BRICS биримдигин текшерди

BRICS саммитинин катышуучулары: солдон оңго - Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх, орус президенти Дмитрий Медведев, Кытайдын лидери Ху Цзиньтао, Бразилиянын президенти Дилма Руссефф, Түштүк Африканын президенти Якоб Зума, 14-апрель, 2011

БРИКСтин лидерлери бүгүн Кытайдагы саммитте глобалдык финансы системасында, БУУнун Коопсуздук кеңешинде өзгөрүүлөр болушу зарылдыгын белгилешти.
Алар Ливиядагы абалга куралдуу кийлигишүүгө да каршы экендиктерин айтышты.

Дүйнөдөгү өнүгүп келаткан төрт ири экономикага – Кытай, Индия, Бразилия, жана Орусияга – жакында Түштүк Африка кошулуп, мурдагы BRIC азыр эми BRICS болуп аталып калды.

Өнүгүү жолу саясий-экономикалык ар башка нукта жүргөн бул мамлекеттердин лидерлери кантсе да өздөрүн жамы бир күч катары көрсөтүүгө аракет жасашууда.

Кытайдын лидери Ху Цзиньтао дүйнөдөгү азыркы кырдаал БРИКСтин мүчөлөрүнөн “биргелешкен диалогду, кызматташтыкты” талап кылат деди.

“Тынчтыктын, өнүгүүнүн жана кызматташтыктын маанилүү учуру улам курчуп турган кез. Дүйнө өтө татаал, терең трансформацияны баштан кечирүүдө, - деди кытайлык лидер. - Тынч, бакубат жашоону, жалпы дүйнөдөгү өнүгүүнү сактап калыш үчүн эл аралык байланышты, кызматташтыкты күчөтүш керек. Глобалдык экономиканы башкарууну жакшыртууда өнүгүп келаткан жаңы рынокторго, өнүгүп жаткан мамлекеттерге да добуш берүү укугун кеңейтиш ваажып”.

Укук каалагандар

Биргелешкен билдирүүсүндө бул өлкөлөр глобалдык экономикада стабилдүүлүктү камсыздаш үчүн кеңиртилген эл аралык резервдик валюта системасын сунушташты.

BRICSтин лидерлери глобалдык маселелерди чечүүдө жаңы өнүгүп бараткан ири экономикаларга да укукту кеңештиш үчүн Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде да өзгөрүүлөр болушун жакташты.

Азырынча аталган кеңеште вето укугуна БРИКСтеги эки гана мамлекет ээ. Булар – Орусия менен Кытай. Калган үч өлкө ушул тапта Кеңештин убактылуу мүчөлүгүнө кезектешип алынышууда, бирок туруктуу мүчөлүктү каалашат.

БРИКСтеги өлкөлөрдүн ичинен Түштүк Африка гана Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливия боюнча кабыл алган резолюцияны колдогон. Ага ылайык, Ливиянын аба мейкиндиги “учканга мүмкүн эмес зона” деп жарыяланып, ливиялыктарды лидер Муаммар Каддафинин режиминен коргош үчүн “бүт чаралар колдонулат” деп айтылган эле. Ошондон кийин Ливияга эл аралык аскер күчтөрү абадан сокку ура башташты.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Хайнандагы саммитте билдиргендей, бул беш эңгезер өлкө Ливияда күч колдонуудан ыраак болуу зарыл экенин белгилешти.

“Биздин биргелешкен позициябыздын мааниси – проблема күч менен эмес, саясий-дипломатиялык жол менен чечилиши зарылдыгында”, - деди Д.Медведев.

Стабилдүүлүктү сактоо

2008-жылдан берки глобалдык экономикалык кризистен эми гана баш көтөрүп, оңоло баштаган экономика саясий башаламандыктардын айынан дале туруктуу өнүгө албай жатканын Кытайдын президенти Ху Цзиньтао билдирди.

“Айрым Батыш Азия жана Түндүк Африка өлкөлөрүндө саясий башаламандык, керек болсо, согуш да жүрүп жатат. Бул регионалдык стабилдүүлүккө коркунуч туудурууда, - дейт Х.Цзиньтао. - Мунун баары биз дүйнөдө жалпы тынчтыкка, жыргал жашоого жетишкенге чейин дагы далай кыйынчылыктар турганынан кабар берет”.

Саммитте бүт мамлекеттер Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө алынышын колдошту. Орусия бул уюмга 18 жылдан бери кире албай келет. Расмий Москва дүйнөдө бир да мамлекет мынчалык узакка мүчөлүк үчүн күрөшпөгөнүн, маселе өтө эле саясатташып кеткенин билдирүүдө.