Быйыл бюджеттин тартыштыгы көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети 2023-жылы консолидацияланган бюджетти 500 млрд. сомго жеткирүүнү пландап жатат.

Кыргыз өкмөтү ушуну менен экинчи жылы Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ФОМС) кирешелерин кошуп эсептеп аны консолидацияланган бюджет деп атоодо. Казынанын киреше-чыгашасын эсептөөнүн мындай тартиби элдин көзүн будамайлоо катары да кабыл алынып келатат.

4-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында 2023-жылдын бюджетинин долбоору каралды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келерки жылы консолидацияланган бюджет 503,4 млрд. сомго жетерин билдирди.

Анын ичинде республикалык бюджеттин кирешеси 322 млрд. 800 млн. сом, чыгашасы 344 млрд. сом, тартыштыгы 21 млрд. 300 млн. сом деп эсептелди.

“[Консолидацияланган] бюджеттин өсүү темпи 2021-жылы 126% түзгөн. 2022-жылы болсо 129% болду. 2023-жылы 99 млрд. сомго же 124% көбөйтөлү деп турабыз. Биз 2022-жылы 400 млрд. сомго жетиш үчүн күнүнө 1,1 млрд. сом таап, экономикага салышыбыз керек болчу. Эми 500 млрд. сомду моюнга алып жаткандан кийин күнүнө 1,3-1,5 млрд. сом таап, экономикага камсыз кылышыбыз керек. Быйыл 9 айдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306,3 млрд. сом болду. Ноябрь-декабрь айларында 400,4 млрд. сомго жетебиз”.

2022-жылга консолидацияланган бюджет 403,9 млрд. сом деп бекитилип, республикалык бюджеттин кирешеси 282,1 млрд. сом, чыгашасы 291,2 млрд. сом деп каралган. Бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд. сомду түзмөк.

Быйыл Бажы кызматына 98 млрд. сомду чогултуу милдети коюлган. Бирок 10 айда 59,1 млрд. сом гана жыйналды. Жылдык планды аткаруу 20 млрд. сомго же 24% аз болот деп күтүлүүдө.

Өкмөт Бажыдан аз акча жыйналганын жана Баткендеги чек ара чырынан улам кайра калыбына келтирүү иштерине жумшалган каражатты жүйө кылып быйыл бюджеттин таңкыстыгы 35 млрд. сомго чейин жетиши мүмкүн экенин моюнга алды. Бул Кыргызстандын тарыхында бюджеттин тартыштыгы боюнча эң чоң көрсөткүч.

“Быйыл бюджетке киргизилген өзгөртүүлөр боюнча таңкыстыкты 35 млрд. сом деп киргизип атабыз. Бирок иш жүзүндө мындан азыраак болот. Баткендеги акыркы окуяларда чыгым көп болуп кетти”, - деген финансы министри Алмаз Бакетаев консолидацияланган бюджет тууралуу Жогорку Кеңеште буларга токтолду.

“2023-жылы бюджет 503 млрд. 400 млн. сом болот деп болжолдонууда. Анын 66% салыктык жана салыктык эмес каражат түзөт. 2022-жылга салыштырмалуу 99,2 млрд. сомго көбөйөт деп пландалууда. Андан тышкары Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ФОМС) кирешелери 56,4 млрд. сом да бар. Анын ичинен Социалдык фонддун кирешеси 54,9 млрд. сом”.

Дагы караңыз "Пландалган сумма түшпөй жатат". Санкциялардын бажы төлөмүнө таасири

Консолидацияланган бюджет

Консолидацияланган бюджет же жөнөкөй тил менен айтканда жалпы, бириктирилген бюджет деген түшүнүк Кыргызстанда 2022-жылдын бюджети кабыл алынар алдында айтыла баштаган.

Акылбек Жапаров Социалдык фонддун кирешеси республикалык бюджетке эмне себептен кошулуп эсептелип жатканына түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Соцфонддун өзүнүн кирешеси 54,9 млрд. сом. Бирок каражаты жетишсиз болгондуктан сөз болуп жаткан фондго бюджеттен 41,3 млрд. сом бөлүнөт.

Кыргыз өкмөтү консолидацияланган бюджет деп баш айланткан сандарды жарыялаганы менен экономикадагы көрсөткүчтөр анчалык жакшы эмес экенин эксперт Темирбек Ажыкулов айтууда. Ал буга өлкөдөгү акыркы саясий окуяларга да байланыштуу деген пикирде.

“2022-жылы Украинадагы согуш экономикага кедергисин тийгизди. Соода-сатык, бизнес алсырап кетти. Туризм деле анча жакшы болгон жок. Экинчи чоң фактор - Кыргызстандын ичиндеги саясий абал. Акыркы убактарда бизнеске болгон кысым көбөйдү. Муну эске албаса болбойт. Инвестицияга эң эле таасир берген фактор туруктуулук. Андан кийин сот, салык органдары”.

Өкмөт 2022-жылы Кыргызстандын экономикасынын темпи 6,5% чейин өсөт деп болжолдогон. Негизинен акыркы жылдары ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү 600 млрд. сомдун тегерегинде келаткан.