Ооганстан: паранжанын "кайтып келиши"

Кабулдагы паркта жардам алуу үчүн кезек күтүп турган паранжачан аялдар. Бул сүрөт талибдер Кабулду басып алардан үч күн мурун тартылган. Бул аялдар "Талибан" кыймылы күчөй баштаганда Ооганстандын түндүгүнөн борбор калаа Кабулду көздөй качып келишкен. 

Паранжа кийген аял Баграмдагы АКШнын мурдагы аскердик базасынын жанынан өтүп бара жатат. 1-июль, 2021-жыл.

Паранжа же бурка аялдын тулку боюн жапкан кийим. Көздүн тушунда гана атайын торчо тигилген.

Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясындагы жергиликтүү мектептердин биринде отурган качкын аялдар жана балдар. Алар согуштук аракеттерден улам 7-августта үй-жайын таштап качып чыгышкан. 

Кабулдагы дүкөндөрдүн биринде сатылып жаткан паранжа. 30-июнь, 2021-жыл. 
Дүйнөлүк ЖМКлардын Ооганстандагы окуялдарды чагылдырган сүрөт, видео баяндарынан кыз-келиндер паранжага кайтып жатканын байкоого болот. 

Кандагардын көчөлөрүнүн биринде балдары менен турган аял. 4-август, 2021-жыл. Бул учурда Кандагардын четинде ооган аскерлери менен "Талибан" кыймылынын тиреши курчуп турган. 

Талибдер 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстанды башкарып турганда адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндердин укугу басмырланган. Көпчүлүк тургундар талибдердин бийликке келиши менен эски, катаал режим кайтып келет деп боолгошууда. 

Талибдер ээлеп алган Герат шаарынын 28 жаштагы тургуну Маджан "Эркин Европа Азаттык радиосуна" эки эжеси менен азыр эле көк паранжа сатып алганын билдирген. 

"Мурда биз жөн эле хиджаб кийчүбүз, бирок абал начарлап бараткандыктан биз паранжа сатып алганы келдик. Аялдар паранжа кийүүнү каалашпайт. Бирок кийүү керек, анткени бул азыр зарыл болуп калды".

Кабулдун көчөлөрүнүн биринде бара жаткан аял. 7-август, 2021-жыл.
2001-жылы Талибан бийликтен кулатылган. Бирок азыркы күнгө чейин айрым аялдар паранжа кийип жүрүшөт. Паранжанын баасы 2000 - 6500 авгани (25-80 доллар) турат. Акыркы жылдары паранжага суроо талап кыйла азайган эле. 

"Талибан" кыймылына каршы митингге чыккан ооган аялдары. Кабул шаары. 2-август, 2021-жыл.
Баш калаа Кабулда көпчүлүк кыз-келиндер жоолук салынып же кааласа башына эч нерсе салынбай эле көчөгө чыгышчу. Бирок "Талибан" кыймылы борбор шаарды басып алгандан кийин кыз-келиндер паранжа кийүүгө аргасыз болушууда. 

Кабулда такси күтүп турган аялдар. "Талибан" кыймылы Ооганстандын аймактарында чабуулду күчөткөндөн бери паранжага суроо талап күчөп, баасы кыйла кымбаттап кеткен.
 

Паранжа кийген аялдар. Кандагар. 4-август, 2021-жыл. 
Бурка же паранжанын түсү Ооганстандын аймагына жараша бөлүнөт. Кандагарда күрөң түстө, Кабулда ачык көк түстө, ал эми өлкөнүн түндүгүндө ак түстөгү паранжаларды кийишет. 

Ооган аскерлери менен "Талибандын" кагылышында үйүн таштап Гератка качкан үй-бүлө. 

Паранжачан уктап жаткан аял. "Талибан" менен ооган аскерлеринин кагылышуусунан улам бул аял үй-бүлөсү менен Кандагардан качып чыккан.