Кытай Канаданын эки жаранын кармады

Кытайдын коопсуздук кызматтары.

Канаданын эки жараны-Майкл Ковриг менен Майкл Спавор "Кытайдын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишмердүүлүк жүргүзүүгө" шектелүүдө.

Алардын камакка алынышы кытайлык "Huawei" компаниясынын директору Мэн Ванчжоу 1-декабрда Ванкуверде кармалып, кийин аны Канада соту күрөөгө убактылуу бошоткон учурга туш келди.

Канаданын эки жараны - Майкл Ковриг менен Майкл Спавордун кармалышы боюнча Кытайдын расмий органдары 13-декабрда түшүндүрмө берди:

- Мендеги маалымат боюнча, Канаданын жарандары Майкл Ковриг менен Майкл Спавор Кытайдын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан иштерге айыпталууда. Улуттук коопсуздук мекемеси Кытайдын Кылмыш кодексине жана эрежелерине ылайык, 10-декабрда тиешелүү чараларды кабыл алды, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Канг.

Анын айтымында, канадалык жарандар “эки шаардагы эки башка иш боюнча колго түшкөн”. Лю Канг бул адамдардын кармалышы боюнча Канаданын элчилигине маалымат берилгенин, ошондой эле “алардын мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары корголгонун” да кошумчалады.

Мэн Ванчжоу.

Ал "Huawei" компаниясынын финансылык директору Мэн Ванчжоунун "Канадада камакка алынышы катачылык болгон, аны тезинен бошотууну талап кылабыз" деген Бээжиндин буга чейинки талабын да кайталады.

"Huawei" компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы, компаниянын финансылык директору, 46 жаштагы Мэн Ванчжоуну АКШнын өтүнүчү менен Канада бийликтери 1-декабрда кармаган. Аны сот 11-декабрда күрөөгө убактылуу бошотту. Бээжин буга чейин Канада Мэн Ванчжоунун маселесин талаптагыдай чечпесе, "олуттуу кесепеттерге" кабыларын эскерткен.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Канг 13-декабрда буларга токтолду:

- Кытайдын мыйзамдарын жана нормативдик актыларын бузбаса, кооптонууга эч бир негиз жок. Кытай кооптуубу же жокпу дегенди статистиканы карап билсе болот. Бул маселе боюнча канадалыктардын өз ойлору бар. Бирок мен ошол эле кезде АКШнын суранычы менен Канада Мэн Ванчжоуну кармагандан кийин көптөгөн кытайлыктар Канадага баруу кооптуубу деп сурап жатышканын айтып койгум келет.

Кытайда 11-декабрда Канаданын мурдагы дипломаты Майкл Ковриг кармалганы маалым болсо, эртеси канадалык ишкер Майкл Спавор колго түшкөнү кабарланды.

Канадалык маалымат каражаттарынын жазышынча, бизнесмен Майкл Спавор Кытайда жайгашкан "Paektu Cultural Exchange" деп аталган эл аралык бейөкмөт уюмдун негиздөөчүсү жана директору болгон. Ал Түндүк Корея менен спорттук, маданий, туристтик жана ишкерлик байланыштарды өнүктүрүү багытында иш алып барып келген. Ишкер кезинде Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен да жолугушкан.

Канаданын тышкы иштер министри Христя Фриланддын маалымат жыйынында айтышынча, Майкл Спавор байланышка чыкканга үлгүргөн.

Канаданын тышкы иштер министри Христя Фриланд.

- Бизге мурдарак Канаданын жараны байланышка чыгып, ага Кытайдын расмий адамдары суроолорду берип жатышканын айтты. Бирок ошондон бери аны менен байланыша албай жатабыз. Биз анын турган жерин тактоого аракеттенүүдөбүз жана Кытайдын расмий адамдарына бул маселени кабарладык. Биз бул жарандын үй-бүлөсү менен байланышып жатабыз.

Майкл Спавордон бир күн мурда 2003-жылдан 2016-жылга чейин Канаданын Бээжин менен Шанхайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкери болгон Майкл Ковриг кармалганы маалым болгон. Канадалык мурдагы дипломат азыр Эл аралык кризис тобу (International Crisis Group) деген иликтөөчү уюмда Кытай боюнча талдоочу катары иштеп жаткан. “Вашингтон пост” гезитинин жазганына караганда, ал дипломаттык иштен эки жыл мурда кеткен жана учурда анын дипломаттык паспорту же кол тийбестик макамы жок.

Ал Кытайда иштеп турганда өлкөнү кыдырып, дипломат катары жолугушууларды өткөргөн, анын ичинде диссиденттер менен да кездешкен. Канаданын мурдагы элчиси Дэвид Малруни "Toronto Star" басылмасына Майкл Ковригди “Кытай тууралуу жакшы билген, жөндөмдүү жана абдан акылдуу жигит” деп сыпаттады.

Канаданын эки жаранынын колго түшүүсү кытайлык "Huawei" компаниясынын директору Мэн Ванчжоу 1-декабрда Ванкуверде кармалып, аны Канада соту күрөөгө убактылуу бошоткон учурга туш келди.

АКШ бийлиги "Huawei" компаниясынын башкаруучусун АКШнын каржылык көзөмөл мекемесин алдоо үчүн көз боёмочулук схемаларын түзгөн деп айыптоодо. Америкалык тергөөчүлөрдүн көз карашында, мунун максаты Вашингтондун жана Европа Биримдигинин Иранга каршы санкцияларын айланып өтүү болгон. Ал бул айып менен АКШда соттолсо, 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дагы караңыз "Хуавейдин" башчысы кылтакка илинди

Президент Дональд Трамп шейшемби күнү "Reuters" агенттигине “эгер Мэн Ванчжоунун иши улуттук кызыкчылыкка туура келсе же Кытай менен соода келишимине түзүүгө жардам берсе, анда ал бул боюнча Юстиция министрлигинин ишине кийлише турганын” айткан. Бирок Канада Мэн Ванчжоуну АКШга экстрадициялоо ишин саясатташтырбоону эскертти.

- Биздин өнөктөштөр экстрадициялоо ишин саясатташтырууга аракет кылбашы керек. Же аны адилеттикке жетишүүдөн башка максаттарда колдонбошу зарыл, - деди Канаданын тышкы иштер министри Христя Фриланд.

"Huawei" компаниясынын директору Мэн Ванчжоуну судья сотко 6-февралда келүүгө милдеттендирген. Эми аны АКШга өткөрүп берүү же биротоло бошотуу маселеси чечилиши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.