Эрмек Ниязов: “Акылдуу шаар” өзүбүздүн деле колдон келет"

Эрмек Ниязов.

Маалымат технологиясы боюнча адис, Жогорку технологиялар паркынын байкоочулар кеңешинин мурдагы мүчөсү, NSP жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директорунун орун басары Эрмек Ниязов “Азаттыкка” Кыргызстандын “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга чама-чаркы жетиштүү экенин билдирди.

«Азаттык»: Жакында маалымат агенттиктеринин биринде сиз Кыргызстан өз күчү менен “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыра алаарын айттыңыз. Аны кантип ишке ашырууга болооруна кенен түшүндүрмө бере кетсеңиз?

Эрмек Ниязов: Өкмөт кытайлык "Huawei" компаниясы менен түзгөн келишиминен чыкканы жөнүндө кабарды уккандан кийин маалымат технологиялары боюнча иштеп жаткан кесиптештерим менен ушул маселени кеп кылдык.

Биздин компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну сунуш кылсакпы деп жатабыз. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн биздин жергиликтүү компаниялардын чама-чаркы, мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү деп эсептейбиз.

«Азаттык»: Сиздер долбоорду толугу менен өз күчүңүздөр менен ишке ашырууну көздөп жатасыздарбы?

Эрмек Ниязов: Кандай десем, толугу менен эмес, бирок иштин кыйла бөлүгүн алсак болот. Кандай болгон күндө да бул ишти өкмөт башкарат, ошонун милдетине кирет. Мисалы, "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу айтсак, салынчу айыппулдар менен нормативдик-укуктук актылар – мунун баары өкмөт аткарчу иштер, биз анын милдетин ала албайбыз. Анткен менен биз долбоордун техникалык жагына жооп бере алабыз.

Дагы бир мисал: Бишкекте ондогон мобилдик операторлор менен альтернативалык сервис-провайдерлердин оптика-була торлору жайылган. «Кыргызтелеком» да кенен тармакка ээ, мунун баарын пайдаланса болот.

Менин NSP компаниямда болсо дата-борбор түзгөн, ал жерде болгон маалыматтын баарын сактоого мүмкүнчүлүк бар. Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыккан Кыргыз ассоциациясы программалык камсыздоосун сунуш кыла алат. Даяр чечимди алып, аны долбоорго киргизүүгө болот же аны кайра башынан сунуш кылып жасатса деле жарашат. Чечилип калган мындай программалар дүйнөдө толтура: кымбаты да бар, арзаны да бар, америкалык, орусиялык, кытайлык – каалаган түстө, каалаган ыңгайда, адамдын жүзүн, номурларды дагы башкаларын так көрсөтүп берчүлөрү толтура. Муну биз жасай алабыз деп эсептейбиз.

Бишкек шаары.

Экинчи жагынан өкмөт бул долбоорду кантип ишке ашыруунун жолдорун билиши жана бул иштин башында ким турарын аныктап алышы зарыл. “Коопсуз шаар” долбоорунун алгачкы варианттарын эстей турган болсок, анын баарына жалгыз ИИМ жооп берчү. Бул жолу министрликти четке чыгарып коюшту, өкмөт өзү баарын жасоого киришкени турат, азыр баарыбыз көрүп турабыз, иш туңгуюкка кептелип калды. Менин билишимче, демилгени шаар башчылыгы көтөргүсү келет, бирок аларга да долбоорду ыраа көрүшпөдү окшойт.

Маекти толугу менен ушул жерден уга аласыз:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эрмек Ниязов: “Акылдуу шаар” өзүбүздүн деле колдон келет

Ал арада мэрия, ошондой эле башка жергиликтүү компаниялар, маселен, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) айыппулдарын аныктоо боюнча долбоорду ишке ашырууга катыша алышат.

