АКШда өзбек жараны Жамшид Мухторов “террористтик уюмдун мүчөсү” деп кармалды. Казакстанда таанымал укук коргоочу Евгений Жовтис мунапыс алды.
АКШнын Чикаго шаарындагы аэропортто Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) өзбекстандык жаран, адам укуктарын коргоочу активист Жамшид Мухторовду “террористтик уюмдун мүчөсү” деп кармады. Буга чейин өзбекстандык дагы бир жаран президент Барак Обамага "кол салууга даярданган" деген кине менен камалган болчу.
ФБРдин агенттери Мухторов "Ислам жихад кыймылына” кошулуп, аларга кызмат кылууга жөнөгөндo кармаганы маалым болду. . Азырынча тергөө иштери жүрүүдө. Чалгынчылар Мухторовдун электрондук кат алмашууларын бир канча ай текшерип, аңдып жүрүшкөн экен. Алардын айтымында, былтыр апрелде ал жогорудагы уюмга жазган катында “тойго белек кылып акча салганы жатканын” айтат. Бир айдан кийинки катында “ошол белекти бериш үчүн өзү Стамбулга жөнөгөнүн” жазган.
Казакстанда Евгений Жовтис мунапыс алды. Белгилүү укук коргоочу 2009-жылы төрт жылга кесилип, Чыгыш Казакстан облусунда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Жовтистин 1-февралда билдиришинче, сот чечимине жараша ал эркиндикке 15 күндөн кийин чыгарылат. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму адам укугун коргоочунун мөөнөтүнөн эрте бошотулушун оң баалады.
Евгений Жовтис - Адам укуктары боюнча Казакстандын эл аралык бюросунун мурдагы башчысы. Казак өкмөтүн тартынбай сындаган активист 2009-жылы түн ичинде жолдо каршы чыккан жолоочуну уруп кетип, 4 жылга соттолгон. Адам укугун коргоочулар өз кезегинде Евгений Жовтис профессионалдык ишмердиги үчүн жазаланганын айтышкан.
Өзбекстанда Нарын району бар. Бул күндөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы бул аймакта көмүр, электр жарыгы жетпей, эл суукта отундан каржалууда. Өзбекстандагы Нарын шаары Кыргызстандагы Таш-Көмүрдөн болгону 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Бирок Таш-Көмүрдүн кара алтыны бүгүн коңшу өлкөгө жетпейт. "Таш-Көмүрдөн көмүр алат элек, канча аракет кылышты. Мүмкүн эмес. Бажы салыгы деген бар, аскерлер кайтарып турат", - дейт 70 жаштагы намангандык окумуштуу Расул Абдымажитов.
Узап барактан жума ичинде чөлкөмдө болгон окуяларды камтыган "Борбор Азия апта ичинде" түрмөгүн толук бойдон бул жерден угуңуз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тажикстанда президент Эмомали Рахмон кайда барбасын падышадай сый-урматка бөлөнүп, кызыл килем үстүндө гүлгө оролот. Соңку кезде өлкө башчыны даңазалаган жалындуу ырларды жаш балдарга жатка айттыруу салтка айланды. Ал эми өкмөт ээлик кылган медиа каражаттары президентти көз көрүнөө "калк атасына" айлантып, тажик лидеринин керт башына сыйынуу күч алууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.