган 15 мүнөттүк тасма атайын операция “Кавказдагы гана эмес, бүтүндөй дүйнөдө мусулмандардын кысымга алынып жаткандыгына жооп катары жасалган”,-деп айтылат.

Домодедоводогу жардыруудан кийин, 25-январь, 2011-жыл
Бир нече күн мурда интернетте Умаров делген адамдын дагы бир тасмасы жарыяланып, ал быйылкы жыл Орусия үчүн “көз жашка толот” деп эскерткен. Анда ал Домодедово тууралуу сөз кылбастан, Москвага Сейфулла аттуу бир согушкерди жибергенин айткан. Маалымат каражаттары аэропорттогу жардырууну дал ошол Сейфулла ишке ашырган болушу мүмкүн деп жазып чыгышкан. Тергөөчүлөр болсо жанкечти 20 жаштагы кавказдык жигит болчу деген тыянакка келишкен.

“Коммерсант” гезитинин журналисти Муса Мурадов ал кол салууну чындап эле Умаров уюштурганбы же жокпу айтуу кыйын дейт. Себеби тасма кайсы күнү, терактка чейин, же андан кийин тартылганы бүдөмүк бойдон калууда:

- Умаров сепаратисттер ич ара жаатташкандан кийин бир топ таасиринен жана мүмкүнчүлүктөрүнөн айрылды деп ойлойм. Ал бул билдирүү менен “мен дагы деле тирүүмүн, колуман бир нерселер келет” деп ишара кылды өңдөнөт.

Мурадов ошол эле маалда Умаровдун айткандары чындыкка коошушу да мүмкүн дейт.

Доку Умаров (ортодо)
Жикчилердин анабашы былтыр жазында Москва метросундагы теракттар үчүн да жоопкерчиликти өзүнө алган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ болсо кош жардырууну Магомедали Вагабов аттуу киши уюштурганын ырастаган. Ал ошол эле жылдын августунда өлтүрүлгөн.

Домодедоводогу жардыруу быйыл 24-январда болгон. Анда 36 киши каза таап, 180ге жакыны жараат алган. 60тай киши ооруканаларда кала берүүдө. Жабыркагандардын арасында орустардан тышкары Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.

Окуядан кийин атайын кызматтар терактты алдын алууга кудуреттүү эмес болуп чыкты деген сын көп айтыла баштады. Президент Дмитрий Медведев транспорт милициясынын бир нече жогорку жетечилерин иштен алып, аэропорт, башка ири транспорт түйүндөрүндөгү коопсуздукту күчөтүү буйругун берди.

7-февралда ФСБнин башчысы Домодедового байланыштуу кызматтан кетириле турган расмий адамдардын тизмесин берди. Ушул эле күнү өкмөт теракт боюнча иликтөөнүн жүрүшү менен парламент мүчөлөрүн тааныштырды. Азырынча ал докладдын чоо-жайы белгисиз.