Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси жана жакындары маркумдун денесине жасалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусундагы бир пунктка макул болгон жок. Тагыраагы алар кыздын көкүрөгүндөгү тилинген жаракат боюнча дарыгерлердин бүтүмү туура эмес болуп калган деп эсептешет. Ошол себептен улам алар кыздын сөөгүн казып алып, кайра текшерүүнү талап кылышууда.
Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев экспертизанын жыйынтыгына ишенбей турганын айтты:
- Кызымдын сөөгүн караган учурда көкүрөгүндө “М+Б” деп жазылганын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Ал тургай жазууну сүрөткө да тартып алганбыз. Бирок экспертизадагылар "ал жерде эч кандай жазуу жок" деп жыйынтык чыгарып коюшуптур. Аны жөн гана “жүрөгүн соктуруу үчүн урулган электрошокердин изи” деп жатышат. Мен сураштырсам, билгендер “анын изи кызарбайт, көк боюнча эле калат” деп жатышат. Анын үстүнө из оң тарабында болуп жатат, а медициналык аппарат менен урса, сол жагына жүрөк тушуна урушмак да, туурабы? Анткенде да кызым ошол милиция бөлүмүндө эле каза болуп калган экен. Анын өлүп калганын билсе, дарыгерлер эмне үчүн электрошокер басышты? Бул жерде түшүнүксүз нерселер көп. Ошондуктан кызымдын сөөгүн эксгумациялап, кайра экспертизадан өткөрүш керек. Бишкекте аныктай албаса, анда чет өлкөлүк адистер текшерип көрсүн.
Кожоналиевдин айтымында, кыздын көкүрөгүндө жазуу бар экени аныкталса, анда бул кылмыштын башка өңүттөрү да ачылат. Башкача айтканда “шектүү кызга бычак сайгандан кийин анын денесин тилип жибергиче милиция кызматкерлеринин кирип келбегени аныкталышы мүмкүн” дейт ал:
- Милиция кызматкерлери "окуя 40 секунданын ичинде” болгон деп айтып жатышат. "Эшикти бузуп, талкалап киргиче ал сайып жиберген" дегендей кылышып... 40 секунданын ичинде кантип мындай нерселер болуп кетет? Кылмышкер бычак сайгандан кийин анын денесине тиги жазууну бычак менен тилип жазган. Милиция кызматкерлери ошону бир канча убакыт карашкан эмес. Эгер экспертизадан кыздын денесиндеги тилик жазуу экени аныкталса, ошо жердеги милиция кызматкерлеринин да жоопкерчилигин кароого шарт түзүлмөк. Бул ошон үчүн маанилүү, - деди маркум кыздын атасы Турдаалы Кожоналиев.
Ички иштер министрлиги болсо эксгумация кылуу боюнча Бурулайдын ата-энеси оозеки гана кайрылганын, азырынча арыз келип түшө электигин кабарлоодо. Ошондуктан бул өтүнүч бир өңчөй чечиле элек.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева буларга токтолду:
- Экспертизанын корутундусунда кыздын көкүрөгүндө жазуу табылган эмес. Маркумдун көкүрөгүндөгү тактар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жүрөктү иштетүүчү аппаратты (дефибриллятор) үч-төрт жолу баскандан улам калганы көрсөтүлгөн. Бул жерден белгилей кетчү жагдай - экспертизанын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан чыгарылган жана ал ИИМге баш ийбейт. Бирок эгер ата-энеси кыздын сөөгүн эксгумация кылууну өтүнүп кайрылса, ал кайра эле атасынын уруксаты менен мыйзам чегинде жүргүзүлөт.
Экспертизаны жүргүзгөн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза борборунан кеп болуп жаткан маселе боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Маалым болгондой, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган деп шектелүүдө. Бул окуя коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүп, окуяны иликтеп чыгууну президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө тапшырган.
Кызматтык иликтөөдөн кийин Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев жана анын орун басарлары Марлис Асанов менен Канат Жумаев 4-июнда иштен алынган. Мындан тышкары Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Исмаилов да кызматынан бошотулган. ИИМ жалпысынан 23 адам жазаланганын, 13ү иштен бошотулганын кабарлаган. Алардын бешөө түздөн-түз ушул окуяга байланыштуу кызматтан кеткени да айтылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев болсо 20-июнда соттун чечими менен ооруканадан чыгарылып, эки айга камалган. Бирок маркум кыздын жакындары кол салган Бөдөшевди эле эмес, милиция кызматкерлерин да камакка алууну талап кылып жатышат. Бурулайдын агасы Болот Дыйканбаев мындай дейт:
- Ар бир адам өзүнүн шалаакылыгы үчүн иштен кетип эле кутулбашы керек. Бул жерде жөнөкөй кылмыш эмес, адам өлүмү катталып жатат. Уруп, сабап салса да ал айыкмак, кечирсе болмок. Бул жерде ошол жерде кезметте турган милиция кызматкери, тергөөчүсү, сакчысына чейин жоопко тартылышы керек. Анткени кылмышкерди автоинспекторлор алып келгенден кийин алар ага колуна кишен салып, колундагы буюмдарын алып киргизбей, бош кое берип салышкан. Анан ал карындашыбызга бычак сайып салган. Ушуну үчүн бул окуяга жол берген кызматкерлер керек болсо камакка алынышы керек. Бирок тилекке каршы убакыт өткөн сайын бул ишти унуткаруу аракети болуп жатат.
Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы алып барууда.
Ал эми кылмышка шектүүгө карата козголгон Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча ишти Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат. Эки орган тең учурда тергөөнүн купуялыгына шилтеп, андагы маалыматтар менен бөлүшкөн жок. Иликтөө иштери качан бүтөөрү да айтылбай турат.
Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков резонанстуу иштер тезирээк иликтенип бүткөрүлүшү керек деп эсептейт:
- Тергөөнүн жүрүшүндө эксгумация кылган бул кадимки эле амалдардын бири. Адилеттүүлүк үчүн, чындыкты такташ үчүн бул кээ бир учурда чындап керек болот. Бул жерде эгер маркумдун жакындары талап кылып жатса - милиция аны жасап, талаш суроого жооп алып, чекит коюшу керек. Негизинен бул кылмыш категориясын тергөө эки айдын ичинде бүтүшү керек. Анда бүтпөй калса тергөөчүдө дагы убакыт кошуу укугу да бар. Анын үстүнө башында кызматтык иликтөө жана башка реакциялар болуп жатып, ишти башынан тергөөгө мүмкүнчүлүк азыраак болуп калса керек. Бирок ага карабай бул иш коомчулукта өтө чоң резонанс жараткан окуя болгондуктан милиция ишти тергөөнү тезирээк бүткөрүп, сотко өткөрүп бериши керек. Анткени коомчулук "Бул кылмышка жооптуу киши адилеттүү жазасын алабы?" деп чыдамсыздык менен күтүп жатат.
Кыз ала качуудан чыккан бир ай мурдагы кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койгондой болду. Окуяга байланыштуу президент менен өкмөттүн жана тиешелүү министрликтердин удаа жыйындарынан сырткары укук коргоочулар жана жарандар баш калаада бир нече жолу митинг өткөрүүгө жетишти. 9-июндагы Бишкектеги акцияга экс-президент Роза Отунбаева да катышып, ала качуу токтобой жатканына эркектер да, аялдар да күнөөлүү экенин белгилеген. Ага карабай акыркы бир ай ичинде эле өлкөдө дагы бир нече ала качуу катталганы кабарланды.
Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча күнөөгө жыгылгандар жети жылга чейин абакка кесилет. Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүү 2013-жылы киргизилген.