Бул жерде жарандык коом да айтчу сөзүн айтышы керек деп ойлойм. Канчадан бери айтып-дегенибиз менен, коопсуздук индекси жагынан биздин өлкө рейтингдин эң артында келатат. Ичиң ачышат да! Баарынан өкүнүчтүүсү - дүйнөдө технология качан эле иштелип чыккан, биз бул жерде кайсы бир космостук долбоорлор тууралуу кеп кылганыбыз жок да. Кеп жөнөкөй, көп кишилерге тааныш технология жөнүндө болуп жатат. Автоунаа номурлары менен адамдардын бетин таануу – абдан жөнөкөй нерсе.

«Азаттык»: Сиз айтып жаткан IT-компаниялар, бир аз мурда «Кыргызтелекомдун» мурдагы жетекчиси да ушул долбоордун үстүндө иштешкенин ырастаганы бар. Жергиликтүү бизнесмендер менен адистер бул долбоорду иликтеп чыгышканын айтпасак деле белгилүү. Долбоордун кымбаттыгы канчалык, аны ишке ашырыш үчүн кымбат технологияларды сатып келүү талап кылынбайбы?

Эрмек Ниязов: Долбоордун наркы канча экенин мен азыр бул жерде айта албайм. Беш манжаны жуумп жалпы сумманы азыр эле эсептеп чыгыш кыйын, бирок ал 60 миллион доллардан кыйла арзан болоорун азыр ачык эле айта алам. Анткени инфраструктура бар – операторлор сарптаган инвестициянын натыйжасында пайда болгон бош тармактар, зымдар көмүлгөн жолдор турат, ошондуктан бул тармактарды ижарага алуу гана керек. Дата-борбор иштеп жатат. Жыйынтыгында бул процессти башкаруу жана системалаштыруу гана калат. Менимче, дал ушул өкмөт үчүн кыйынчылык жаратып жатат – ал жердегилер долбоорду ким кантип ишке ашырарын түшүнө албай отурушат.

Сиз «Кыргызтелекомду» долбоорго кошуу аракети болгонун жөн жеринен айткан жоксуз. Бул да жакшы идея болчу. “Акылдуу өлкө” концепциясы иштелип чыккан, өкмөт долбоорду колдогон. Бирок компания жетекчилигинин тез-тез алмашуусунан долбоор, кыязы, арабөк калды окшойт.

«Азаттык»: Өкмөттүн мурдагы же азыркы жетекчилеринен кимдир-бирөө сизге кеп-кеңеш сурап кайрылдыбы? “Акылдуу шаар” долбоорунун кайсы бөлүгүн жергиликтүү компаниялар ишке ашыра алат?

Эрмек Ниязов: Башкалар тууралуу айта албайм. Мага бул боюнча эч ким кайрылган жок. Балким алар шаар боюнча жайылган оптика-була тармактарына ээ болуп отурган байланыш операторлоруна ижарага алуу боюнча кайрылышкандыр. Ошолорго кайрылышкан деп ойлойм. Эгер "Huawei" же башка бир компания долбоорду ишке ашырууга умтулса, кандай болгон күндө алардын системасы ушул компаниялардын инфраструктурасына жармашып гана иштей алат.

Бишкек шаары.

«Азаттык»: "Huawei" менен кызматташуу эмне үчүн майнапсыз аяктады деп ойлойсуз?

Эрмек Ниязов: Келишимдин текстин окуган эмесмин, ошондуктан ал тууралуу айта албайм. Бирок ачыкка чыгып кеткен айрым маалыматтардан жана жаңылыктардан улам, менин пикиримде, өкмөт менен "Huawei" экөө бирин-бири толук түшүнө албай калышты окшойт. Кыязы, өкмөт кытайлык компанияга өтө эле чоң үмүт артып, ал эми "Huawei" коммерциялык компаниясы, кыязы, бул ишке жеңилирээк мамиле кылып, өзүнүн кызматы менен товарын сатып өткөрүүгө кызыкчылыгы болду окшойт. Принцибинде аны бул аракети үчүн күнөөлөш кыйын, анткени ал коммерциялык компания, ал өзүнө пайда табууну көздөйт. Анын үстүнө алар келишимдин негизи боюнча, ишти аткаруунун мөөнөтү боюнча макулдашкан деле эмес болушу керек.

Баарыбыздын эсибизде - премьер-министр "январдын аягы" деп айткан эле, мына азыр март аяктап баратат, эмгиче видео байкоо жүргүзчү камералар жок. Мүмкүн алар долбоордун концепциясын, тапшырмаларын, мөөнөтүн так аныктабай калышкандыр. Анан да өкмөт "Huawei" компаниясынан жаңы пункттар менен мөөнөтүн күткөн болуш керек, тигилер аны беришкен жок, ошондон улам кыргыз тарап келишимден чыгып кетти.

«Азаттык»: Биздин компаниялардын, адистердин күчү менен долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөт менен кызматташтык кандай болушун каалайт элеңиз? Бул кызматташтык эмнеден башталышы керек?

Эрмек Ниязов: Биз азыр өкмөткө кайрылбайбыз. Биздин колубузда конкреттүү эмнелер бар экенин алгач ич ара тактап алышыбыз керек. Кийинки аптада мен компаниялардын жетекчилери менен жолугушууга аракет кылам. Биз жеке компаниялардын колунан эмне келээрин так билип, анан биз эмнени сунуш кылаарыбызды түшүнүп алышыбыз керек. Негизи биз көп эле нерсени сунуш кыла алабыз. Ага чейин ал компаниялардын макулдугун алышыбыз зарыл. Анткени айрымдар бул ишке катышкысы келет, башкалары таба турган пайдасын ойлойт, тармактарын кымбат баага ижарага бериши мүмкүн, дагы башкалары буга катышкысы деле келбеши мүмкүн.

Долбоорго катышууга кандайдыр макулдук алып, жеке компаниялардын ролун түшүнгөндөн кийин гана биз өкмөткө кандайдыр сунуштар менен бара алабыз. Азыр болсо өкмөткө жеке компаниялардын макулдугун албай, алардын мүмкүнчүлүгүн билбей туруп бир нерселерди сунуш кылганыбыз туура эмес болуп калат.

«Азаттык»: Долбоорго катышууга кызыккан жергиликтүү ишканалар жетиштүү деп ойлойсузбу?

Иллюстрациялык сүрөт.

Эрмек Ниязов: Ооба, жетиштүү эле болот го деп ойлойм. Кандай болгондо да бул бекер жасалчу иш эмес. Башкача айтканда, биз долбоордун баасын арзандатыш үчүн айрым бир жеңилдиктерди сунуш кылабыз. Бирок кандай болгондо да мунун баары акчага байланчу нерселер – адистер тартылат, инфраструктура пайдаланылат дегендей. Биз кандай иштерди аткара алаарыбызды аныктагандан кийин сунуштарыбызды өкмөткө беребиз. Эгер ал биз менен иштешүүнү чечсе - баары жакшы болот.

Анан биз өкмөт өзүнүн токтому менен жооптуу адамды дайындашын сурайбыз. Азырынча мен андай кишини көрө элекмин. Себеби бул процессти жөндөп кетчү лидердин жоктугу чоң проблема болот - долбоорду башкаруучу долбоорду жетектеп, процессти көзөмөлдөп, иштин сапатына, бюджетке, иштин жыйынтыгына жоопкер болушу зарыл, анан да тийиштүү укуктарга ээ болушу абзел.

Эгер биз “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу кеп кылсак, көбү салынчу айыппулдарга нааразы болушу ыктымал, кимдир-бирөөлөр ал чечимди сотко берип, калыстык издейт. Жеке компанияларга мындай шартта иштөө кыйын, ошондуктан эч ким андай ишти аткарууга кызыкпайт. Ошон үчүн бардык укуктарга ээ болгон жана жооптуу адам болушу керек, алар бул процесстерди жөндөп турушу зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.