Апта ичинде Борбор Азия чөлкөмүндө болгон окуяларды камтыган программанын жаңы чыгарылышы.
- Казакстандын Жаңы-Өзөн калаасында парламенттик шайлоо 15-январда өтпөйт. Конституциялык кеңеш декабрда кагылышуулар болгон Жаңы-Өзөндө шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деген чечим чыгарды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- Тажикстандын жогорку бийликтеринде жаңы кызматкерлер дайындалды, бирок убада кылынган өзгөрүүлөр болгон жок. Ички иштер министри болуп Рамазан Рахимов дайындалды. Мурдагы ички иштер министри Абдурахим Кахаров Коопсуздук кеңешин жетектейт. Юстиция министри Бахтияр Кудояров президенттик администрациянын башчысы болуп калды. Юстиция министрлигин Рустам Давлатов жетектейт. Матлубхон Давлатов 1-вице-премьер-министр болуп калды.
Тажик президентинин уулу Рустам Эмомали өлкөнүн футбол федерациясынын президенти болуп дайындалды.
- Дүйшөмбү калаасында аяз атача кийинген адамды өлтүргөн деп шектелген үч киши камалды. 24 жаштагы Парвиз Давлатбековду “диний радикалдар” мууздап кеткени тууралуу кабар тараган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Узап бараткан жума ичинде Борбор Азия чөлкөмүндө болгон апта окуяларын ушул жерден угуңуз, окуяларга байланышкан ырлар дагы бар.