Тажикстанда каза тапкан туристтердин таржымалы

Тажикстандагы чет өлкөлүк туристтер.

Тажикстандын түштүгүндөгү жаратылышы кооз тоолуу аймакта велосипед менен баратып кылмышкерлердин колунан ажал тапкан төрт чет өлкөлүк туристтин аты-жөнү жарыяланды.

Чет өлкөлүк жети саякатчы Тажикстанды аралап жүргөндө жолугушуп калып, Памирдин кооз табиятын бирге көрүп келиш үчүн жолго чогуу чыгышкан.

29-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырымдай жердеги кан жолдо саякатчыларды белгисиз адамдар күтүүсүздөн жеңил машине менен сүздүрүп, андан соң автоунаадан чыгып, бычак жана курал менен кол салышкан. Окуядан Нидерланд менен Швейцариянын бирден, ошондой эле АКШнын эки жараны мерт болгон.

Окуя тартылып калган учур

“Ислам мамлекети” террордук тобу бул кол салууну уюштурганын айтып, 31-июлда видео жарыялады. Анда экстремисттик топтун кара туусунун алдында отурган беш киши “Ислам мамлекетине” кошулганын айтып, “динсиздер басып алган” Тажикстан мамлекетин сындаган.

"Ислам мамлекети" жарыялаган видеодон алынган кадр.

Бирок Тажикстандын өкмөтү алардын билдирүүсүнө анча ишене берген жок. Расмий Дүйшөмбү бул кол салуу үчүн өлкөдө 2015-жылы тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" айыптады.

Кандай болгон күндө да бул окуя жакыр мамлекеттин экономикасын көтөрүш үчүн туризмди өнүктүрүүгө аракет кылып жаткан тажик бийлигин дендароо кылды. Табияты кооз Тажикстан менен анын кошунасы Кыргызстанга быйыл велосипед менен кыдыргандар, башка да туристтер көп келип жатат. 2018-жыл Тажикстанда Туризм жылы деп жарыяланган. Быйылкы жылдын беш айында өлкөгө 900 миңдей чет өлкөлүк саякатчы келген. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда төрт эсе көп.

Жей Остин

Эки америкалык - Жей Остин менен Лорен Геогеган жумуштарын таштап, дүйнөнү велосипед менен кыдырууга чыккан саякатчылар эле. Алар бир жыл мурун Африкага барса, андан кийин Европаны кыдырып, быйыл Борбор Азияда саякаттап жүргөн. Америкалык туристтер Тажикстанга чейин Кыргызстанда жана Казакстанда болушкан экен.

Жей Остиндин Кыргызстанда жүргөндө түшкөн сүрөтү.

29 жаштагы Жей Остин АКШнын Турак жай жана шаарларды өнүктүрүү департаментинде жети жыл иштеген. Ал бардык убактысын велосипед тебүүгө жана дүйнөнү кыдырууга арнамакчы болуп, акыркы кезде негизги жумушун таштаган. Остин өзүнүн Борбор Азиядагы велосапары тууралуу блог жазып, сүрөттөрүн да жарыялап жүргөн. Ал өз блогунда "велосипед менен саякаттоо - туризмдин эң коопсуз түрү. Кандай маалымат уксаңыз да жер шары керемет, камкордукка толгон. Уурдалган жана сабалган велосипедчендер сейрек кездешет... Биз үчүн эң чоң коркунуч - бул машинедеги адамдар” деп жазган. Ал “көпчүлүк адамдар сизге жамандык каалабайт, алар жылуу, достук мамиле кылышат” деп белгилеген. Жей Остин - 29-июлда каза тапкан туристтердин бири.

Америкалык туристтердин Кыргызстандан тарткан сүрөтү.

Лорен Геогеган

29 жаштагы Лорен Геогеган Вашингтондогу Жорджтаун университетин аяктап, анда улук кызматкер болуп иштеген. Калифорнияда туулган Геогеган Капитолий дөбөсүндө да эмгектенген.

Геогеган менен Остиндин simplecycling.org блогундагы маалыматтарга караганда, Геогеган велосипедди беш жылдан бере тебе баштаган. Ал буга чейин жазган пикирлеринде велоспорттун натыйжалуулугун, пайдалуулугун, арзандыгын жана кубаныч тартуулаган спорт экенин жазган. Лорен Геогеган дүйнөнүн бир канча жерин кыдырган Остинди акыркы жылдары коштоп жүргөн. 29 жаштагы америкалык селки Тажикстандагы кол салууда көз жумду.

