БУУ: Газада ачарчылык башталышы мүмкүн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израилдин армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын билдирди. ЦАХАЛ түндө Газа тилкесинин түштүгүнө дагы сокку урду. Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде гуманитардык жүк жеткирүү маселеси жөнгө коюлбай жаткандыктан, ал жакта ачарчылык башталышы мүмкүндүгүн эскертти.