БШКга дооматты күчөткөн чуу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Кыргызстан» партиясына байланышкан акыркы окуя Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишине сын-дооматты күчөттү. Боршайкомдун партиянын документтерин кабыл алуу боюнча берген карама-каршы маалыматтары мекеменин ичиндеги уюштуруу иштери тууралуу маселени козгоду. Талдоочулар шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдын мүчөлөрү бийликтин жана саясий партиялардын кызыкчылыгын коргоо менен алектенип жатканын, БШКны реформалоо керектигин айтып жатышат.