Лорен Геогегандын Кыргызстанда жүргөндө түшкөн сүрөтү.

Рене Уокке жана Ким Постма

56 жаштагы нидерландылык психолог Рене Уокке Тажикстанда өзүнүн мурдатан берки шериги, 58 жаштагы Ким Постма менен жүргөн. Алардын Таиланддан башталган сапары Ирандан аяктамак. Нидерландылык велосипедчендер бул жолу Ооганстандан өтпөй, өздөрү коопсуз деп санаган Тажикстан аркылуу кетүүнү чечишкен. Рене Уокке менен Ким Постма буга чейин да велосипед менен бир канча жерлерде саякаттаган. Инисинин айтымында, Воккенин 130 өлкөнү кыдырган экен.

Амстердамдагы суу бетиндеги үйдө (хаусбот) жашаган Уокке менен Постма жүрүм-туруму начар балдарды асырап, тарбиялаган, алар туруктуу жашай турган жер тапканча баккан. Уокке кол салуудан мүрт кетсе, Постма жаракат алып, дарыланып чыкты.

Маркус Хуммел жана Мари-Клер Дименд

Швейцариялык велосипедчилер - 62 жаштагы Маркус Хуммел жана анын 59 жаштагы шериги Мари-Клер Дименд - Цюрих кантонунун жашоочулары. Алар "Үмүттөр акталды" деген блогунда эски Жибек Жолу аркылуу Кытайдан Кыргызстанга чейин келе жатканын жазышкан. Алардын 25-июлда жазганына караганда, "Тажикстанда мемиреген тынчтыктан ырахат аласың, табияты кооз, Памир дарыясына карап, Ооганстан тарабындагы өрөөн менен келе жатабыз" деп жазышкан. Маркус Хуммел кол салуудан көз жумса, Мари-Клер Дименд аман калып, Дүйшөмбүдөгү ооруканага жеткирилген.

Гийом Казабат

Франциялык Гийом Казабат жети адамдан турган топтун артында келе жаткан жана биринчи оор чабуулга кабылган эмес. Маалыматтарда ал бул окуядан жеңил жаракат алган. Франциянын Тажикстандагы элчилиги Гийом Казабат тууралуу кенен маалымат берген жок.

Тажикстанда чабуулга кабылган туристтердин кандуу окуяга чейин тартылган видеосу:

Терс окуялар жалпы аймакта туризмди аксатат

Тажикстанда велосипедчен төрт туристтин машина сүзүп, андан кийин бычакталышы саякатчылардын коопсуздугу боюнча маселени козгоду. Адатта Борбор Азия мамлекеттерине келген велосипедчен туристтер аймактагы бир канча өлкөнү дароо кыдырышат. Тажикстанда каза тапкан саякатчылардын экөө буга чейин Кыргызстанда болгон экен. ​

Кыргызстандын Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангуловдун пикиринде, Борбор Азияны чет элдик туристтер бир аймак катары карагандыктан, мындай окуялар жалпы туризмге терс таасирин тийгизет.

- Тажикстандагы окуянын бардык Борбордук Азияга кесепети тийиши ыктымал. Анткени туристтер бир аймак катары карап, ушул беш-алты өлкөнү чогуу кыдырышат. Ошондуктан бир мамлекетте болгон окуя беш-алты өлкөгө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Азамат Жамангулов.

Расмий маалымат боюнча 2017-жылы Кыргызстанга чет өлкөлүк 2,7 миллиондой турист келген. Азамат Жамангулов өлкөнү велосипед менен кыдырган саякатчылар көбөйө баштаганына токтолду:

- Азыркы учурда велосипед менен келген туристтер абдан көп дегенден алысмын. Акыркы жылдары көбөйө баштады. Булар Европа мамлекеттеринен келген саякатчылар. Туристтер биздин тоолорду аттар, автоунаалар менен кыдырышат. Анан акыркы кезде велосипед менен келгендер көбөйүүдө. Ошондуктан биз велоспеддин түрлөрүн жайылтуу максатында 18-августта дүйнөлүк тоо велосипединин турнирин өткөрүп жатабыз.

Жамангуловдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда велосипедчен туристтерге кол салуу сыяктуу окуялар жокко эсе.

(Пит Баумгартнердин макаласы англис тилинен которулуп, кошумчаланды)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​