Москва Олимпиадасы: Сатымкулдун коло байгеси

Москва Олимпиадасында 42 чакырым, 195 метр марафондук жарышта 43 өлкөнүн жеңил атлеттери күч сынашкан. (Сүрөттөр Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине таандык).

Ошол кездеги СССРдин командасына Европа чемпиону Леонид Мосеев, СССРдин чемпиону Владимир Котов, СССРдин биринчилигинин күмүш медалынын ээси Сатымкул Жуманазаров кирген. 

Сатымкул Жуманазаров 42 чакырым 195 метр аралыкты эки саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өтүп, мара сызыгына үчүнчү болуп келген. Анын командалаштары артта калган эле. 

Олимпиададан байге менен кайтып спортчуну аба майданынан күйөрмандары тосуп алып жаткан учуру. 

Жуманазаровдун телемаеги. 

Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 1968-жылдан бери машыгып, эл аралык мелдештерде мөрөй алган.

1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 чакырым аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадалык оюндарда 42 чакырым 195 метр аралыкты эки саат 11 минута 16 секунда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Сатымкул Жуманазаров - СССРдин тарыхында биринчи жолу марафон боюнча Олимпиаданын коло байгесин камсыз кылган спортчу. 

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган.

Жуманазаров 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1985-91-жылдары Бишкек шаарындагы «Колхозчу» жана «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомдорунда машыктыруучу болуп эмгектенип, жаш жөө күлүктөргө тажрыйбасын бөлүшкөн.

Сатымкул Жуманазаровго спорттогу жетишкендиктери үчүн СССРдин спорт чебери, СССрдин эл аралык даражадагы спорт чебери жана СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери наамдары ыйгарылган.

Спорттогу жетишкендиктери «Эл достугу», «Ардак белгиси» ордендери жана «Даңк» медалы менен бааланган.

Москва Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Сатымкул Жуманазаров 2007-жылы 56 жашында кырсыктан мерт болгон. 

1980-жылы 3-августта жеңил атлет Сатымкул Жуманазаров Москва шаарында өткөн (СССР) XXII Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон.