Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Тажикстандагы туристтердин сырдуу өлүмү


29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен.
29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен.

Тажикстанда туристтердин өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан бир адам коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. 29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган. Бул атайын жасалган кол салуу катары да каралып жатат.

Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда төрт чет элдик турист каза тапкан кайгылуу окуя боюнча ар кандай божомолдор - жол кырсыгы, адам өлтүрүү, ошондой эле теракт деген версия да каралууда. Ички иштер министри Рамазон Рахимовдун маалымат жыйынында билдиргенине караганда, автоунаадагы адамдар туристтерди машине менен тебелеткенден кийин аларга кол салган.

- Туристтер Дангарадан Дүйшөмбүгө баратышкан. Алар Аксу кыштагынын тушунда белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылышкан. Учурда бардык версиялар каралып жатат. Анын ичинде автоавария, киши өлтүрүү сыяктуу версиялар бар. Азыр террорчул акт болду деп толук ишеним менен айта албайбыз.

Кылмыштын бетин ачуу боюнча курамына Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кирген атайын топ ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. “Иликтөөнү президент Эмомали Рахмон жеке көзөмөлүнө алды” деди Рахимов.

29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны каза болуп, дагы үч чет өлкөлүк жаракат алганы белгилүү болгон. Нидерланддын тышкы иштер министрлиги алардын 56 жаштагы жараны көз жумганын ырастап, анын 58 жаштагы аялы жаракат алганын маалымдады.

Туристтерди машина менен сүзгөндөн кийин.
Туристтерди машина менен сүзгөндөн кийин.

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин басма сөз катчысы Жефф Райденаур да жекшембиде туристтерге кол салуу болгону тууралуу айтылып жатканын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди.

- Баштапкы маалыматтар бул кол салуу болгонун көрсөтүүдө. Биз окуяны иликтөөдө Тажикстандын бийлиги менен тыгыз кызматташып жатабыз, - Жефф Райденаур.

​Күбөлөрдүн “Азаттыктын” тажик кызматына айтышканына караганда, туристтер окуя болгондон кийин ар кайсы жерде жатып калган. Жергиликтүү айрым тургундар "бул автокырсыкка эмес, атайын даярдалган кол салууга окшоп турат" деген ойлорун билдирген. Окуя болгон жерге эки мүнөттөн кийин барган Кулябдын тургунуна жаракат алган Белгиянын жараны аларды "биринчи машине сүзгөнүн, кийин андан түшкөн адамдар бычактаганын" айтып берген.

Хатлон облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы өлгөн туристтердин денесинде бычактын издери болгонун кабарлады.

Кылмышка шектүүлөр жок кылынды

Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кетишкен.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги туристтерди тебелетип кеткен үч шектүү аныкталганын жана алардын бири коопсуздук күчтөрүнө каршылык көрсөткөн учурда жок кылынганын маалымдады. Алар Дангара районундагы Осмондар айылынын аймагындагы фермадан табылган.

Анын алдында милиция окуяга шектүү катары Пянж районунун 19 жаштагы тургундары Зафарджон Сафаров менен Асомуддин Маджидов, Нурек шаарынын жашоочусу Жафариддин Юсупов изделип жатканын маалымдаган.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири.

"Дангар районундагы Торбулок айылындагы ыкчам-издөө иштери учурунда Нурек шаарынын тургуну 11.01.1997-жылы туулган Юсупов Жафариддин Садриддиновичке таандык 74-98 ВН 03 мамлекеттик номурлуу “Daewoo Leganza” автоунаасы табылган. Бул машинанын майышкан жерлери анын чет элдик туристтерди сүзүүгө катышы бар экенин айгинелеп турат” деп айтылат Тажикстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Тажик президенти Эмомали Рахмон жекшемби күнү Дангара районунда чет өлкөлүк туристтердин каза болгонуна байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка, Швейцариянын президенти Ален Берсеге жана Нидерланддын падышасы Виллем-Александрга көңүл айтып кат жиберди.

“Биз Тажикстандын аймагындагы жол кырсыгынан велосипед менен бараткан чет өлкөлүк жарандардын каза болушун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Өлкөнүн тиешелүү кызматтары бул окуяга күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча бардык чараларды көрүп жатышат”, - деп жазылган президенттин 30-июлда жарыяланган телеграммасында.

Рахмон мерт болгондордун жакындарына жана туугандарына да көңүл айтты.

2018-жыл Тажикстанда Туризм жылы деп жарыяланган. Быйылкы жылдын беш айында өлкөгө 900 миңдей чет өлкөлүк саякатчы келген. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда төрт эсе көп.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG